Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЫРЧЫ КЫЗ ЖАНА МИЛИЦИЯ. КӨЙГӨЙДҮН ТАМЫРЫ КАЙДА?

№742 20-январь-26-январь, 2017-ж

Алтынай Жайнакова. Көпчүлүккө таанымал эмес бул ырчы кыздын ысымы бир түндө белгилүү болуп чыга келди. Анын патрулдук милиция кызматкерлери менен болгон чатагы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Биз окуяга ар тараптан саресеп салууну эп көрдүк.

ТҮНКҮ ОШТУ ДҮРБӨТКӨН ХОНДА

Белгилүү болгондой, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарынын Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинен Ош ШИИБинин патрулдук милициясы Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет кылышкан. Кийинки посттон токтотулган унааны Алтынай Жайнакова аттуу бийкеч башкарып бараткан белгилүү болгон. Өзүн ырчы, журналист деп тааныштырган кыздын патрулдук милиция менен чатагын журналисттик топ тартып алып, ал видео интернетке тарады. Видеотасмада көрүнгөндөй, Алтынай Жайнакова унаадан түшүүдөн баш тартып, уюлдук телефону менен кимдир бирөөгө байланышып баштайт. Сөз арасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылыч Жолдошевдин ысымы байма-бай аталат. Кийинчерээк Жайнакова "Жолдошев менен эч кандай мамилем жок, болгону аны сыртынан тааныйм. Анын атын атасам аз да болсо коркушабы деген ойдо болгом. Учурдан пайдаланып андан өзгөчө кечирим сурайм",- деп SUPER.KG порталына билдирген. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев Алтынай Жайнакованы тааныбай турганын маалымат булактарына билдирүүгө жетишти.
Алтынай Жайнаковадан ОшТВ телеканалы да бат эле баш тартып кетти. Телеканал бул кыз ОшТВда иштебей турганын, болгону 3-4 ай мурун стажировкадан өтүп кеткендигин жарыялады.

"МЕЛИС БАЙКЕ", "КЫЛЫЧ БАЙКЕ"... ДЕГЕЛЕ "КРЫШАЛАР" КИМДЕР?

Мына ушул жерден бир жагдай көзгө урунат. Адатта жол эрежесин бузган айдоочулар патрулдук милициянын колуна түшкөндө эмне кылышат? Дароо таасири бар тууган-таанышына чалып башташат. Ошого таянып жазасыз кутулуп кетерин беш колундай билип жол эрежесин бузушат. Андай "крышалар" кимдер? Жогорку кызматтагы адамдар, ошол эле күч түзүмдөрүнүн жетекчилери...
Назгүл Чодронова. Бул ысымды көбү унута элек. Бишкекте жол-кайгуул милициясынан качкан Чодронова унаасын катуу ылдамдыкта айдап, жол эрежелерин бузуп милиция кызматкерлерин "Мелис байкеси" (ред.: Мелис Турганбаевди айтса керек) менен коркуткан. Милиция кызматкерлеринин буйругуна баш ийбей, кан жолдо кооптуу абал жараткан Чодронова кийин 1000 сом айып пул төлөп кутулган. Мелис Турганбаев дагы Кылыч Жолдошев өңдүү Назгүл Чодронованы тааныбай тургандыгын жарыялаган. Жашырганда эмне, Чодронованын (ошол эле Алтынай Жайнакованын) окуясы коомчулукка билинип калганы гана. Билинбей калганы, күн сайын жасалып жатканы канча? Буга кимди күнөөлөйбүз? Күнөө "крышадан" корккон, "крышаны" сыйлаган ИИМдеги, дегеле бардык мамлекеттик мекемелердеги системде. "Крыша" деген системди милиция кызматкерлери өздөрү жаратып алып, эми катардагы кызматкерлери азабын тартып жатканы бүгүнкү күндүн чындыгы.

ШИШ ТАКА КАШТЫ АЙРЫП КЕТКЕН

Алтынай Жайнакова боюнча сөздү улайбыз. Унаасынан түшпөй отурган айымды бир нече милиция кызматкери чыңырта колдон-буттан алып, унаанын арткы орундугуна которуп салышкан. Бул учурда ырчы кыз тепкиленип, кыйкырып айгай салат. "Мени унаанын артына отургузушканда бүт кийимдерим ачылып калды. Аны алдыңкы орундуктагы милиция кызматкери карап отурду. Мен караба деп бутумду силккем",- дейт ырчы. Бутун силккенде алдыда отурган милиция кызматкерине тийген ырчы кыздын шиш такасы анын кашын айрып кеткен.

"КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ"

Окуя боюнча Ош ШИИБинин маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков төмөнкүлөрдү айтат:
– Алтынай Жайнаковага Ош ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошол убакта ал мас абалында болгондугу аныкталды. 14-январь күнү Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарды.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө мыйзамынын 14-беренеси боюнча, эгерде укук бузуучулар ички иштер органдарынын кызматкерлерине, коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып жүргөн башка адамдарга баш ийбесе же каршылык көрсөтсө, аларды кармоо, ички иштер органдарына жеткирүүгө атайылап тоскоолдук кылган адамдарга карата күч же атайын каражаттарды колдонууга укугу бар.
Жайнакованы биздин кызматкерлер жарым саат унааны бошотуп бер деп күтүп туруп, анан айла жок күч колдонууга мажбур болушкан. Эгер башка өлкөдө ушундай болгондо ошол замат эле жерге жаткырып, колуна кишен салышмак.

КРИМТӨБӨЛДӨРҮН ДА ЧЫҢЫРТЫП КАРМАЙ АЛЫШАБЫ?

Бул окуянын интернетке чыгып кетүүсү коомчулук тарабынан эки жактуу кабыл алынып, көп талкуу жаратты. Албетте, кызды айыптап, жектеп, "ырас болду" деп табалагандар, "бул окуядан сабак алгыла" дегендер да көп болду. Атүгүл чекти унутуп калган айрым журналисттер ырчы кыздын бир эркек менен кучакташып түшкөн сүрөтүн таап чыгып, анын төшөгүнө чейин талкуу кыла башташты. Коомчулуктагы экинчи тарап "бул милиция кызматы мактана турган окуя эмес" деп чыкты. Чын эле. Милиция кызматы бир кызды беш-алтоолоп кармаганын эмес, оор иштерге айыпталып, көрүнгөндөн салык алып, элге тынч жашоо бербей жүргөн кримавторитет аталып жүргөндөрдү кармап, аны интернетке чыгарып мактанса жарашмак. "Билгениңди кылып ал" деп токтобой кеткен шаар башчысынын бир тууганын да ушул кызды кармагандай чыңыртып кармашпайт беле деген суроо туулат.

ӨЧӨШКӨНДӨРДҮН ИШИБИ?

Алтынай Жайнакова тартылган видеотасма интернет айдыңында эң көп каралган видеолордун бири болду. Видеодо ал милиция кызматкерлерине "унаамдын терезесин сындырып, кайра кечирим сурабадыңар беле" деген сөзү угулат. Бул сөздөр Жайнакова менен милиция кызматкерлеринин ортосунда мурдатан эле чатактар болуп келгенби деген ойду жаратат.
Ырчы айымдын өзү менен байланышканыбызда, ал: "Мен бул окуя боюнча азыр комментарий бербей турууну чечтим. Унаамдын терезесин милиция кызматкери сындырып салганы чын. Анда ал кечирим сурап оңдотуп берген. Ушуну гана айта алам",- деп жооп узатты.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(49)
25.01.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
may102015, баш тамгалар эрежеге ылайык гана колдонулушу керек, билдирүүңүз өчүрүлдү.
25.01.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tea23, Aiya-2012, такталбаган маалымат жазуудан алыс болгула. Эскертүү!
25.01.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Козун май басып кетиптир да, тихо мирно чечсе болчу эле иш экенго... Пияр деп ойлоп койдум.
25.01.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Негизи бизде акыйка жок. Чон кылмыш болбогон сон, кызды кыздай сыйлап, жон гана адмистациялык штрафка тартып койсо болмок. Уялбай тиги милиция козумо тепти деп устунон арыз жазып камап койбой. Чон кылмышкерди кармагандай , кыз баланы беш-алтоо баса калганы, милицияга абир алып келбейт. Аны да интернетке жарыялап мактанганы уят эле. Эгер куч органдары адилет иштесе, Исанын баласы 3 адамды сузуп кетпейт эле, Айтмаматтын карындашы Ошто кутурбайт эле. Кучтору ушул кызга жетиптир да, азаматтар.
26.01.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tatulei,эн туура айтасын
30.01.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tatulei, создун алды болду мен колдойм бирок камап койбой штраф толотуп чыгарып жиберсе болмок лекциясын окуп эле. эмнеге чиновниктер ге атасы байларга кылмыш чойросуно мындай закондору иштебейт карапайым калктын эле шору экен да
25.01.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камалбасын бир жаш кызды камап койгондо эле мүйүз чыкмак беле.бул дагы келечектеги эне жапжаш кыздын тагдырын талкалабагыла.
26.01.2017. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sabyr86,Тагдыры талкаланбасын де.Ал мас болуп бироону сузсо анын тагдыры оюнчукпу сага
28.01.2017. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sabyr86,ал жаш эмес кара акылы ойдодо атасы мн тен кишинин атын атап атат Кылыч байкелеп анын уй булоосуно залакасы уже тийди. мас болуп машнеге отурганы кылмыш эмей эмне ал ОЗУ зунун тагдырын уже талкалады мас абалда баратып бир бей куноо адамды койуп кетсе кандай болмок ойлонсон суйлоордон алдын албетте видеону таркатканы тура эмес бирок кээбирине сабак болоор
25.01.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеси болсо да кыз башы мн уят да минтип жургону тфу
25.01.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени абдан тан калтырганы бул "ырчы" кыздын элден эмес,Кылыч "байкесинен" абдан эле жалдырап кечирим сураганы оозумду ачырды.Эл бар учун адам болуп жургону менен иши жок окшойт.Уят мас болуп ич кийиминден бери ачылып эркек менен мушташып.
25.01.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыргыздар деги кыздарга асылганыбызды качан коебуз? Мындай эркектер да толтура
25.01.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бул кызды кое бергиле. Мындан жаман атка минерлерди ушинтип жазалап алгылачы. Аларды да ушинтип жазалап, видеого тартып, чыркыратып машинанын артына салгылачы... жок анте албайсынар. Колунардан келбейт. Чондор силерге токтомок тугул карап да койбойт. Озунордон коргуло. Албетте бул кыз кичине аша чаап кеткен. А силердин акча талап кылганынар жалганбы? Олуттуу нерсеге алынар жетпейт.Дайыма кыздар менен чырылдашып журосунор.
25.01.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ай оштуктар, оштуктаар деп кой
25.01.2017. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Surgut777, аймактык каралоо болууго тыюу салынат!!!!!!
25.01.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элге азыр ушундай жол менен тез таанылат ырдап журо берсе коп убакыт кетпейби жакшы жолду тандаптыр таанылыш учун
25.01.2017. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кызды кое бергиле байкуш кыз кызга ле алы жетиптир дейсинер и байкуш кызкен депле машина айдаган кыздарды тоспой коюш керек деген закон чыгарыш керек. керек болсо кыздардын мас абалында авто кырсыкка кабылгандар толтура да
25.01.2017. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
кыз болобу эркек болобу нарушение кылган адам созсуз жазасын алыш керек деп ойлойм
25.01.2017. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Атвали эта мая машна. Атвали. Все таки эта мая машна же. Есть журналистка. Как будто этот. Вы че это. Атвали.
25.01.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arzuuu,:) :) :)
26.01.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
a кокуууй ушу кашын жарганына шугур милийса сооройдун. Ичке шиш такасы козуно кирип кетсе накта ошондо балээ басмак. Ошого Атвали.
25.01.2017. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ичкени уят. Бирок, кийимдери ачылып калса тиги милициянын караганына кашын жара тепкени туура эле го дейм. Мен жавыштыра тепмекмин. :)
25.01.2017. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тим эле бир нерсени кыйраткансып бул кызды жаман талкуладынар го аа...Камаш керек дейсинер да,канчалаган оор кылмыш иштердин бети жабылып кеттат анын астында милициянын кашы юрунда го...чонураак айра тепбептир....
25.01.2017. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
orhideya-12345,ичип рулга отурганы кылмыш
26.01.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Рулга ичип олтургандар керек болсо толтура...
26.01.2017. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жазасын алыш керек мас болуп рулга отурганы учун. А камалсын деп айтканга ооз барбайт кыз балага. Бул жерде биз тушунбогон башка бир нерсе бар. Бул кызды подстава кылышкан. Менин бир таанышым жакында бироону подстава кылып журналистерди чакырып видеого тартып интернетке жуктотурду. Очошуп калган экен. Озу суудан таза чыгып аппак болуп туруп берди хотя берки подставага тушкон адамдан эч айрымасы жок болчу. А интернетте комментарийчилер,билбегендер аркыны каргап шилеп беркини ыйык кылып коюшту!!!В
Djal1987 түзөттү 2017-01-26 03:47:16
26.01.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаштык калыптыр да.Жанылбаган жаап,мудурулбогон турк болбойт.
26.01.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Чын эле бирок видеону коомчулука чыгаруунун кереги бар беле? Качан болсо башка олколорго шылдын болуп басып журобуз. Мындайды ачык айтышсын чыгарса дагы кагазга ороп кичине.
26.01.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тасмага тарткан бул "Из кубар" беруусу,аны атайын тарткан жок ал беруудо андай кармалгандар толтура.Бирок бул кыздай мен журналистмин мен жылдызмын кечирим сура дегендер акыркы кундору аябай кобойуп кетти. Мындай эрежени бузгандар жоопко тартылыш керек. Жайнакова тим более анын фамилиясы эмес экен. Бул озунчо жылдыз оорусу менен ооруган кыз жап жаш. Караны тундо бироонун омурун алып кетсе эмне болмок?
27.01.2017. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмнеси болсода аман эле болушсунда интернетке чыгаргыча наоборот жаап жашырсанар болмок кыргызымдын мекен коргочуулары ушинтип кыздарын кордоп журушсо уят эле башка улуттарга шерменде болуп негизи биздин Кыргызстанда уят сыйыт намыс ариет деген сезимдерди унутуп баратабыз Аллахым озу туура жолго баштасын ар бир пендесин башка соз айтыштанда уялам Кыргызым эсинер баарында этегинерди жапсанар боло Ата энелер балдарынарды козомолдогуло Жаш кыз экенсин абийиринди токтун кудайым сага ыйман берсин!!
27.01.2017. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул кыздын видеосун мен да коргом "аттын чыкпаса жер ортто"деген макал сыяктуу эле милицияларга каршылык коргозбой эле, Байкесине звонок кылбай эле акырын штрафын толоп чыгып кетсе болмок го буттунан тура албай жатып рульга олтурбай
29.01.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх озуно озу жамандын кылыптыр даа
29.01.2017. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уят эле
29.01.2017. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Быйыл "Ыйман, адеп жана маданият жылы" деп белгилей электе эле мындай окуялар катталып жатканы өкүндүрөт... Негизинен азыр коомубузда мындай окуялар абдан көп болуп жатат... Биз ушундай нукта кетсек өлкөбүздүн өнүгүшү бир аз кыйындыкты туудурат!..
29.01.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыз болуп туруп мындай жолдо жургон сага ХХХ ХХХ кызга кырк жерден тыюу деп бекеринен айтылбайт кыргыз кызы дегеле мусулман кызы абийирин намысын сакташ керек камалбасын дейсинер кайсыл намыской таза кыз тундосу арак ичип кочодо журот озунун келечегин давно талкалап бутуптур бир карын майды бир кумалак чиритет дегенден болдунда ХХХ уяты жок
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-01-30 13:27:52
30.01.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dinadeka6, этика нормаларын сактаңыз.
30.01.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Терезесин сындырган милииция Алтынайдын артынан атайын эле видео камера менен тушкондой.Озу кылбаса да бироолорго катту дайындагандай.Эмнеге ошол куну бир эле Алтынай мас журупбу?Башка адамдарды да кармап эмнеге тартпады?Жузунузго эмне болду десе?жара тепти деп турат го милиция уят эле.
31.01.2017. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милицияга согуш уят бир кичинекей кызды зордоп колу бутун чойуп тим эле бир чоон кылмышкер кармагансып андан коро башкача жол тутса болмок
31.01.2017. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гаи кызматкери неженка болбосун. Уялса боло кызды каматкандан арыз жазбай. Бабанов туура айтат камерадарды кобойтуп Гаилерди жок кылыш керек. Булардан пайда жок. Нарушение кылбасанда бирдемени таап чыгат. Бизде акыйкат жок! Камералар тартып уйлоруно штраф жонотулсо бюджетке да пайда. Булар эптеп эле план толтуруш учун бирин экини коргозот а канчалаганы акча, тааныш мн бутот.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо