Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЕМИШ ПИРОГДОРУ. КЫШТЫН СУУГУНДА ЫСЫК ЧАЙ МЕНЕН ТАТТУУДАН ӨТӨРҮ ЖОК

№742 20-январь-26-январь, 2017-ж

"ЦИТРУС" ПИРОГУ



Керектелүүчү азыктар:

Камыр үчүн:

Ун – 250 грамм
Каймак май – 120 грамм
Кумшекер – 20 грамм
Жумуртка – 1 даана
Татымына жараша туз

Ортосуна салуу үчүн:

Каймак май – 80 грамм
Жумуртка – 2 даана
Кумшекер – 250 грамм
Лимон – 3 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач камырды даярдап алабыз. Жогоруда айтылган азыктар менен камырды жууруп, 30 мүнөт муздаткычка салып тыныктырабыз.
2. Лимонду кабыгы менен эт майдалагычтан өткөрүп алабыз.
3. Жумуртка менен кумшекерди аралаштырып көбүртүп чалуу керек. Каймак майды эритип үстүнө кошуп жакшылап аралаштырабыз. Андан соң эт майдалагычтан өткөн лимонду кошобуз.
4. 30 мүнөт өткөндөн кийин камырды алып чыгып, 2-3 миллиметр калыңдыкта жаябыз. Түбү чуңкур төрт бурчтук калыпка салып, лимон кошулган массаны ортосуна куябыз.
5. 180 градус температурада 30-35 мүнөт бышырабыз. Андан кийин электр мешинен чыгарып, үстүнө кант упасынан сээп, кайрадан 5 мүнөткө электр мешине салабыз. Кооздук үчүн бир лимонду жалпак кесип, порцияга бөлүнгөн пирогдун үстүнө коюп коёбуз.
Даяр болгон пирогду ысык кезинде кесүүгө болбойт. Себеби камыр жумшак болгондуктан ныкталып, бычакка жабышып калат. Пирогдор үчүн калыптардын диаметри 22 сантиметрден, бийиктиги 4 сантиметрден кем болбошу керек.

КАРАГАТ ПИРОГУ



Керектелүүчү азыктар:

Камыр үчүн:

Ун – 200 грамм
Маргарин – 100 грамм
Кумшекер – 100 грамм
Көптүргүч (разрыхлитель) – 1 чай кашык
Жумуртка – 1 даана
Татымына жараша туз

Ортосуна салуу үчүн:

Карагат кыямы (башка каалаган кыям менен алмаштырсаңыз болот) – 200 грамм
Коюулатылган сүт – 200 грамм
Кооздук үчүн кант упасы

Даярдоо ыкмасы:

1. Чуңкур табакка маргарин, кумшекерди жана жумуртканы кошуп аралаштырабыз.
2. Андан кийин көптүргүч менен унду салып камыр жууруйбуз. Жуурулган камырды целлофан баштыкка салып, муздаткычта 30 мүнөт тыныктырып коёбуз.
3. Көрсөтүлгөн убакыттан кийин камырды тегерек табага салып, колубуз менен жаябыз. Ортосунда кыям сала тургандай орун болушу керек.
4. Кыямды тегиз салып алган соң үстүнө коюулатылган сүттү куябыз. Ширеси агып кетпеши үчүн камырдын чекелерин ич жагына кайрып коёбуз.
5. 180 градус температурада 30-40 мүнөт бышырабыз. Муздагандан кийин үстүнө кант упасын себелеп коюу керек.

"АЛМА ГҮЛДЕСТЕСИ"



Керектелүүчү азыктар:

Камыр үчүн:

Ун – 160 грамм
Каймак май – 100 грамм
Кумшекер – 25 грамм (1 аш кашык)
Жумуртка – 1даана
Татымына жараша туз

Ортосуна салуу үчүн:

Алма – 5-6 даана
Каймак май – 50 грамм
Кумшекер – 70 грамм
Жумуртка – 1 даана
Ванилин – 20 грамм
Лимон ширеси – 20 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Унга жогоруда аталган азыктарды кошуп камыр жууруйбуз. Каймак майды эритүүнүн кажети жок. Камыр аябай катуу болуп калды десеңиз, бир аз суу кошуп жуурусаңыз болот. Эми жуурулган камырды муздаткычка 1 саатка салып коёбуз.
2. Алманы жууп, кабыгын аарчып, ортосунан бөлүп данектеринен тазалайбыз. Андан кийин алмаларды 3-5 миллиметр калыңдыкта (жарым айдай) кесип алабыз. Эгер алма кызыл түстө болсо кабыгын аарчыбай эле койгон туура. Себеби кызыл болуп турса пирогдун ажары ачылат.
3. Эми тууралган алмага кумшекер, ванилин жана лимон ширесин кошуп аралаштырабыз. Алманын ширеси чыгышы үчүн 30 мүнөт коюп коёбуз.
4. Кезек алманын ширесин бөлүп алууга келди. Казанга каймак майды салып, үстүнө алма ширесин кошуп, 15 мүнөт жай отто кайнатабыз.
5. Муздаткычтагы камырды алып, тегерек формада 2-3 миллиметр калыңдыкта жаябыз. Жайылган камырды калыпка, эгер калып жок болсо, электр мешинин табасына (сөзсүз тегерек жана чуңкур болушу керек) салабыз. Жумуртканы тегиз чалып алып, табадагы камырдын бетине сүйкөйбүз. Пирогдун чекелерин колубуз менен кайрып коёбуз.
6. Ширеси чыккан алманын ар бир кесиндисин алып, жылчыкча калтырбай гүл формасында тизип чыгабыз.
7. Каймак май кошулган алманын ширесин пирогдун үстүнө куюп, бетин фольга менен жабабыз. Электр мешинде 180 градус температурада 40 мүнөт бышырабыз.

Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(5)
25.01.2017. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун
26.01.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дем алыш кундору балама бышырып берем, кудай буйруса, супер рахмат силерге.
27.01.2017. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Суугунда ысык
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-01-28 09:50:50
29.01.2017. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Булар торотолеткалар го. Пирогдун наны кырсылдак соонун болот.
31.01.2017. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун го...
Рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо