Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Эрнест Уметалиев, продюсер: "ЧОЛПОНАЙ ЭКӨӨБҮЗДҮН ЗАМАНБАП ТОЮБУЗ ДУБАЙДА ӨТӨТ"

№742 20-январь-26-январь, 2017-ж

"Ак шоола" балдар хорунун катарына кошулганда Чолпонай 2-класста окуган секелек эле. Ошол кезде аталган хордун жетекчиси Гүлмира Эсенгулова бул тестиер кызга кийин ак жоолугун салып келин кылып аларын билбесе керек. Ырчы кыз анын тун уулу продюсер Эрнест Уметалиевге турмушка чыгып, Жаңы жылды расмий түрдө жаңы статус менен баштады.

– Куш бооңор бек болсун! Адатта жаштар баш кошор алдында бул маалымат менен бөлүшөт эмеспи. Силер үйлөнгөндөн кийин гана жар салдыңар. Мунун себеби барбы?
Чолпонай:
– Мен жайында берген маегимде "биз үйлөнүү тоюбузду пиар кылбайбыз, эч кимге айтпайбыз" дегем. Себеби жеке жашообуз сыр бойдон калганы оң деген принцибибиз бар. Мындан ары да ушундай болот. Бул биздин жубайлар катары жеке жашообуз боюнча берип жаткан биринчи жана акыркы маегибиз. Экөөбүз тең чыгармачыл адам болгондуктан чыгармачылыгыбыз тууралуу гана сөз кылгыбыз келет.
Эрнест: – Мен толуктап кетейинчи, орустардын "бакыт тынчтыкты жактырат" деген жакшы сөзү бар. Биз ошол нерсени кармангыбыз келет. Анткени жеке жашообузду элге жарыялап "биз мындай, тигиндей" деп мактангыбыз келбейт. Жеке жашоо биздики, бизге гана тиешелүү.

– Жашооңорго бурулуш алып келген кайсы дата болду?
Ч.:
– Үйлөнүү тоюбуз 2016-жылдын күз айларында өттү. Кайненем ак жоолугун салып, көшөгөгө киргизди. Кайын журтум күлүктүн көкүлүнө ак була байлап келип ата-энемдин алдына түшүп, кыргыздын салты менен жакшы той өткөрүштү. Ошондуктан ата-энебизге ыраазычылык билдиргибиз келет. Анан тойду өткөрүп алган соң расмий түрдө арыз жазып, 1 ай кезек күтүп күбөлүгүбүздү алдык.
Э.: – Кайын журтум, ата-энем да салтты бийик туткан адамдар. Ошондуктан биз дагы аларга баш ийип каада-салтты туура аткарганга аракет кылдык.

– Кыргыздын салты демекчи, Чолпонайдын калыңына тогуздап мал берүү сыяктуу жөрөлгөлөр да аткарылдыбы?
Э.:
– Калыңдын баары төлөндү. Тогуздап мал берүү 19-кылымга таандык салттар окшойт. Азыр жеңилирээк, ошол жолдор менен бүтүрдүк.
Ч.: – Биз мамилебизди мал менен эсептебейбиз. Эка мен үчүн малдан көп нерсени берем деп турат.
Э.: – Бергем дагы (күлүп).
Ч.: – Ооба (күлүп). Ата-энебиз өз алдынча сүйлөшүп алышты. Эң башкысы эки үй-бүлө достошуп, бири-бирине ыраазы болушканы бизди кубантты.

– Чолпонайды алып кетип жатканда кайната, кайненең кандай кеңештерин айтты?
Э.:
– Атам "кызымды таарынтпа, бактылуу кыл, сени өз баламдай жакшы көрөм" деди. Буюрса, атам айткан аманаттарды аткарам деген ишеничтемин.

– Чолпонай, башка үй-бүлөгө баратканда толкунданып, көзүңдөн жаш тегеренсе керек?
Ч.:
– Апамды көрүп кичине ыйлагым келди, бирок кармандым. Анын үстүнө Эканы көптөн бери тааныгандыктан өзгөчө толкундануулар болгон жок. Өзүмдүн башка үйүмө кетип бараткандай эле болдум (күлүп).

– Келиндик милдеттерди кантип өздөштүрө баштадың? Кайненең кеп-кеңешин берип жатабы?
Ч.:
– Апам 2-классымдан баштап өзү тарбиялап өстүргөндүктөн, мени жакшы билет. Билбеген нерсени апамдан үйрөнүп жатам. Мурдатан тааныгандыктан бири-бирибизге "сүрүлүп" стресс болгон жокпуз. Апамды "кандай кайнене болот экен?" деп баары сурап жүрүшөт. Мен үчүн алтын кайнене болуп жатат.

– Экөөң тең бири-бириңен кем калбаган чыгармачыл инсансыңар. Эки кочкордун башы бир казанда кайнашы мүмкүнбү?
Э.:
– Ушуну эми мен айтып коёюнчу (күлүп). Элге маалым болгондой, Чопа экөөбүз 10 жылдан ашуун кыз-жигит мамиледе болгонбуз. Бул жылдарда эки кочкордун башы кантип казанга салынарынан өйдө, бышырылышына чейин билип койгонбуз. Бардык этаптардан өтүп, түшүнүшүп ушул жакшылыктарга келип отурабыз.

– Заманбап тойду качан өткөрөлү деп турасыңар?
Э.:
– 3 жыл мурун Чопага шакек салсам, апам барып сөйкө салып кеткен. Ар бир нерсенин убагы, буюрган күнү болот экен. Ал күн дагы келди. Заманбап тойдун дагы убак-сааты келет, буюрса, жакында өткөрөбүз.
Ч.: – Заманбап той өткөргөнгө ата-энебиз макулдугун беришти. Жакынкы күндөрү досторубуз менен Дубайга 15 күнгө барып келели деген пландарыбыз бар. Убакыттын өтүшү менен досторубуз иргелди. Жаныбызда бизди түшүнгөн, түгөй экенибизге ишенген, чын дилинен колдогон досторубуз калды.
Э.: – Досторубуз менен Дубайдан чакан той өткөрөлү деп турабыз. Азыр даярдык көрүлүүдө. Датасы чечилери менен эле учуп кетебиз.

– Узак убакыт мамиле куруунун сыры эмнеде?
Э.:
– Адам өзү, акылы, жашоого болгон көз карашы бышышы керек. Биздин башыбыздан көп нерсе өттү. Бирок ал күндөр артта калды. Биз компромисске барганды, сыйлаганды, кыял-жоругубузду көтөрө билгенди, жакшы көргөндү үйрөндүк. Мунун баары убакыт менен келет экен.
Ч.: – Менин жаш кыздарга кеңешим бар. Турмуш курууга такыр шашпаш керек. Жумушта, окууда, чыгармачылыкта болобу кандайдыр бир деңгээлге жетип, өзүңдүн ордуңду таап, жаштыкты, балалыкты калтырган соң турмушка аттаныш керек деген ойдомун.

– Бири-бириңерде сыймыктанчу сапаттарды санай аласыңарбы?
Ч.:
– Экада мен сыймыктанган сапаттар көп. Ал мага эч качан кызганууга себеп берген эмес. Кээде калп эле берип коюшу мүмкүн же өзүм ойлоп таап алам (күлүп). Эка адамдардын ички дүйнөсүнүн сулуулугуна, жүрөгүнүн тазалыгына суктанат. Кыздардын келбетине карабайт, жумушу менен эле алек. Үй-бүлөсүн, мени жакшы көрөт. Өзүнүн кесибинде эң чоң даражага жетти десем болот. Президентибиз менен иштешкенге чейин эле шоу чөйрөдөгүлөр №1 деп келишчү, эми аны расмий түрдө айтып калышты.
Э.: – Чолпонай менен 10 жылдан бери кыз-жигит катары сүйлөшүп, "Ак шооладан" бери эле жакшы көрөм. Ыймандуу адам, апам каалаган келин. Айла жок апам каалаган келинди алып келүүгө туура келди (күлүп). 10 жылдан бери менин тандоом болсо, кийин апамдын тандоосу болду. Азыр үйдө Чопадан өткөн келин жок. Апам "Чолпонай эң жакшы келин" деп мактап турат.

– Канча балалуу болууну каалайсыңар?
Э.:
– Апама чакан топ түзүп берели деген ойлор бар. Өзү аларды акырын тарбиялап, жамаат кыла берсе жакшы да (күлүп).

– Маегиңерге рахмат. Бактылуу болгула!

"Чолпонайды "Ак шоолада" жүргөндө эле жакшы көрчүмүн. Көз алдымда жүрсүн деп "Кылым" тобуна чакыргам".


"Эканын үйүнө төкмө акындар мени даңктап ырдап киргизишти. Кайненем ак жоолугун салып, жакшы кабыл алды".


Динара Абдыкадырова
Адилет Топчубаев
star@super.kg


Эрнест & Чолпонай: "Бул жеке жашообуз тууралуу акыркы интервьюбуз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(51)
25.01.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула жаш жубайлар
25.01.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ээээхе бакыт каалап коюш кыйынбы ушунчалык колунардан келбесе жон эле окуп койгула ашыкча соз жазбастан
25.01.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул кыздын эрке кыялын мен да билем. БГУда чогуу окуганбыз. Бактылуу болгула, быжырап балалуу болгула, жылдыздуу тугой болуп эрчишип жургуло.
26.01.2017. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
diamond1111, оа айтпаныз да. Коридорду жаныртып тайрандап бийлеп мен кыргызча билбейм деп коп жинге тийчу эле.
SUPER.KG видео
25.01.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Үлгүлүү үй-бүлөдөн болуңуздар
25.01.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бир да ырынын мааниси жок,эптеп еле ырдап коет, актрисалык эле жарашат
25.01.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болгула
25.01.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жашоон кызыктырбайт,куштар деле эмеспиз деп,анан эмне анын кылык-жоруктарын айтып жамандап,кирип окуп жатасынар?Кызыктырганы учунда туурабы?Кызык эмеспи кирбегиле.....
SUPER.KG видео
25.01.2017. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула.Чолпной азаматсын акчага кызыгып озун такыр пиар кылбаган айым.Сандан сапатка Конул бурасын.Коптогон кыздар сенден улгу алса болчудай.Тилекке каршы азыр бизде ырчы айымдар ептеп акча таппмай.Ырчы емес же соодагер болуп кеткен.
Медиа-портал
25.01.2017. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир коментарий жазгандарга: Эгер бул ырчынын жеке жашоосу сизди кызыктырбаса эмнеге кирип көрүп жатасыз? Башкаларын көрө бергиледа. Желкеден сүйрөп келип эчким кыйнаган жакда момуну көр деп?! Кызыккатндар көрөт! Кызыкпагандарды эч ким кыйнаган жок көргөнгө. Чолпонай бактылуу болсун! Бактыңар өзүңөргө буйрусун!
Медиа-портал
25.01.2017. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болушсун куйоосун суйлотпойт го соз талашып
25.01.2017. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жолугу жок дайыма еле коруп журобуз,ак жолук салып алса сонун болмок 1,2 ай болсода
25.01.2017. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу уй булолордун катарын толуктагыла кармашкан колунар эч качан узулбосун,быжырап балалуу болгула. Чыгармачылык бийиктиктерди каалайм.
SUPER.KG видео
26.01.2017. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула эринен мурун жооп берет го? Эринин атынан дагы суйлоп коёт го утур точкасы жок
26.01.2017. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ, Орозбек Сапаров деген Баткендик ырчы бар, ошондон интервью алсаңар соонун болмок да.
26.01.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suiorkull, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Бул жерден да карап көрүңүз: http://www.super.kg/article/show/21171
26.01.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,чоң рахмат админ.
26.01.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула Экосунун оозунан созун тартып алып соз бербейтго:
Медиа-портал
26.01.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аиий Чолпонайдын суйлогону жакты. Кыргызча жакшы суйлой албайт болуш керек деп ойлочу элем. Жакшы азаматсынар. Мыкты жаш жубайлардан болгула. Бактылуу, ыймандуу тугойлордон болгула!
SUPER.KG видео
26.01.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула. Ыссык суукка чыдамкай болгула. Балалуу болгула.
SUPER.KG видео
26.01.2017. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Соз бербейтко жолдошу суйлоп жатса оозунан созду жулуп суйлойт эркектин созун болбош к.к деген тарбия бар кыргыз элимде
26.01.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
26.01.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эрнистке сөз бербей быдылдайт ко. Ырдабай эле койсун эч ырдай албайт. Анан ырчылардан өзүн өйдө коюп алгандачы тойго ырдабайм, ырчыларга кошулуп шеринелеп жүргөнгө убактым жок деп. Демек тойго да чакырбайт, ырчылар да кошпойт болуш керек.
26.01.2017. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен айтчу создордун баарын айтып коюпсунарго ))))

Эканы уважай. Бактылуу болгула.
27.01.2017. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ого интервью данда коменттер кызыкго чиркин бул ырчыны таныбайт экем эмнеси болсода бактылуу болушсун !!!!
Медиа-портал
27.01.2017. 06:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чолпонай молодец коптогон кыздарга караганда.
Эрнест Чолпонай кармашкан колунар узулбосун татыктуу уй булолордон болгула.
Сыймыктанган Ата-Энелерден болгула.
Адам озгорот уй-було курганда демекчимин!
27.01.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми жеке жашооңорду айтпайсыңарбы коесуңарбы мага баары бир. Жеке жашооңор и так эле кызыксыз. Ал эми интервьюңарды деле окуган жокмун. Темасы менен эми эч кимге жарыя кылбайбыз дегенди окуп эле асмандан жерге түшкүлө деп айтайын дедим. Ошол эле. Бактылуу болгула.
27.01.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпонай Эрнест бактылуу болгула Чолпонай анча мынча ырчыларга караганда сулуу кичинекей кезиндег и ырлары бар го уну жакшы.Чындыгында азыр маанилуу дырлары жок.Мунозуно келсек бардык адамга жакшы боло албайсын азыркы кишилерге жакшы болсон деле жакпайсын.Жаман болсо албайт эле жакшы болгон у чун алдыда
28.01.2017. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чолпонай жаны келген келиндей болуп, кичине азырак суйлосо болмок.Жолдошуна соз бербей, озун акылдуурактай сезиптир.
SUPER.KG видео
29.01.2017. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосуно соз бербей эле быдылдайт го )).
30.01.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
30.01.2017. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнестке азыр Эле соз бербейтго жашы да отуп калганго Чолпонайдын бактылуу болушсун!
SUPER.KG видео
31.01.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы маеги болсо жакшы экен ушул боюнча корунбогуло ырчылар азайсын.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо