Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨЗБЕКСТАНДЫ ОЙЛОНТКОН ОРТО-ТОКОЙ СУУ САКТАГЫЧЫ

№741 13-январь-19-январь, 2017-ж

Эсиңиздерде болсо, өткөн жылдын 18-мартында Аксы районундагы өзбек-кыргыз чек арасындагы Чаласарт тилкесине өзбек аскерлери БТР менен келип, блок-пост орнотуп, кыргыз жарандарынын паспортторун текшере башташкан. Эки өлкө ортосунда абал чыңалып, кыжырданган карапайым элдин арасында күтүүсүз жаңжал чыгып кетиши толук мүмкүн эле. Өзбек чек арачылары 26-мартта аймактан чыгып кетишкен. 22-августта да ошол эле Аксы районундагы Үңкүр-Тоого тик учак менен Өзбекстандын күч органдарынын кызматкерлери келип, Кыргыз өлкөсүнүн телемунарасынын ишин көзөмөлдөгөн кызматкерлерин кармап кетишкен. 18-сентябрда гана сүйлөшүүлөрдөн кийин аларды коё беришкен болчу. Коңшулардын кайра-кайра сес көрсөтүп жатканынын негизги себеби – Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычында.

ОРТО-ТОКОЙ СУУ САКТАГЫЧЫ ТУУРАЛУУ

Курулушу:
1941-жылы башталып, согуштан кийин бүткөн.
Максаты: Өзбек ССРинин жана Ала-Бука районунун ылдыйкы өрөөндө жайгашкан айылдарындагы эгин талааларын сугаруу.
Кеткен каражат: 71,1 миллион рубль (Өзбек ССРи каржылаган).
1992-жылы эки өлкө президенттери суу сактагычты Кыргыз мамлекетине өткөрүү боюнча документке кол коюшкан. Ошол келишимди аткаруу иштери уланууда.

"ЧЕК АРАЧЫЛАРБЫЗ ДЕШЕТ, ЧЫНЫНДА АЛАР СПЕЦНАЗДАР"

Орто-Токой суу сактагычына барган учурубузда унаа менен аймакты текшерип жүргөн милиция кызматкерлерине туш келдик. Аймакты ИИМдин "Шумкар" атайын дайындалган полкунун кызматкерлери кайтарууга алышат. Алар биздин документтерибизди да текшерип, андан соң гана өздөрү жашап жаткан жерине алып барышты. Бул милиция кызматкерлери Өзбекстандын аскерлери 18-мартта Үңкүр-Тоого киргизилгенде суу сактагычты кайтарууга коюлган. Ошондон бери чатырларда жашап, тапшырмаларын аткарып жатышыптыр. Суу сактагычтын учурдагы абалы жөнүндө "Шумкардын" ошол жерди кайтарган бөлүмүнүн башчысы Пайзибай Исраилов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бизге Орто-Токой суу сактагычы катары белгилүү болсо, өзбек тарап бул аймакты "Касан-Сай суу сактагычы" деп аташат. Союз учурунда ижарага алышкан экен, бирок келишим бүткөн соң да аймактан чыкпай жатышат. Мурда бул аймакка убактылуу жашап туруу үчүн бир нече үй-бүлөнү жайгаштырышкан. Бүгүнкү күнгө келип ошол жашап жаткан адамдар өзбекстандык деп эсептелинип, алардын "бул аймак биздики болгон" деп талашуусуна негизги себеп болуп берүүдө. Учурда суу сактагыч жана анын түндүк-чыгыш тарабындагы өзбек өлкөсүнүн 37 жараны жашап жаткан аймак толугу менен коңшу өлкөнүн көзөмөлүндө. Плотинаны кайтарган аскерлеринин саны так эмес. Ал эми аймактын жашоочуларын кайтарып жаткан 28 чек арачысы бар. Бирок алар жөнөкөй чек арачылар эмес, спецназдар. Мындай маанилүү аймакка атайын даярдыктагы кызматкерлерин коюшкан. Бизге болсо өздөрүн чек арачыларбыз деп тааныштырышат. Өзбекстандын тургундары жана чек арачылар турган аймакты биз курчап турабыз. Белгиленген чектен чыкса биздин көзөмөлгө туш келишет. Турмушка керектүү нерселерди Өзбекстандан алып келишет. Биз ар бир кирген, чыкканын текшерип турабыз. Эгер ооруп калышса "Тез жардам" унаабыз менен чек арага жеткирип коёбуз.
Мурда суу чогулганда айылга чейин жетип келчү экен. Учурда андай суу жок. Мурункудай эле көлөмдө суу агып келет, бирок токтобостон Өзбекстанга агып өтүп жатат. Плотина азырынча алардын кайтаруусунда. Кээде өзүм абалды билүү үчүн куралсыз плотинага бара алам. Айрым так эмес маалыматтарга караганда, агып өтүп жаткан сууну Наманган облусуна чогултуп, бир нече көлмө пайда кылышыптыр.

"МУРУНКУ АЙЫЛ СУУ АСТЫНДА КАЛЫП КАЛГАН"

Жергиликтүү жашоочу катары суу сактагычка байланыштуу окуяларга активдүү катышып жүргөн Орто-Токой айылынын тургуну Эрмамат Темиралиев бизге кошумча маалыматтарды айтып берди:
– Мурда чек катары орнотулган казыктарды Өзбекстандын чек арачылары жылдырып, суу сактагычка кошуп дагы 100 метрдей жерди ээлеп алышкан. Ал жер учурда алардын айылы деп эсептелинип жатат. Союз маалында атам ошол жерде иштеген экен, азыр 90го чыгып калды. Казыктарды кайсы жерден жылдырып коюшканын так билет. Жетекчилерден келишсе тактаганга жардам бермекпиз. Биздин маалымат боюнча, 1980-жылы келишимдин негизинде суу сактагыч бизге өтүшү керек эле, бирок 36 жылдан бери чече албай жатабыз. Мурда суу сактагычтын ордунда Орто-Токой айылы бар болчу. Айылдын мурунку аймагы суу астында калып, эл андан бир аз жогору отурукташкан.
Чек ара маселеси чыкканга чейин биздин айыл тарапка өзбек чек арачылары келсе жакалашып, жаңжал чыгарчубуз. Азыр эми биздин да милиция кызматкерлерибиз келгендиктен, абал тынч. Өзбекстанга өтүп жаткан дарыяга жакын жердеги Орток-Бел деген тилкеге суу чыгаралы десек, Өзбекстан тоскоолдук кылып жатат.

"КУРАЛ КӨТӨРГӨНДӨР КООПТОНДУРАТ"

Аймакка жакын жайгашкан Орто-Токой айылын аралап, тургундардын ойлорун уктук. Чырлуу аймакка эң жакын жашаган элдин турмушу тууралуу 61 жаштагы Уулкан Наралиева төмөнкүлөргө токтолду:
– 43 жылдан бери ушул жерде жашайм. Суу сактагычта эле көйгөй болбосо, жашоочулар арасында көп маселе жарала бербейт. Бирок курал көтөрүп жүргөн адамдар баары бир кооптондурат. Ушул жерлер тезирээк чечилсе бизге да жакшы болмок. Чочулабай жашамакпыз. Өзбекстан качан жерибизди алып коёт экен деп үйлөрүбүздү да көп жасай бербейбиз. Биздин жетекчилер келгенде "силер бул жерден көчпөй жашап тургула, биз аймакты сөзсүз кайтарабыз" деп айтышат. Ошолордун сөзүнө макул болуп жашап жатабыз. Биздин аскерлердин мамилеси жакшы, кээде үй иштерине да жардам берип турушат. Телефондорун биздикине алып келип, кубаттандырып кетишет.

"СУУ САКТАГЫЧ ЧЕК АРАДАН 13 ЧАКЫРЫМ ИЧКЕРИ ЖАЙГАШКАН"

Суу сактагычты барып көрүп келген соң абал боюнча район башкармалыгынан да маалымат алдык. Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев төмөнкүлөрдү билдирди:
– Көп учурда Орто-Токой суу сактагычын өзбек-кыргыз чек арасында жайгашкан деп айтып жатышат. Бул туура эмес. Тескерисинче, мамлекеттик чек арадан 13 чакырым ичкериде, так айтканда, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жайгашкан. Жалпысы суу сактагыч 850 гектар аймакты ээлейт. Ал 165 миллион куб сууга ылайыкташтырылып курулган, бирок эң көп толгондо 190 миллион кубга чейин жетет. Суу сактагычты кайтарып жаткандар менен байланышып, ал-абалын сурап, колдон келген жардамды берип турабыз. Ал эми өзбекстандык чек арачылардын чыгып кетүүсү боюнча бир нерсе айтыш кыйын. Себеби бул маселелер эки өлкөнүн өкмөттөрү аркылуу гана чечилет.

Плотинаны өзбек тарап кайтарат.


Биздин милиция кызматкерлери күндүзү ушундай чатырларда жашашат.


37 өзбек жараны жашаган аймактын кире бериши.


Атайын полктун кызматкерлери.


Бектур Токтоноев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(31)
18.01.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын жери ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-01-18 12:53:39
18.01.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kadamjai90, провокация жаратчу билдирүүлөргө тыюу салынган.
18.01.2017. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kadamjai90,кадамжайдин кай жериненсин???
18.01.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал жерде эч кандай кызматкерлер эмес кадимки эле карапайым калк жашап келет.
18.01.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
айтайын десен соз коп бирок "емнеге" деген суроого жооп таппайбыз.
убактылуу деп журуп бар жерибизди алдыратурган болдук.
ушунун бут баары мамлекеттин жана куралдуу кучторубуздун алсыздыгынан.
19.01.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башкы себеби гүлдөп өнүккөн коррупция. Коррупциянын аталары Кыргызстанды башкарып жаткан үчүн ушунун баары келип чыгып жатат
12.02.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ппц мен даярмын мекен учун окуп алып жиним келтат
18.01.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айтайын десен соз кооп админ карап турат дааа
18.01.2017. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орто токой суу сактагычы Балыкчы шаарында да бар го..ошол го депмин..
18.01.2017. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Байкуш кыргызым эр журокбузда креслодо отурган ХХХ ушу чек арачыларга нормалный шарт тузуп беришпейби пайдасы жок буларды ак уйду ХХХ ХХХ ошондо гана жок болот болбосо жуп ичип ХХХ ХХХ отурушат дегеле кыргыз армиясы кучу жок болуп баратат армияга конул бурушпай койду мировой рейтинге 78 орунда елек 2015 2016 жылдары а 2017 жылы 110 орунда турабыз бу недеген а узбекстан жана башка кошуна олколор бий кыйла алдыга жылышыптыр узбекстан 54 орунда келсе азыр 48 орунд
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-01-19 10:03:07
19.01.2017. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Manas230595, провокациялык билдирүүлөргө тыюу салынган. Этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
18.01.2017. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ех кыргыз елим качанга дери ушинтип кыйынчылыкта журот екенбиз озбекстан еле жыргап жашат дейсинерби алар ичиндегини сырка чыгарышпайт бизге окшоп алар деле россиялап бизден 3 еселеп журушот иштешип оор жумуштарда аларлын мамлекети бар и иштеп атышат биздикилер жешти гана билишет акчасы бар саваты жок билими жок адамдар еле креслого отуруп алышкан карупсия деген бале бизде орчугон аны ечким карашпайт наборот чондор оздору карупся менен журушот даже органдагылар чесна иштешпейт
18.01.2017. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жегенинерди актаса болор как бута акчасы коп болсо олбой кала тургансып байыган сайын байышат арам акча табышат баарыбыз оллобуз оло турган жанбыз
19.01.2017. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буну анавылар чечсе жакшы болмок. Кичирейип эле баратабыз го! Кыргызстанды коргойлу
19.01.2017. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
урматту Алмазбек Атамбаев ушул чегара маселесин озбекстан президенти менен туздон туз отуруп суйлошуп чечип койсонуз жакшы болмок тарыхта калмаксыз
19.01.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар жоош деп ХХХ ХХХ. А биздин шептер унчукпай олтура берет. Мындай кетиш болбойт тартипти кучотуш керек
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-01-19 10:04:58
19.01.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
argen.96osh, улут аралык тушүнбөстүктү жаратчу билдирүүлөргө тыюу салынган.
19.01.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
мен, (б) президент болсом , проблемалардын баарын чечип коёмун,мен учун проблема не проблема
20.01.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин бийликтегилерибиз ушунчалык алсызбы я?
21.01.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кана колумдан келсе өз жеримди кайтарып алмакмын. Бийликте колунан келип бирок былжырап олтургандар Аллаh жазааңарды берсин.
21.01.2017. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ уллут аралык тушунблстук деп эле чыга калат экенсинерда жаны чыкандар жазатта жини келип кыргызстанда жашап кыргызстан учун куйуш керек да кыргызстан учун куйбогон башка уллуттаарды ХХХ ХХХ керек бизди болуп жаргандарда ошолор
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-01-23 10:06:35
23.01.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Khabib, провокация жаратчу билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз, эрежелерге бир көз жүгүртүп келиңиз. http://www.super.kg/erejeler
21.01.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл башына келгендер! Бийликке келгенде патриоттуулук сезим болобу силерде?! Эл алдында силерден мыкты адам жок... Иш жүзүндө тилиңерди балта кескендей - чечкинсиздер. Ата - бабабыз байырлаган жерди ар кимге алдырып коюп отурасынар! Минтип отура берсеңер силерге ким ишенет? Келечек кайда барат?! Баткенде мурда 3 анклав эле азыр 5 анклав болуптур. Бир күнү Баткенди биздики деп тороп алышат. анда да четте карап тура бересиңерби?! "негизи биздики болчу" деп
22.01.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Плотинаны озбектер кайтарса анда эмнеге коруп кереги бар?
22.01.2017. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Картадан карасам озбекстандын границасы жылып келе жаткандайго карасуунун жарымы озбекстанга карайбы не ананда сузактагы серный озбекстандын ичинде корсотуп жататго
22.01.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин кызматкерлерибиз чатырларда жашашат экенда эээ ушул окмот ошол жерге пост, застава салып берсе жакшы болот эле озбектер оздоруно тын келишет аа биздин чондор оздорунун курсагынан башка эч нерсени билишбейт акмактар десе уят уят эле. Эгерде согуш болуп кетсе ошол чондор биринчи болуп аркасын карабай качышат кок мээлер.
22.01.2017. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элим жерим деген чондор барбы бизде? Бир кун силердида Аллаа жазалайтго бирок кеч болот. Бизди ошол аскерлерибиз бар учун тынчтык бар, ошол жерге барып чек арада коргоп коргулочу 1 саатда туралбасанар керек жегичтер десе.
23.01.2017. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын жерин кантип алалбайсынар ХХХ ХХХ каражантакты да алдырдынар шахимарданды да алдырдынар карупсиянерлер озунор тойсонор болду
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-01-23 10:08:09
23.01.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fahridin, этика нормаларын сактаңыз, провокация жаратуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-01-23 10:08:23
23.01.2017. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагын тыюуу салынган антип жазганга болбойт десенер керек чындык менен болгула туугандар,
24.01.2017. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбекстанды ойлонтуп атса, Кыргстанды ким ойлонтуп атат экен? Ушунча да байкуш бечера кайдыгер болобузбу? Эгер ошо жерди тескеринче Озбектерден биз алып иштеткенде алар секунд да ойлонтура койбой тепкилеп айдап чыкмак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо