Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ

№742 20-январь-26-январь, 2017-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

– Бекиткен кабелиңди көрөлү,- дейт. Макул болуп, жаныбыздагы дүкөндөн бирден сыра алып контейнердин артына өтүп, сүйлөшүп отурган адам болуп тунукенин түбүндөгү кабелди көрсөттүм. Егор түшүндү. Машинага барып отурганда Егор атасына:
– Көрдүм, кабель турат. Бирок ишениш кыйын, өтө эле опурталдуу окшойт,- деди. Иваныч да ошондой дегендей башын ийкейт тимеле. Жиним келип кетти:
– Ой, Иваныч, коркунучтуу эмнеси бар, силердин ишиңер кирип бир-эки кнопканы баскылап, акчаны алып чыгуу эле. Бирөө кармаган күндө деле "акчамды алайын десем ушунча чыгарып берди" деп коёсуңар, болду да. Анын эмнеси опурталдуу, эң кыйынын мен кылып жатам го. Болот же болбойт деп бир жообун бер. Болбой турган болсо ушундайында токтотуп, унуталы бул ишти,- дедим. Иваныч менимче түшүнүп эле турду, өзүнө көбүрөөк акча алайын деп ушул өнөрүн көрсөтүп жатат окшойт. Иваныч акыры макул болду:
– Кирсанов, мен макулмун. Жана сүйлөшкөнүбүздө бул иштен кийин чоңураак дагы "тема" бар дегендей кылдың эле. Ал кандай "тема"?
– Азырынча айта албайм, биринчи бири-бирибизди көрөлү. Ишенсе болобу, иштешсе болобу дегендей, түшүнөсүз да. Кийинки "темада" кеминде 4-5 миллиондон алсак болот. Бирок ал жөнүндө азырынча унуталы.
Иваныч мени карап:
– Кирсанов, капа болбосоң тамеки чегип келбейсиңби, Егор экөөбүз шыбырашып алалы,- дейт. Макул болуп машинадан алысыраак барып тамеки чегип отурдум. 10 мүнөттөй сүйлөшүштү окшойт, акыры телефон чалып чакырышты. Машинага отурсам Иваныч эки алаканы менен рулун бир чаап:
– Кирсанов, биз макулбуз, айта бер анда, кимибиз эмне иш кылабыз? Руль сенин колуңда, капитан!- деп күлдү.
Үчөөбүз 1 сааттай отурдук, планды майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрдүм. Ар кимибиздин кылар ишибизди, саат канчада жана башка, айтор, секундасына чейин талкуулап, качан гана кынтыксыз экенине көзүбүз жеткенде тарадык. 50 күндөн кийин кечки саат 11лерде ишке ашыра турган болдук "теманы". Иваныч Приднестровьеден 3 адам алып келмек болду. Иваныч "эмнеге 50 күндөн кийин?" дейт. Ар шылтоонун башын бир айтып кутулдум. Мага ошондой кылыш аябай зарыл эле. Акчанын жоголгонун билип, изилдеп, издеп мага жеткенче кеминде 10 күн өтөт, ага чейин эгер баары жакшы болсо, Иванычтардын жардамы менен дагы бир иш кылышым керек.
Ал банкты бүтүп, тапшырып, Москванын жанында Зеленоград деген шаарга башка банкка кеттим.
"Теманы" кылар күнү эртең менен саат 10дордо Иванычтын адамдарын көрөйүн деп Москвадан жолуктук. 3 адам алып келиптир. Алар банкка киргенде жасалма сакал, көз айнек, мурутчан, кыскасы, эртеси таанылбай турган болуп кириши керек эле план боюнча. Өздөрүнүн чыныгы өңү кандай экенин билбедим, бирок 3 адам отурган экен машинада, баары тең сакалчан, мурутчан, көз айнекчен. Иваныч мени тааныштырды:
– Кирсанов деп коём, силер үчүн деле Кирсанов,- деп мени карап: – Кирсанов, буларга ишенсе болот, ал жагынан кам санаба. Кечинде ушул турган кийимдери менен киришет. Баарын түшүндүрдүм, акчаны аларыбыз менен түндөп кайра кетишет.
Кечинде ноутбук алып, кийимимди өзгөртүп, толук адамдай болуп ичиме үйлөмө жаздык ороп, көз айнек тагып банкка келдим. Саат 11ден 25 мүнөт өткөндө дүкөндөн сыра алып чыгып контейнердин артына, пайдубалга отуруп калдым. Эки селсаяк отурган экен, кууп жибердим. Контейнердин арты болгондуктан жолдогуларга көп деле байкала бербейт элем. А видеокамера ал жерди көрсөтпөйт. Банктын ичинде бирөөлөр болгондо да, айнеги сырттагыларга ичи көрүнүп, ичиндегилерге сырт көрүнбөй турган айнек болчу. Жанымда отуруп эле байкап койбосо, эч нерседен коркпосом болот. Сыра ичкен адам болуп отуруп ноутбукту кабелге уладым да, 11ден 30 мүнөт өткөндө банкоматтагы доллардын курсуна бир нөл коштум. Иваныч 3 карточкага 1500 доллар салышы керек эле. Эгер иш жакшы бүтсө, 10 эсе көп кылып алыш керек.
1 мүнөттөн кийин биринчи адам кирди. 3 мүнөттөй жок болду да, чыгып кетти. Эгер баары жакшы болсо чыгып келатып эшиктин алдында турган таштанды чакага бир нерсе таштап чыгыш керек эле. Биринчи адам тамекинин бош кутусун таштап өтүп кетти. Мен дароо доллардын курсун баштапкы калыбына коюп койдум. 5 мүнөттөн кийин экинчи адам кирип кетти, ал да чыгып баратканда таштанды чакага бир нерсе таштай өттү. 5 мүнөттөн кийин 3-адам да таштанды таштаган чакага бир нерсе таштап чыгып кетти. Ноутбукту үзүп, кабелдин учундагы разъёмду кыркып салып, кабелди тунукенин түбүнө бекитип койдум. Сырамды ичип бүтүп, контейнерге ыргытып жиберип мен да кеттим ал жерден...

Кайрат Какеев

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Башка сандарда:
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 737-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 738-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 739-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 740-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 741-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 743-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 744-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 745-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 746-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 747-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 748-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 749-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 750-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 751-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 752-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 753-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 754-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 755-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 756-сан
Комментарийлер(17)
25.01.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кокуууй
25.01.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тyйолки анан
25.01.2017. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эээ эми эле кызыгына келгенде бутуруп койосунарда
25.01.2017. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Москвада жургондо кезигип калсак гана))
Чогуу темаларды жасамак экенбиз;)
25.01.2017. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Окуп озум жасап жаткандай калчылдап кеттимго
25.01.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
шумдук
25.01.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Соонун жазган го, журогум тез согуп калды эле бутуп калды
25.01.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн кызыгы ушул темада суперде. Эми банктагылар абайлап калат электриктерден
25.01.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соз жок мыкты. Болгон окуябы бул же корком адабиятпы
25.01.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эми образга кирип тиги кирсановду элестетип жибердим эле. бир жума кутмой эми
25.01.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кирсанов брат ушул китепти мага берчи озум эле жазып койойун))
25.01.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай кызыктуу жазылып жатат. бир жума кутуу керек эми.
25.01.2017. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ичи корунуп сырт корунбой турган айнек же тескеричеби????
26.01.2017. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кирсан деген кыргызда ат барбы? Кирсанов дейтда. менин мээм мынчалык неге иштебейт э. таап алган акчамы ала ката албайм анан
27.01.2017. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
erkeleim,ал деген башка бироонун паспорту менен иштейт да,калмык деп атты беле
28.01.2017. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
azia9393,дааа туптуура
28.01.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо