Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КОЙ ЭТИНЕН ТҮРДҮҮ ДААМДАР

№741 13-январь-19-январь, 2017-ж

Малдын этин үнөмдүү пайдаланып, андан түрдүү тамактарды даярдоонун жолдору көп. 9 жылдан бери касапчы болуп иштеп келген Керим Ашырмамбетов койдун же бодо малдын эти негизги бөлүктөргө гана бөлүнөрүн белгилейт. "Ал эми кардарлар этти кандай тамактарга колдонорун өздөрү билишет. Керектөөчүлөрдүн көпчүлүгү кафе, ресторандарга алып кетишсе, айрымдары жарым фабрикаттарды – фарш, колбаса, шницель (майга чала куурулган жука эт, тоңдурулуп сатылат), филе, транш (майы жок сулп эттер) даярдоого алышат",- дейт.

КОЙДУН ЭТИН КАСАПКАНАДА БӨЛҮШТҮРҮҮ:



ПАЙДАЛУУ ЖАКТАРЫ:

+
Койдун эти – кальций, магний, натрий, калий, фосфор, хлор, темир, йод, марганец, хром, фтор, кобальт, никель өңдүү микроэлементтерге бай.

+ Дайыма эт менен азыктанган адам аз кандуулуктан алыс жүрөт. Ошондой эле цинктин булагы болгондуктан, адамдын иммунитетин коргойт.

+ Элдик медицинада суук тийгенде (грипп, ангина жана башка) ооруларды айыктырууда колдонулат. Ал үчүн бир аш кашык койдун майы жана балды ысык сүткө аралаштырып, муздатпай ичүү керек.

Эскертүү! Койдун этинен даярдалган шорпо –кычкылдуулугу жогору жана ашказан жарасы менен жабыркагандарга сунушталбайт.

КОЙ ЭТИНЕН ӨЗГӨЧӨ ШОРПО



Керектелүүчү азыктар:

Суу – 2 литр
Кабырга (койдуку) – 300 грамм
Картошка – 7 даана
Сабиз – 5 даана
Пияз – 2 даана
Болгар калемпири – 1 даана
Томат пастасы – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Жумуртка – 7 даана
Черри помидору – 4 даана
Ашкөктөр – 1 чай кашык
Туз жана татымалдар – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Кабыргаларды ажыратып, казанга бата тургандай кылып чаап алабыз. Үстүнө өсүмдүк майын, томат пастасын салуу керек.
2. Тууралган пиязды, туз жана татымалдарды кошобуз.
3. Эми сууну куюп, күчтүү отко коюп кайнатабыз. Кайнап чыккандан кийин отту жайлатуу керек.
4. 40-50 мүнөт кайнагандан кийин аарчылган жашылчаларды бүтүн боюнча салабыз. 15-20 мүнөт кайнатуу жетиштүү. Жашылчалар эзилбей, формасын сакташы керек.
5. Ал эми жумуртканы өзүнчө сууга бышырып, аарчып, тоголок боюнча шорпого салып, ашкөктөр менен кооздоп коёсуз. Табитиңизге жараша ачуу кылып жасасаңыз да болот.

ЭЛЕКТР МЕШИНДЕ БЫШКАН ЖИЛИК



Керектелүүчү азыктар:

Кашка же жото жилик
– 1-1,5 килограмм
Картошка – 5 даана
Пияз жана сабиз – 1 даанадан
Помидор – 3 даана
Өсүмдүк майы – 50 грамм
Туз жана татымалдар – татымына жараша
Суу – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач этти жылуу суу менен жууп алуу керек (эттин майына жабышкан кирлер жылуу суу менен жууганда гана чыгат). Андан кийин тузду жана татымалдарды себебиз.
2. Жашылчаларды аарчып, тазалап, чоң-чоң кылып туурайбыз.
3. Эми электр мешинин табасына этти жана жашылчаларды салабыз да, өсүмдүк майын жана сууну куябыз.
4. Үстүн фольга кагазы менен жаап, 200 градус температурада бир жарым саат бышырабыз. Андан соң фольга кагазын алып, дагы 5 мүнөт электр мешине салып, бетин кызартып алабыз.

Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(10)
18.01.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы кенеш экен. Рахмат кенешинизге. Уйдун этинен жасалган даамдар тууралуу да жазасыздарбы.
18.01.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ииии ушул элеби муну ар бир эле ашканадагы аялдар билет болуш керек. Кандай озгочо даамдар болду экен деп кире калса
20.01.2017. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Рахмат сиздерге эн керектуу рецептер экен Кудай Буйурса эринбей жасап коробуз
20.01.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун экен рахмат супер!!!
20.01.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз болгондон кийин койдун этинен кандай тамак кылынаарын 5 колдой билиш керек.
20.01.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койдун этине сууга бышкан жумуртка кошулганда ото эле кучтуу болуп кетпейби? Деген суроо жаралат да
22.01.2017. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даамдуу болуш керек.
23.01.2017. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шорпого тукум кошулушун биринчи жолу угушум
24.01.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жумуртка кошкону жакпады.Дагы да болсо кооп кенештерди кутобуз.Рахмат Супер инфо.
13.04.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң сонун кеңеш рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо