№741 13-январь-19-январь, 2017-ж
Балаңыз 2-3 жашка чыкканда жашооңузда жаңы этап башталат. Тагыраак айтканда, суроолор мезгили орун алат. Бул курактагы балдар ар тараптан суроолорду жаадырат. Суроолорго жөндүү жооп беришиңиз керек. Эгер жоопторуңуз маанисиз боло турган болсо, анда ал сиздин орчундуу катаңызга айланат. Андыктан өзүңүздү психологиялык жактан даярдап, чыдамкай болууга аракеттениңиз. Дагы кандай кеңештер сунушталат, ЮНИСЕФтин колдонмосуна көз жүгүртөлү.
2 ЖАШТАГЫ БАЛА
ФИЗИОЛОГИЯСЫ
ПСИХОЛОГИЯСЫЭки жашында бала «кайда? кайдан? эмнеге?» сыяктуу суроолорду берип, ойлоосу өрчүйт, интеллекти артат.
250-300дөн ашык сөз билип, адамдар менен маектешкиси келет. Өзүнүн оюнчуктары менен да баарлашат. Бул учурда бала менен сүйлөшүү сиздин негизги жумушуңузга айланышы керек. Маектешүү гана аны көп нерсеге үйрөтөт.
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана үй жаныбарларынын кыймылдарын туурашат.
Жаңы нерселерди билүүгө, жасоого кызыгат. Мен жасайм деген сезими күчтүү болуп, сиз жасап жаткан нерселерге сөзсүз аралашат. Мисалы, камыр жуурусаңыз, кир жуусаңыз жаныңызга барып "мен да жасайм" деп чыр салат. Мындай учурда уруксат берип, көзөмөлүңүзгө алыңыз.
3 ЖАШТАГЫ БАЛА
ФИЗИОЛОГИЯСЫ
ПСИХОЛОГИЯСЫ
Башка балдарга кызыгуусу артат. Андыктан алар менен ойноого уруксат бериңиз. Бул куракта бала бакчага берүү мыкты чечим. Бирок берерден мурун балаңыз башкалар менен тил табышып кете алабы, чоочун жер баланы чочуркатпайбы, ушул суроолорго жооп алгандай анализ жасаңыз. Балаңыз өзү теңдүүлөр менен баарлашып, кичинекей жамаатка көнө баштаса, анда бул кубанычтуу көрүнүш. Айрым балдар апасынан алыстаганда стресске кабылышы мүмкүн. Биринчи психологиялык стресс балага өмүр бою таасирин бериши ыктымал. Андыктан бала бакчага баланы акырындык менен көндүрүү керек.
ОЮНЧУК ТАНДАЙБЫЗ
Баланы ар тараптуу өнүктүрүүчү оюнчуктар болот. Алар баланын аң-сезимин, кыймылын, ойлонуусун өстүрөт. Баланын 1 жаштан 3 жашка чейинки куракта кабылдоосу тез болот, андыктан пайдалуу, керектүү оюнчук үчүн каражат аябаңыз.
Пирамидалар. Баланы сабырдуулукка, бир нерсеге маани берүүгө үйрөтөт. Пирамидалардын өңү түстүү болгону үчүн бала өңдөрдү айырмалаганды үйрөнөт.
Топ. Баланын кыймылын тездетүүгө, ийилчээк, шамдагай болууга үйрөтөт.
Куурчак. Баланын сезимин ойготуучу оюнчук. Бала куурчак менен ойноп жатканда аны бооруна кысып, эркелетип, сиз кылган мамилени куурчагына жасайт. Куурчактын жардамы менен ички сезимдерин билдирүүгө, жакшы көрүүгө, жаман көрүүгө үйрөнөт.
Коляска, бешик. Куурчагын салып, аны терметип, кыздар кадимки апанын ролун мыкты ойноп, кам көрүү тууралуу алгачкы аракетин билдиришет.
Машина. Бала образдуу ойноп машинаныкындай үндөрдү чыгарып, эмоциясын билдирет.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Тили эрте чыкты окшойт.
"Апа тамак жеп буттум".сени атама айтам,атам чени олтуйот,куйсагым ачты,гайочокко чием(горшок)мага момо апкечи(мандарин банан чупачупс ж.б баарын момо дейт)деп айтып калды.
Ии теманы окуп ,баламын кылыктарын жазгым келип кетти.