"БАКЫТ ҮЧҮН КҮРӨШҮҮГӨ ДАЯРМЫН..."

№742 20-январь-26-январь, 2017-ж

Жакында социалдык тармактагы келиндердин арыз-муңу жазылчу баракчадан бир келиндин окуясын окуп калдым. Ал жакка өзүмдүн окуямды жазайын деп кирген элем, бирок мен тууралуу эбак жазылып бүткөнүн көрдүм. Тагыраак айтсам, Алмагүл аттуу айым "жолдошумдун мурунку аялы тынчтык бербей жатат. Бир жолу досубуздун туулган күнүнө барсак ошол жакка жетип барыптыр. Түндө чалат, СМС жазат. Эмне кыларымды билбей жатам" деп ичиндеги бугу менен бөлүшүп, кеңеш сураптыр. Алардын үй-бүлөлүк бактысына балта чапканга аракет кылып жаткан жылан мен болом. Алмагүл арманын интернетке жазып, жанындагы жолдошунун ийинине башын коюп жеңилдеп алат экен. А менчи? Кайсы жарга барып урунарымды билбей жүргөнүмдү ким түшүнөт? 4 жыл мурун турмушка чыгып жатканымда турмушум ушундай нукка бурулуп, мен башкалардын көзүнө жыландай болуп көрүнүп каларым түшүмө да кирген эмес.
Бактылуу болчубуз, эркелешип ээрчишип эле жүрдүк. Бакыт аябай камкор, мээримдүү күйөө болуп чыкты. Азыр анын мага төккөн мээримин, камкордугун жаңы алган жубайына көрсөтүп жатканын элестетсем өзүмдү-өзүм өлтүргүм келет. Колумдан эч нерсе келбеген алсыз пенде экенимди түшүнгөнүмдө таңым атпай калса экен деп тиленем. А бирок боору таш күн чыга берет, таңым атып жашоом уланып келет.
Бардык балээ жолдошум бизнес ачам деп насыяга акча алгандан башталды. "Базарга чыгабыз" деп туруп алды. Акыры чоң суммадагы акча менен "Дордой" базарынын бир бурчунан контейнер алып иштете баштадык, соодабыз жүрүшпөйт, биз турган жай базардын четинде болгондуктан адам деле басып келчү эмес. Акыры банкрот болдук, насыябызды болсо төлөп бүтө элекпиз. Анан элди ээрчип Орусияга сапар тарттык. Ал жактан мен бир дарыкананын полун жууп, жолдошум дүкөндүн күзөт кызматында иштеп жүрдү. Ишибиз акырындап бир нукка түшүп бара жаткан. Бир күнү кайнатам чалып:
– Уулум, тез келип кал, апаң катуу ооруп жатат,- деди.
– Айдайчы?
– Ал убара болбосун, иштей берсин.
Узатып жатып аэропортто экөөбүз кучакташып көпкө турдук, араң коштоштук. Жолдошум апасынын оорусуна байланыштуу 6 ай үйүндө жүрүп калды, мен акча салып жаттым. Экөөбүз күн алыс телефон аркылуу кабарлашып турчубуз. Кызык, аял кишинин жүрөгү сезгич болот дешет го, менин жүрөгүм эч нерсени сезген да жок. Жарым жыл дегенде Кыргызстанды, жолдошумду сагынып чыдабай калдым. Ойлонбой туруп мекениме кайтып келе бердим. Үйгө келсем кайненем сопсоо жүрөт. Мени кубанып тосуп алды, дасторконун жайып, ал-акыбалымды сурап ушунчалык жүрөгүмдү жылытты. Жолдошум болсо достору менен бир жакка кеткенин айтты.
– Үйүңдү дагы сагынсаң керек, каралдым. Төркүнүңө барып каалаганча эс алып кел, Бакыт артыңдан барат,- деп ой-боюма койбой апамдыкына жиберди. Төркүнүмдө 2 жума болдум, Бакыт келген да, чалган да жок. Оюма эмнелер гана келбеди. Бирок анда деле күйөөм мени алдап жүрүшү мүмкүн экенин ойлобоптурмун. Өзүмдү коёрго жер таппай баштаганымда апам "кызым, үйүңө бар, жолдошуңдун колу бошобой жатса керек" деп узатты. Бирок мени кайын журтум күтпөгөн окшойт. Дарбаза жабык, 1 сааттай эшикте күтүп турдум. Бир маалда терезеден Бакытты көргөндөй болдум, "Бакыт" десем жашына калды. Болду, ошол бойдон аны менен сүйлөшкөн да жокмун, досторубуздан гана үйлөнүп алганын уктум. Чалсам албайт, жазсам жооп бербейт. Айла жок баягы досубуздун туулган күнүнө барып анын уятсыз көздөрүн, жаңы алган жарын көргүм келди. Көрөрүн көрүп алып өзүмө келе албай шалдырап канча күн жаттым. Учурунда "Бакыт жакшы бала экен, элдин баары айтып жатат. Ата-энеси билимдүү, интеллигенттүү үй-бүлөдөн. Ушундай жигитке турмушка чыкпаганда кандайын издемек элең?" деген туугандарымдын бири да жок.
Көөдөнүмдө толуп жаткан суроолорума жооп таппай айлам кетип барат, түшүнгүм келет. Кайсы мүнөттө бул алдамчылык башталды эле? Кайсы күнөөм үчүн ушундай жазага татыдым экен? Жиним келгенде "мен жиберген акчаларды кайтарып бер" деп айткым келет. Жарым жылдай күндөшүм менен жолдошумду пол жууп тапкан акча менен багып келгенимди ойлогондо ичим туз куйгандай ачышат. Бирок Бакыттын мага жасаган мамилесин эстегенде кайра аны сагынып, кучактап жыттап-жыттап алгым келет. Ишенесиңерби, жолдошумдун канчалык боору таш болбосун ал үчүн күрөшүүгө даярмын. Экөөбүз чогуу ашып кетсе 2 жарым жыл жашадык, сүйүүм ысык бойдон, өчүрүүгө алым жетпей жатат. Күндөшүмдө күнөө жок чыгар, аны да мендей кылып алдашты окшойт. Билбей калдым. "Бакыт, жок дегенде суроолорума жооп берчи" деп жалбаргандан башка аргам жок. Анан эмне кылам, чалам, СМС жазам, үмүтүмдү үзө албайм.

Айдай


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(27)
25.01.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошондо кимде куноо болот, Айдай эмне учун озундун куйоонду тарттырып жииберишин керек, тиги башын айлантып тийип алганго,сенда бактылуу болууга татыктуусун барып сени мн жашашын талап кыл
26.01.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канча сyйсонтз деле аны унутyуга аракет кылыш керек, ал сиздин сyйуyнузду барктабайт тyра.
Кереги андай адамдын.
25.01.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Саламатсызбы Айдай. Менин оюмча Бакыт сизге татыктуу эмес, өзүңүз ойлоп көрсөңүз, сизден качып, бир да сурооңузга жооп бере албай, сизди алдап кеткен адам сүйүүгө татыктуубу? Мен андай деп ойлобойм. Ал эми анын сизге кылгандарын кудайга коюңуз да мындан ары башыңызды бийик көтөрүп жашаңыз, улам смс жазып баркыңызды кетирбей. Андай адамга убактыңызды жана нервиңизди коротуп эмне кыласыз? Сизди баалап барктаган адам сөзсүз табылат. АЛЛАХ жолунда түз жүрө бериңиз, сизге бакыт каалайм.
25.01.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жашоо кандай кызык жолдошунуз менен сүйлөшүп көрүңүз бирок аны деп эркектерди жек көрүп калуу мүмкүн эмес. белинизди бекем байлап жашоону улантуу керек. негизинен мындай караганда чечкинсиз экен жолдошунуз, ал жаш бала эмесда, ким жашарын өзү чечет да. Жүрөк тандаган адам менен гана жашай аласын. Мен ата энесинин сөзүнөн чыкпаган эркектерди жек жана жаман көрөм. Жакшы көрсүн сыйласын урматтасын бирок адилеттүү жана чечкиндүү болсун. Сабыр кылыңыз жашоо сонун болот
25.01.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
6ай кетирген пешене териниз менен таркан акчага кантип аялына жедирип ичирип журду экен
25.01.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт Байсариевге жазылгандай сезилди
17.09.2017. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meni_kut, мен да ошентип ойлодум
25.01.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эээх турмуш эмнелерди гана кылбайт ыйлатат жыргатат бир уруп томолотот кайра тургузат мункуротот жубатат сындырат кайра бутойт чоголотуп жалдыратат анан бир күнү баарын унуттуруп кайгы капанды жууп бактылуу кылат
25.01.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой журогум жарылып кетти менинда жашоом ушундай акыбалда турат.Кызын козго илбей уйунон кеткиле эле кеткиле деп чыгарып ийген.
25.01.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мумкун силер балалуу болбогон учун ушундай кылса керек кайнене дегендер
25.01.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Guji, балалуу болбосонор уйлондуруп койсо керек да. Ошонткенден коро ачыгын айтпайбы? Бул деген кыянаттык, айтпай-нетпей туруп уйлонуп алган болсо. Анысы аз келгенсип акчасын иштетишип.
25.01.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол келиндин "куйоомдун мурунку аялы кун корсотпой жатат "деп кенеш сураганын инстаграмдагы "Келинки"деген баракчасынан окуп калдым эле. ошол турбайбы.
25.01.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1.asel., а мен болсо ушул форумду издеп журом го
25.01.2017. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык экен.Башка эр куруп калгансып.Намыс деген кайда?
25.01.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Куйонуз оштук эмес беле
08.02.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Surgut777,ушундай адамдарга эч тушунбойм ал Оштукбу Колдукбу эмне айырмасы
25.01.2017. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
келинки деген инстаграмда копго,кайсы бири экенин айтып коюнуздарчы
25.01.2017. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба мен да окугам ошол постту. Медалдын эки тарабы деген ушу да. Бирок айтынызчы керекпи сизге ошондой куйоо. Уялбай акчанызды алып, ещё айтпай уйлонуп алган. Арсыз акмак куйоонуз бар экен. Андайды эркек деп айтып да кереги жок. Тиешелуу акчанызды сураныз да, оз жолунуз менен кетип бактылуу болгонго аракет кылыныз. Кудай озу эле таразалап коёт.
26.01.2017. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол постту таппай атам кайсыл жакта?
26.01.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saara.kg,ал жакта толтура пост бар маанилери окшош болгон.
26.01.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Автор бактылуу болунуз!
26.01.2017. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба туура айтасыз,оз бактыныз учун курошунуз бирок мындай жол менен эмес жана бул бакыт учун эмес. Эгерде ал сизди таштап кетсе анда бул сиздин бактыныз эмес.жашоодо тандоо деген бар Бакыт сизди эмес кийинки аялын тандаптыр,а бирок ким билет мумкун бир куну учунчу тандоосу чыгаттыр. Омурду эч качан андай нерсеге кетирбеш керек деп ойлойм. Сиз да бактылуу болосуз,бугун эмес бирок созсуз бир кун!
26.01.2017. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен кыз таппай темселеп журсом. бул шумшук байпак алмаштыргандай эле кылыптыр го.эже мындан эчкандай майнап чыкпайт .сиз эгер жакшы келин болгон болсонуз кийин окунот .Башынызды оорутуп . нерфинизди коротпой эле. турмушка чыгып алыныз . андан жакшы эркектер толтура . сиз жон гана ага конуп калгансыз .суйуу пуйуу жок элечи.
27.01.2017. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо ортодо бала жокпу. ошону шылтоолоп таштап кеткенго деймин. албетте катуу тийетда. эри кайын журту акмак экен закон чегинде эле чечишип албайсынбы
27.01.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыянаттык кылып кетсе дагы жармаша берген өзүңөрдө күнөө. Жармашпа, все поезд ушел.
22.06.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ошентип мандайга жазып койгонда.Буюрбаса артынан сойлоп ээрчип жармашсанда бирге боло албайсын,буюруп койсо канча качып жоголойун десенда эч ажырай албайсын.Айдай мындай эркек сизге татыктуу эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо