Назира Кадыева, ди-джей, ырчы: «БУЛ ҮЙ ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗДҮН МАҢДАЙ ТЕРИБИЗ»

№743 27-январь-02-февраль, 2017-ж

– Назира, бул турмуш кургандан кийинки алгачкы алган үйүңөрбү?
– Ооба, жаңы баш кошкондо кайнатамдардыкында турчубуз. Ошондо жаш жубайлар батирден батирге көчүп жүрүшсө, биздин ата-энелерибиз бактыбызга үй алып койгон экен деп аябай ыраазы болчумун. Анан эркелеп алардын үйүндө жүрө бербей деп жолдошум экөөбүз акча чогултуп маңдай терибиз менен ушул үйдү алдык. Буюрса, быйыл бул үйдө 3-Жаңы жылды тостук.

– Үйдүн курулушу өзгөчө экен...
– Муну «сити хаус» деп атап коёт экен. Американын технологиясы менен курулган термо үй. Жайында салкын, кышында ысык болот. Үйдү салып жаткан компания Америкада кирпич менен салынбайт, кирпич аларда музейде туруп калган деп аябай кызыктырды. Үйдүн жылытуучу түтүктөрү деле жок, полдун астынан жылытат. Тоого жакын, абасы таза деп ушул районду жактырганбыз (ред. Бишкектин Көк-Жар району).

– Үй алам деген жаштарга кызык болсо керек, кандай шарт менен алдыңар айта кетсең...
– Үй салына электе 12 миң доллар төлөдүк. Калганын шартыбызга жараша үй бүткөнчө төлөп бүттүк. Компания сөзүнө туруп бат эле үйдү бүтүрүп берди, эшик терезе коюп калганын табитибизге жараша жасап алдык. 80 чарчы метрлик үй 55 миң долларга бүттү. Эми, Кудай буюрса, жер тилкебизге чоң үй салалы деп пландап жатабыз.


КИРЕ БЕРИШ

"Коридорубуз өтө тар да, кенен да эмес. Эң негизгиси көп кийим батчу купе-шкафыбыз батып турганы кубандырат".


АШКАНА

"Ашкананын эмеректери ачык өңдө болгонун жактырам. Бул жактагы жумшак эмерек да алгачкы оокатыбыз. Ал эми муздаткычты апам белек кылган. Газ плитасын базарда соода кылып, тапкан акчама алгам".


КОНОК БӨЛМӨСҮ

"Бул биздин конок үйүбүз, мен аябай көп бир тууганмын, алардын баарын чогултканда араң батабыз. Албетте жасалгасы менин табитим менен жасалган. Туш кагазын суюк туш кагаз деп коёт экен, балдар кармаса колунун изи калбайт, жыртылбайт экен жамаса билинбейт тура, айтор, кыргыздарга ылайыктуу".


УКТООЧУ БӨЛМӨ

"Уктоочу бөлмөдөгү эмеректеримдин баасын айтып мактангым келбейт. Жаңы баш кошкондо алгандыктан биз үчүн баалуу. Баса, мен көп боёнбогондуктан күзгүнүн алдында аз отурам".


"Бул жакта сахнага, тойлордо "Жар-жар" айтканда кийүүчү көйнөктөрүмдөн сырткары, жолдошумдун да параддык кийимдери илинип турат".


ЖУУНУУЧУ БӨЛМӨ

"Биздин жуунуучу бөлмө, кенендиги менен ыңгайлуу десем болот".


Замира Рахманбердиева
Алишер Алиев
star@super.kg


Ди-джей, ырчы Назира Кадыеванын үйүндө конокто

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(12)
01.02.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ошондо 3 болмолу болуп калабы коридор ваннаны кошпогондо?
01.02.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ак оргонуздор кут болсун, бизге да ушундай уй буйрусун!
01.02.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мизилдейтго таптаза тыкан ашыкча эч нерсе жок
01.02.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аябай тын, тыкан эжеке экени байкалып турат. Бардык нерсеси оз ордунда, суйлогону сонун мааниси менен! Азаматсыз!
01.02.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Назира абдан жакшы кыз . Бактылуу бол. Ак оргоонор озуорго буюруп, жакшылыктар коп болсун.
SUPER.KG видео
01.02.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы уй экен насип кылсын. Жакшылыктар коп болсун бул уйдо. Мага озгочо ашканасы аябай жакты кенээн экен. Бактылуу болунуз....
01.02.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Назира эже уйунуздор кут болсу уйнуздорго тууган эл толуп тойлор жалан жакшылыктар боло берсин!
01.02.2017. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун экен мага жакты
01.02.2017. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болот ошол не кыласын дагы салып
03.02.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuyoosu ekoole jawaibu?Baldary jokpu?
04.02.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламатсыздарбы жердештер жана Супер инфо гезитинин жамааты!Кыргызстандан ипотекага квартира алуу учун кандай ,документтер керек, кандай жолдору бар?Мен чет олкодо болгондуктан сиздерге кайрылып жатам.Маалыматтар болсо жазып жонотсонуздор. Рахмат!
06.02.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кут болсун коптун катырында бизге да болсун
уйунуздордо тойлор жакшылык кундор болсун насип кылсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо