№741 13-январь-19-январь, 2017-ж
11-январь күнү рэп ырчысы Добр 29 жашка толду. Добр үчүн бул күн өмүр бою эсинде калган, кийин сүрөттөрдү карап неберелерине баяндап айтып бере турган сонун күн болду. Анткени ал туулган күнүн өткөрүү менен биргеликте тун уулу Азиретке Бишкектеги ресторандардын биринде жентек той берди. Бул жакшылыгына кошул-ташыл болуп темир тулпар да алыптыр. Тойго Добр менен келинчеги Жибектин жакшы санаалаштары, достору, кыскасы, жалаң жаштар келишти. Ал эми куда-сөөк, туугандарды рэпердин ата-энеси жыл жаңырар алдында чакырып, бата алышкан экен.
Сүйүн Кулматова
Алишер Алиев
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Уулун акыл эстуу омурлуу болсун!