Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Азамат Исмаилов, тамашоучу: «КИЧИНЕМДЕ СУЛУУ БОЛГОНДУКТАН МЕНИ КЫЗ ДЕП ОЙЛОШЧУ ЭКЕН»

№742 20-январь-26-январь, 2017-ж

«Денди, Сега, Сони оюндары, короз момпосуй, «Коко жамбо» ыры, бөтөлкө өткөрүп барып көргөн Жеки Чандын, Жан-Клод Ван Даммдын катышуусундагы тасмалар, зымдан түртмөк жасап алып дөңгөлөк айдаган күндөр балалыгымды дайыма эске салат»,- деп тамашакөй мырза Азамат Исмаилов балалыгын эскерди.

«АТАМ МЕНИН ЭРКЕК ЭКЕНИМДИ ДАЛИЛДЕП 1 КОЙ УТУП АЛЫПТЫР»

-Ата-энем медицина кызматкерлери, мен төрөлгөн маалда Нарында иштешчү экен. Апрель айы Нарында кандай суук болорун билсеңиздер керек, бирок мен төрөлгөн күнү өзгөчө күн ачык болгон дешет. Ымыркай кезимде жоош эле бала болгон экенмин. Анан да азыркыдай эмес, аябай сулуу бала болуптурмун. Эжемдин көйнөктөрүн кийгизип коюшса элдин баары кыз деп ойлошчу экен. Бир ирет атамдын таанышы үйгө келип мени көрүп «кызың чоңойсо сулуу кыз болчудай, канчага чыгып калды?» деп сураптыр. Атам «бул кыз эмес, уул» десе ишенбейт дейт, тамашалап жатат деп ойлосо керек. Анан экөө бир койго мелдеше кетишип, атам «Азамат, келчи» деп мени чакырып алып «далилди» көрсөтүп кой утуп алган экен.
Кичинемде буюмдарды чачып, сындырып ойногон шок бала болгон жокмун. Оюнчуктарымды да сындырбай аябай көпкө ойноор элем. Ата-энем сатып берген 1 машинам бар болчу, аны чоңойгончо катып жүрдүм, «кийин менин балам ойнойт» деп койчумун. Бирок балама бере алган жокмун, анткени байкем балалуу болгондо үйдөгүлөр берип коюп, сынып калган.

«ЭРИП КЕТКЕН КАНТЫМДЫ ЧОҢ ЭНЕМДЕН ТАЛАП КЫЛЫП...»

-Эжем экөөбүздү кичинебизде чоң энем карачу. Ал кайда барбасын ээрчитип алар эле. Конокко барганда мени манас айттыра бергени эсимде. Меймандар алкап акча бере беришчү. Көрсө, шоу-бизнеске кадамды ошондо эле таштаган окшойм. Бир күнү чоң энем конокко кетип, мени үйдө жалгыз калтырууга аргасыз болушат. Эжем 1-класс кези экен. Апам түшкү тыныгууда үйгө чуркап келсе эле мен жокмун. Ары чуркап, бери чуркап, үрөйү учуп мектепке Мээрим эжемден сурамакка барышса, эң арткы партага отуруп алып сабакты мен «өтүп» жаткан экенмин. Мугалим эже дагы «балаңыз аябай тың экен» деп мени мактаптыр.
Чоң энем менен болгон дагы бир окуя эсиме түшүп кетти. Экөөбүз чай ичип отуруп, мен чайыма кант салып коюп колумду жууп келмекке чуркап кетип кайра келсем чайымда кант жок. Чоң энеме «сиз эле алып алдыңыз» деп чыр салыптырмын, «кантың эрип кетти да, ичип көрчү» деп жатып араң сооротушкан экен.

«КОШУНАНЫН САРАЙЫН ӨРТТӨП ЖИБЕРГЕНДЕ МЕНИ КАМАШАТ ДЕП КОРККОМ»

-Бир аз эс тартып калган кезде шоктугум күч ала баштаган десем болот. Бишкек шаарындагы Төкөлдөш районунда турчубуз, кошуна досум Азат экөөбүз бир топ кызыктуу күндөрдү баштан кечирдик го бала кезде. 1-класска барар жылы жайында экөөбүз ойноп жүрүп кумурскалардын уюгуна «бомба» таштамак болдук. Кадимки целлофан баштыктарды күйгүзсө от тамат эмеспи, аны улам тамчылаткан сайын ары-бери чуркаган кумурскалар бизге кызык болчу. Карасак кошунанын сарайынын түбүндө ошондой уюк бар экен. Баштыктарды күйгүзүп алып канча от жаадырсак да кумурска чыкпай койгонунан жакшы эле өчүргөндөй болуп ойноп кетип калганбыз. Алысыраак жерде ойноп жүрсөк эле биздин үй тарапты кара түтүн каптап жатат. Аңгыча жаныбыздан өрт өчүргөн машиналар да өтүп кетти. «Тиги жак өрттөнүп жатат, жүрү көрөбүз» деп Азат экөөбүз чуркап барсак, баягы кошунанын сарайы күйүп жатат. Көрсө, анын ичинде китептер бар экен, анысы аз келгенсип өрт Азаттын үйүнүн чатырына да өтүп кетиптир. Эми эмне болор экен деп ичибизден коркуп жүрөбүз. Оюбузда бизди келип кармап кетишет да, камап коюшат деген гана коркунуч. Эртеси үйдөгүлөрдүн «көчөдө арак ичкендер тамекисин таштап коюшкан экен» деп сүйлөшүп жатышканын угуп «уф-ф» дегем.

«ДОСУМДАН «ИШЕНИЧИҢДИ АКТАЙ АЛБАДЫМ» ДЕП КЕЧИРИМ СУРАГАМ»

-Негизи балалыгымды эстегенде Азат досум эске келет. Анткени ар бир күнүбүз чогуу өтчү. №66-орто мектепте чогуу окуганбыз. Бир жолу сабактан Азат баарын жакшы айтып бергени үчүн эрте бошоп калды. Бир аздан кийин эшикти кичине кыйшайта ачып «чык» деп кайра-кайра жаңсай баштады. Ошол кезде эле сүрөттү жакшы тартар элем, эжейимден «сизге сүрөт тартып берем, кете берейинчи» деп суранып чыктым. Азат «жүрү, бүгүн жыргайбыз» деп Чыгыш-5 кичи районундагы кичинекей балдарга арналган аттракциондорго ээрчитип барды. Аттракцион аттуунун баарына түштүк, шоколаддын түрүн жедик, суусундукка тойдук, айтор, бир топ акча короттук. Андан да ашканы бар эле, аны досум «ме, сен салып койчу, мен жоготуп албайын» деп мага берди. Үйгө келсем чоң энем эркелетип, менин кийимдеримди алмаштырмакчы болуп чечинте баштаганда баягы акчаны көрүп калбаспы. Көрүп эле чочуп кетти «ай, мынча акчаны кайдан алгансың?» деп. «Азаттыкы» дедим. Анын үйүнө жетелеп жөнөдү. Досум бизди көрүп эле көздөрү алаңдай түштү. Көрсө, акчанын жоголгону боюнча «сот» иштери жаңы эле бүтүп, иш жабылган экен да. Эртеси «сенин ишеничиңди актай алган жокмун» деп кечирим сурагам.

«КОШУНАЛАРДЫН ЛАМПОЧКАЛАРЫН АТКАНЫМДЫ БИЛИП КОЮШКАН»

-Бир ирет байкем үйгө тирдин мылтыгын алып келиптир. Желим бөтөлкөлөрдүн капкагын атам, туура эле барып тийип калат, ал кызыксыз боло баштады. Бир күнү кечинде сыртка чыгып кошуналардын күйүп турган лампочкаларын ата баштадым. Эртеси карасам кайра эле күйүп калат, барып кайра атып келем, эртеси дагы бул көрүнүш кайталанат. Бир күнү кошуналардын бири тирдин окторун байкап калып, менин атып жүргөнүмдү билип коюптур. Келип «укмуш мергенчи экенсиң, азамат. Бирок лампочкаларды эми атпагын» деп кеткен.

"Үй-бүлөбүз менен сейил бакка барганды жактырчумун. Бир ирет сейил бактагы бассейнге түшөм деп чөгүп кете жаздагам".


"Ата-энем жумушка кеткенде биз чоң энем менен калар элек (атамдын чоң энеси)".


Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(25)
25.01.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Chyn ele kichinesinde suluu bolgon eken.
25.01.2017. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
кичинесинде сулуу кызга окшош экен көз тийип кеттиви азыр ......
farida.kg.1991 түзөттү 2017-01-25 10:29:46
25.01.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай таланттуу бала,
25.01.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Koroche huligan bolgon eken da ))
25.01.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат азамат жигит
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-01-25 14:40:41
25.01.2017. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mavlyuda, жалаң баш тамгалар менен жазууга болбойт, эскертүү!
25.01.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирок маанисиз аша чаап ырдаганы жакпайт )))
25.01.2017. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик чыгармачылыгына
25.01.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Негедир мага ушул Азамат жакбайт озунчо эле клоун боло берет. Бул менин жеке оюм.
25.01.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мурда талантын баалачымын,барган сайын аша чаап сүйлөп обу жок болуп баратат.
25.01.2017. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соонун маек болуптур бир да жасалмасы жок экен лампочкаларды атканы жакды мага
25.01.2017. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Далилди корсотуп койду дегени жакты
25.01.2017. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жеңем болсо мас болуп алып эле : "менин чоң апам бай болчу экен да"- деп кечке айта бергендей эле, бул бала: "сулуу болчум"- дейт ко ))))))
25.01.2017. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атамдын чон энеси дейбиии
25.01.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Онорун оркундой берсин,соз байлыгы кучтуу адамгерчиликтуу жигит.
26.01.2017. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сулу болсо суулу болчумун дейби. суротун карасанар кызга окшогон бала экен эле
26.01.2017. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу болчумун дейт го..
26.01.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Solnyshkin, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
26.01.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аягына чейин окуган жокмун.катардагы эле кызыксыз маек.мен мен мен эле деген адамдар
26.01.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарыле озун мактайт.
26.01.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сонун маек болуптур жасалмасы жок күлө берип бир жыргадым.
piramida түзөттү 2017-01-26 20:06:17
27.01.2017. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Мен" деп озу жонундо айтпай анан кошунасы жонундо айтсынбы?Гезиттегилер эмнени сураса ошол жонундо айтат да.Кызыксынар..
30.01.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Укмуш го))
30.01.2017. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сокулук тараптан бир жолу шаарга ала кетти эле кечинде кантип кетем деп кыжалат болуп турганда рахмат
31.01.2017. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул да маанисиз суйлой бериптир. Чоп ортточумун,тентек болчум депчи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо