Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өз жанын кыйган өспүрүмдүн энеси: "ЭМНЕГЕ МИНТТИҢ ДЕП СУРАЙЫН ДЕСЕМ КЫЗЫМ ТИРҮҮ ЭМЕС"

№742 20-январь-26-январь, 2017-ж

Өткөөл куракка келгенде жаш улан-кыздардын өз өмүрлөрүнө кол салып жатканы ойлонтпой койбойт. Анткени ал убакта болбогон маселелер, таарыныч, кусалык, ал тургай сүйүү дагы катуу таасир бериши мүмкүн. Ушул жылдын 5-январь күнү Кадамжай районунун Орозбеков айылында 9-класстын окуучусу Нурлан кызы Адина 30 метрлик бийиктиктен боюн таштап каза болсо, 9-январда Нарын шаарында 9-класстын окуучусу Советбек уулу Азим асынып алган.

"ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГА ЭЛЕК"

"Нурлан кызы Адинанын эмне себептен өз өмүрүн кыйганы азырынча белгисиз",- деген Баткен ОИИБинин маалымат кызматкери Дамира Юсупова төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 5-январь күнү Кадамжай районунун Орозбеков айылында болжол менен саат 18:00 чамасында Нурлан кызы Адина 30 метрлик тоодон өзүн таштап жиберген. Анын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалган, азырынча анын жыйынтыгы чыга элек. Маркумдун мугалимдери, классташтары жана туугандары суракка алынышууда. Кылмыш иши козголгон жок, иликтөө иштери жүрүп жатат.

"ЭМНЕ СЕБЕПТЕН БУЛ ИШКЕ БАРГАНЫН БИР ГАНА ӨЗҮ ЖАНА КУДАЙ БИЛЕТ"

Каза болгон Адинанын апасы Эльвира Турдушова менен байланышканыбызда ал кызынын өлүмү тууралуу буларды айтып берди:
– Адина 4 эркек баламдын арасындагы жалгыз кызым болчу. Өзү жакшы окуп, тайманбаган, коркпогон кыз эле. Кичинекей болуп турса дагы үй жумуштарын, сырткы иштерди бизге айттырбай эле жасап кол арага жарап калган. Москва шаарына иштегени кеткениме 3 ай, ал эми жолдошум менин жаныма келгенине 15 эле күн болгон. Биз кетип жатканда балдарыбызды чоң ата-чоң апасынын колуна таштаганбыз. Алар дагы жакшы карашчу, кызым биз менен сүйлөшкөндө баары жакшы экенин гана айтчу. Мен кызымдан алыс иштеп жүргөндүктөн эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым.
Өзүм мурда мугалим болуп иштегем, кызымдын да класс жетекчиси болгом. Анын классташ баласы менен сүйлөшүп жүргөнүн билчүмүн. Ал бала өткөн жылдын октябрь айында ата-энесинин каршы болгонуна карабай кыргыз-түрк лицейинен биздин мектепке которулуп келген. Кызым экөө телефон менен сүйлөшүп жүрүшчү тура. Анын ата-энеси дагы "баламдын колунан телефон түшпөй калды, эмнени сүйлөшүп жатат?" деп таң калышчу экен. Ал бала азыр сабакка барып же барбай жатканын билбейм.
Айылда кызымдын өлүмү боюнча ар кандай кептер чыгып жатат, а мен тергөөнүн гана жыйынтыгын күтүүдөмүн. Менде башка арга жок да, сурайын десем кызым тирүү болбосо. Бул ишке эмне себептен барганын бир гана кызым жана Кудай билет.

"КЫЗЫБЫЗДАН ҮМҮТҮБҮЗ ЧОҢ ЭЛЕ"

– Байкаганым, акыркы күндөрү WhatsApp`тагы профилиндеги сүрөттөрүн өзгөртүп, Аллах жөнүндөгү сүрөттөрдү коюп калган. Бир жолу Бишкекке куран окуганды үйрөнүүгө барам деп кечигип барбай калган эле. Профилдеги сүрөттөрүн көрүп ошого бир аз капаланып калган го деп ойлогом. Акыркы үч күнү үйдөн чыкпаптыр. Биз кайненеме жаңы телефон сатып берген элек, кызым ошого жаңы SIM-карта алам деп паспортун дагы алып кеткен экен. Ошол боюнча тоого чыгып өзүн таштап жиберип жатпайбы...
Эми баланын ата-энеси менен кызымдын кыркылыгынан кийин сүйлөшөбүз. Баланы күнөөлүү деп ойлобойм, анткени кызым медициналык экспертизадан таза чыкты. Анан дагы кат жазып же башка нерсе калтырган эмес, эмнеге өз жанын кыйганы тергөөдө билинет го дейм.
Кызым жандандыруу бөлүмүндө жатканда травматологдор сүрөткө тартып, ал сүрөтүн айылга таркатып жиберишиптир. Аны көргөн жаш балдар да, чоң кишилер да катуу коркуп калышыптыр. Анткени кызымды баары тааныгандыктан жаман болушту. Сүрөттү таркаткан кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Эмнеге антип чыгарышат, бир аз ойлонуш керек да. Бизге моралдык жактан катуу эле сокку болду. Кызым тоодон секиргенде буту-колу сынган эмес, башы менен катуу түшкөн экен. Өзү спортту жакшы көрүп, волейболду жакшы ойночу. Адамдар менен бат тил табышар эле. Быйыл 9-классты бүткөн соң медициналык колледжге тапшырсам деген ою бар болчу. Чоң ата, чоң апасы да кайгырып жатышат, анткени баарыбыз ишенген жалгыз кыз эле да.
Аталган айылдагы мектептин мугалими Эжескан Рысалиева менен кабарлашканыбызда ал Адинанын жүрүм-туруму жакшы жана класстын алдыңкы окуучуларынан болгонун, ал эми окуя тууралуу эч нерсе айта албастыгын билдирди.

Адина ушул тоодон боюн таштаган.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(59)
25.01.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Еми барыбызда еле уул кыз бар ошолордун акылын өмүрүн тилешибиз керек еми жаш кыз ар нерсени ойлонот апасы менен бөлүшөйүн десе апасы алыста ушуга күнөөлү биздин ичип жегичтер елдин акчасына жумуш орундарын ачыштын ордуна жеп жутуп чет мамлекеттен уй алып если что качып кетебиз деп жатышбайбы
25.01.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Менин оюмча бул кокустук. Озу тайып тушуп кетти болуш кк
25.01.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эн окунучтууу ыйлап ыйлап алдым жаткан жерин жайлуу болсун менин дагы иним 2013 жылдын 5 январында каза болгон 8 класстын окуучусу болчу жаман эле болдум Уларбегим сенинда жаткан жерин жайлуу болсун иним козумдон ушунчалык жаш кулап буулугуп отурам аттин аттин кырчын омур
25.01.2017. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бул кыз оз жанын озу кыйбаса керек, бул жерде кокустук болдуго деген ойдомун. Ата-энеси жаны телефон алып берген экен, жаны сим карта салган экен интернет трафиги менен.. тоого чыгып селфиге тушом деп жатканда тайып жыгылып тоодон кулап кеткен болуш керек. Негизи жаштар ушул селфинин артынан кубалап суротко тушпой эле койгулачы демекчимин.
26.01.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Aika96, сенин оюң туурадай, мен да ушинтип ойлодум эле
25.01.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менда кокустук болгон деп ойлоп жатам
25.01.2017. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаман болуптур оз жанын кыйган болсо андан жок дегенде буту колу сынсада аман калса болмок эми арты кайрылуу болсун
25.01.2017. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кокустук болгон окшойт, телегейи тегиз эле кыз экен, татынакай. Азыр жаштар тоого чыгып, тоодон тушуп ж.б болуп сельфи суротко тушкондур мода кылып алышкан. Жогоруда Aika96 айткандай селфилеймин деп кокустук болгон окшойт.
25.01.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Ĝuku 5 менин жашоом сопсонун эле мага кийгилишпей эле койчу макулбу?Каерге эмне деп калтырам оз эрким Сенин жашоонду талкуулап аткан жерим жок Баламды кантип тарбиялайм озум билем.Мынтип бешиктен бели чыгалек жигит аттууга жолотпойм Силерге ошол нормалдуу корунуш болсо он беш жашында эркек мн жанаштырып он алтысында кечээки кызга окшоп тууп койсо ошол норма абийир ар намыс каякта уруп да ойнобойсунар себеп Демократия
Gulzat86 түзөттү 2017-01-25 22:59:08
25.01.2017. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Gulzat86,нанды чон тиштесен да созду чон суйлобо
27.01.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
meni_kut,адамдар акылдуугун качан коем экен
26.01.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул кыз оз жанын кыйбаса керек.Мындай жерге жалгыз барып эмне кылмак эле.Менин оюмча бул кыз бироо менен чогу барган селфиге суротго тушобуз деп тайып кетсе керек.Бул кызды коргон билгендер болгондур жакшылап сураштырыш керек.Озу тарбиялуу жакшы уй булонун кызы болсо жанын кыйганга эч кандай себеп жоктой.
26.01.2017. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен да ошентип ойлоп жатам кокустан эле тайып кетти болуш керек эч ким мн урушпаса башка болбосо эмнеси болсо да бейишин берсин жапжаш чырактай кыз экен
26.01.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mononoke, бир же бир нече бөлүмдө бир нече окшош (жазылышы гана эмес, мааниси да) билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
26.01.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балким чыгып капилет басып тайып кеткендир.
Жакшы иш болбоптур ата энесине сабыр тилейм жаткан жери жайлуу болсун
26.01.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары жакшы болсо анда неге озун боюн таштайт.кокустуктан тайып кулап кеткендир ким билет.арты кайырлуу болсун эми бешене экен
27.01.2017. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
9-класста паспорт не кылсын жайы жайлуу болсун
27.01.2017. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. Өз өмүрүн кыйды дебей. Тоого чыгып кокусунан кулап кетти дегим келди. Жаратканым бейиш төөрүнөн орун берсин.
27.01.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сүйүүгө балээ барбы
27.01.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай боорум ооруп кетти, аябай татынакай кыз экен.
Жапжаш болуп туруп эмне мындай жолго барды экен. Же бироо туртуп жибердиби? Тергоо баарын иликтейт деп ойлойм. Жайын жаннаттан кылган болсун. Ата-энесине сабыр тилейм. Ушу тиричиликтин айынан оспурум балдардын ата-энесинен алыс осуп оз койгойлору менен оздору болгондугу окунучтуу. Балким кыздын да коонундо бир койгойу бардырле. Чон ата,чон-энелери да эми оздорун куноолу сезип жатышкандыр.Кудай сабыр берсин баарына.
27.01.2017. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Иий Кадамжайда жургондо бир братишкам жонотуптурле ушул кыздын фотосун коруп журогум тушуп калды((( жигити м.н урушуп озун таштап ийиптир дер айтышып аткан болчу((( Жаткан жери жвйлуу болсун ....
27.01.2017. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ж аткан жери жайлуу болсун. Озунун жанын озу кыйган жок д ойлойм жанында бироо бар болуш кк.Кокустук болуп учуп кетти жанында болгон адам коркуп айтпай жатат болуш керек жалгыз кыз деген мн ар бир баланын оз орду бар да он кыз болсо деле жоготуу жаман
27.01.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге мен жазган комментарии кетпей атат?
27.01.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
9-класстын окуучусунда кайдагы паспорт . 9дун куболугу менен алынатго паспорт. Кызык.
27.01.2017. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9-класстын окуучусунда паспорт болбойт.
30.01.2017. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Julien1212,азыр 1 айлык балада да паспорт болот каласан
27.01.2017. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым аай
28.01.2017. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул куракта балдардын дайым жанында болуп, аны менен сырдаш болуп, коп урушпай тушунгонго аракет кылыш керек.
28.01.2017. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо жигитинен интервью алгылачы сураныч?
28.01.2017. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакындарына сабыр тилейм. Ажал келсе жарга , сууга, отко куйуп болсо да олот экенсин да. Бейишин берсин.
28.01.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буту колу сынбаптыр, башы тийгенине караганда кокустук болгон. Менимче же тайып кетип жыгылган же башы айланып кулап кеткен. Себеби адам озун таштаса башы менен эмес кобунчо буту же денеси менен тушмок. Жаткан жери жайлуу болсун. Аллах бейишинен орун берсин. Ата-эне бир туугандарына сабыр тилейм. Жараткан ата-энени баладан, баланы ата-энесинен эч качан ажыратпасын.
30.01.2017. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iiiii jaw kyz eken,jatkan jeri jailuu bolsun bawka ne deibiiiiz
30.01.2017. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ! ушул кыздын жигитинен интервью алыныздар!!
31.01.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча, Ата-апасы алыста иштеп жүрсө ар бир кызбы балабы Ата энесин сагынатда. Бул тоого чыгып балким жаңы телефон менен селфи кылайын деген оюу бардыр эле, анан кокустук болуп тайып кеттиби деп ойлоп калдым. Ажал экенда. Ата-Энесине сабыр берсин.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо