БИР ИРМЕМ…

№742 20-январь-26-январь, 2017-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

– А мен эми кетпейм. Биротоло сенин жаныңда болом!
– Болду... Апамды да кыйнап койдум. Сени менен сүйлөшө бергенди токтотуум керек...- жигит оор үшкүрдү.
– Мен келдим, Эрлан!
Жигит саамга үндөбөй туруп калды да, анан чочуган кишидей шарт артына бурулду. Айдай аны жаш толгон көздөрү менен жалооруй карап турган экен. Эрландын чачы, сакал-муруту өскөн, арыктап, жүдөп калган эле. Ал Айдайдан көзүн албай ордунан турду. Бул нерсеге ишенүү кыйын эле. Анын маңдайында көксөп, кусаланып күткөн периштеси турган. Кыз ордунан туруп, акырын жигиттин моюнуна асылды. Айдайдын жагымдуу жыты жигитти акылынан адаштыра жаздады. Бирок дале тили күрмөөгө келбейт. А кыз болсо уламдан-улам Эрланды бекемирээк кучактап жатты.
– Мени кечирчи!- кыз алы жетишинче Эрланды бекем кучактады.
– Айдай! Айдайкам! Берекем...- Эрлан кызды эми гана бооруна бекем кысып, оюна келген бардык жакшы сөздөрдү кызга шыбырап баштады. Алар бир топко ушул кучакташкан калыбында турушту. Жүрөктөр батыраак согуп, көкүрөктөрдө бири-бирине болгон жакшы көрүү ашып-ташып, акылга да, денеге да кандайдыр бир жыргалчылык тартуулаган "бакыт абалы" пайда болду.
– Сени сагындым... Мени кечирип койчу! Мен эми эч кайда кетпейм. Дайыма жаныңда болом.
– Кетсең артыңдан калбайм. Этегиңе жармашып ээрчийм...- Эрландын үнү каргылданып, бирок күлкү аралаш чыкты.

ххх

Рита Мадиевна менен Элиза демдерин ичине катып, эшиктин сыртынан тыңшап турушкан. Ал экөө деле өздөрүнчө сүйүнүп жымыңдап алышкан. Экөө бири-бирин тиктеп күлүп коюшат.
– Сиз бүгүн Эрлан агайды чыгарасызбы?
– Жок.
– Эмнеге?
– Адегенде бул экөө кайдан жүрүп бири-бирине жолугуп, кайсы жерден ушундай сезимдерди таап алганын айтып беришсин. Анан коё берем!- Рита Мадиевна жылмайып алды.

ххх

Жай болчу. Күн так төбөдөн тийип, мээ кайнатчудай болуп турган. Эрлан кара көз айнегин мурдуна түшүрүп, жанынан өтүп бара жаткан кызды карап калды. Бул жигиттин ушундай адаты бар, өзүнө жаккан кыз көрдүбү, аны бутунан башына чейин сыдыра карайт. Сынап карайт. Бой көтөрүп карайт. Азыр да өтүп кеткен кызды артынан башын бир аз кыйшайтып алып жылмая карап жатты.
– Керемет!- деди анан ал.
Кыз муну укту. Кызарып кетти. Кубанып кетти. Бирок ишенимдүү басыгынан жазбай жолун улады.
– Бир юбканы жөн өткөрбөйсүң го,- унаанын рулунда отурган досу Канат үн катты.
– Юбкалар жөн эле өткөрүп жиберүү үчүн жасалган эмес. Алар суктануу үчүн, рахат тартуулоо үчүн жаралган!
– Хе, суктанып отура берели! Элдер көлгө кетип жатышат. Экөөбүз Бишкектин кан кайнаткан ысыгына рахаттанып, суктанып отурабыз.
– Кетиш керек!
– Кайда?
– Көлгө.
– Экөөбүз элеби?
– Жок, тиги дагы барат!
– Ким тиги?
– Азыр өткөн кыз.
– Барбайт.
– Барат. Эмнеге мелдешесиң?
– Эгер курбусун кошо ала барса, менин эсебимден эс аласың.
– Жарайт. Айда артынан...- Канат шашып калды. Кыз анчалык деле алыс узабаптыр, шашпай басып бараткан экен.
– Жай эле, жакыныраак айдай бер!- Эрлан досуна буйрук берип коюп, тротуарда бараткан кызды кайрадан жанагыдай суктануу менен тиктеп жатты. А кыз жылмайып гана кете берди. "Хе, мен буга жактым. Жылмайганын эле карабайсыңбы? Кел түш, таанышабыз деп жатпайбы. Тентек десе…" Эрлан ичинен сүйлөндү.
– Сиздин атыңыз Айжанбы?
– Жок.
– Сауле!
– Жок.
– Мм, Карлыгач...
– Жок.
– Оля? Наташа? Бурулча? Элнура?
– Наргиза.
– Абдан жакшы!- Эрлан жай жылып бараткан унаадан шып түшө калып кызды жандай басты.
– Мен – Эрлан. Балмуздак жейсизби?
– Жок, рахмат.
– Ысык, ээ?..
– Ооба, ысык. +40 дешти го.
– Көлгө барасызбы?
– Түшүнбөдүм.
– Биз досум экөөбүзбүз. Сиз курбуңузду чакырыңыз. Бүгүн кеттик көлгө? Эс алып, сергип келебиз.
– Өтө эле шыпылдак экенсиз...
– Жок, шыпылдактык эмес. Күн ушундай ысып жатса, мен сиздин жаныңызга келип алып жакшы баланын ролун ойной бергеним туура болбой калат го. Сизди да кыйнап. Ошон үчүн бардык керексиз нерселерди жыйыштырып, көлгө барып келели деп сунуштап жатам. Башкысы сиз мага жактыңыз. Сиз менен көлгө барсам сонун болмок. Барасызбы?

Марат Жанбараков

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Башка сандарда:
БИР ИРМЕМ (сериал) 722-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 723-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 724-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 725-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 726-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 727-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 728-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 729-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 730-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 731-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 732-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 733-сан
БИР ИРМЕМ... 734-сан
БИР ИРМЕМ... 735-сан
БИР ИРМЕМ... 736-сан
БИР ИРМЕМ... 737-сан
БИР ИРМЕМ… 738-сан
БИР ИРМЕМ... 739-сан
БИР ИРМЕМ… 740-сан
БИР ИРМЕМ… 741-сан
БИР ИРМЕМ… 743-сан
БИР ИРМЕМ… 744-сан
БИР ИРМЕМ... 745-сан
БИР ИРМЕМ... 746-сан
Комментарийлер(19)
25.01.2017. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мен биринчи
25.01.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мен экинчи
25.01.2017. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мен учунчу
25.01.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экоонун романы башталды
25.01.2017. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Урааааааааааа мен да эми коммент.жаза алам буга чейин жолум болбой ар нерсе боло берчу))
25.01.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен тортунчу(мындан кийин биринчи болом)
25.01.2017. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен биринчи экинчи дегендер ХХХ!Темага коммент жазсанар.Же акыл денгээлинер ушу элеби?...
25.01.2017. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынча кыска
25.01.2017. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун болуп бутот турбайбы акыры афторго рахмат
25.01.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жакшы
25.01.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
не афтор а автор))))
25.01.2017. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Неге Айдай эмес, Наргиза???
25.01.2017. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кыздын курбусу Айдай болсо керек
26.01.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз кылыктанып атын башка айтыда, Айдай эле
26.01.2017. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдайдын курбусубу же Айдай өзү атын башка айттыбы?
26.01.2017. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир жума кутконуму актабадынар админ(((.авторго ыраазычылык
26.01.2017. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчи кун(дуйшомбу)сайын эмнеге чыкпай калды?
28.01.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коп коптон жазгылачыыы .Супер инфоо
30.01.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары бүткөндөле окуш керек экен күтүп жүрө бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо