Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нурмат Садыров, ырчы: "МАИ КЫЗМАТКЕРИ МАШИНА АЛЫП БЕРГЕН"

№743 27-январь-02-февраль, 2017-ж

Нурмат Садыров 2010-жылдан бери маршруттук таксиге түшө элек. "Ушул унаамдын алды-артына күйөрман кызым "Нурмат, мен сени сүйөм" деп жазып, телефон номерин калтырып кетиптир. Ошонун айынан полировка кылдырганча жөө жүрүп калдым",- дейт ал.

УНААСЫ ТУУРАЛУУ:

Үлгүсү
– Lexus
Модели – GS 300
Кыймылдаткычынын көлөмү – 3000 см3
Чыккан жылы – 2008-жыл
Баасы – 12 000 доллар
Түсү – Кара
Эң жогорку ылдамдыгы – 260 чакырым-саат

"МУЗДАТКЫЧКА УНААНЫН СҮРӨТҮН ЧАПТАЙ БЕРЧҮМҮН"

-Бала кезде унаа айдаганга кызыгып, зымды ийип унаа, дөңгөлөк жасап ойночумун. Атам трактор айдагандыктан үйдө темир-тезектин түрү бар эле. Ошолордун таасиринен улам техникага жакын болуп өстүм. Кошунабыздын Жигулисине кызыгып жүргөн күндөрдүн биринде таякем жапжаңы Волга 3110 үлгүсүндөгү унаа алды. Апакай болуп турса кызыгып кармагым келе берчү, таякем чиесиңер деп жакындатчу эмес. Атама "чоңойгондо ушундай машина алып, апам экөөңдү салып шаарга алып барам" десем, "ээ, балам, сен чоңойгондо мындан да сонун машиналар чыгат" дегени эсимде. Ошол кыялым орундала тургандай сагыз сатып алып, андан чыккан унаанын сүрөттөрүн муздаткычка чаптай берчүмүн.
Эң алгач рулга отурган күнүм эсимде. Илич, Билим деген балдар менен "Трио" деген топ ачып, "Асылзат" деген ырыбыз популярдуу болгон эле. Ошондо Ысык-Көлдүн Боз-Учук деген айылына концерт коюп барганбыз. Мурун байкелеримдин унааларын ары-бери жылдырып эле койгонум болбосо, айдай алчу эмесмин. Концерттен чыгып мени кыйын айдайт экен деп ойлоп калсын деп сыр бербей Билим деген баланын кичи автобусун айдай калып, артымдагы имаратты сүзүп алдым. Ошентип быссымылда дегенде эле кичи автобус айдап бир топ тажрыйба топтогом.

"КЫРСЫКТАГАНЫМ ЖАКШЫ БОЛГОН ЭКЕН"

Алгачкы күмүш түстөгү Тойота Камри үлгүсүндөгү унаамды 2013-жылы бир тууган агам белек кылган. Аны айдап досторум менен Кара-Балтага концертке барып келе жатып чиркегичи бар оор жүк ташуучу унаа сүйрөп кетти. Тулпарым такыр эле жарабай калган, аман калганыма сүйүнүп, темирге кейиген деле эмесмин. Бир жагынан кырсыктаганым жакшы болгон экен, тобо кылып, шашпай, жол эрежесин бузбай айдап калдым.
Андан кийин өзүм акча чогултуп, унаа алайын деп базарга барып эң арзанын алып жатсам, МАИде иштеген тааныш байке "сага ак түстөгү Ниссан Сефиро таап койдум" деп чалып калды. "Акчам жетпейт" десем, өзү 1 жарым миң доллар кошуп алып берген.

"УНААМДЫ ДОСТОРУМА ДА БЕРБЕЙМ"

-Андан кийин Хонда Аккорд үлгүсүндөгү кызыл машина алып айдап жүрсөм Бегимай Карабаева "машинаңыз жакты, сатсаңыз мен алам" деп калды. "Макул, сага арзан эле берем" деп койгом. 2 жумадан кийин алам деп келип калыптыр. Мынчалык тез болуп кетерин ойлогон эмесмин, айла жок сөзүмө туруп сатып ийдим.
Тойлордо ырдап чогулткан акчама ушул Лексус үлгүсүндөгү унаамды алдым. Интернеттен сатылат деп жарыя чыккан күнү барсам 7-8 кардар талашып жатышыптыр. Анан ырчы жигит экен деп мага беришти. Машинамды аябай таза алып жүрөм. Кичине эле кирдеп баштаса кир кийим кийип алгансып өзүмдү жаман сезем. Досторум машинага аяр мамиле кыларымды билип, унаамды сурашпайт. Бул тулпарым шаар ичинде күнүнө 13 литр бензин коротот.
Былтыр Токтогулга жердештериме концерт коюп баргам, концерттен кийин алар менен сүрөткө түшүп өзүнчө эле Майкл Жексон болуп алгам. Анан сүрдөп кетип машинамдын тескери жагына отуруп алып жатпаймынбы. Дагы жакшы, досум бар болчу, ага ачкычты бердим да, ал айдап кетип билинбей калды.

"МАИ КЫЗМАТКЕРИНИН ТОЮНДА ЫРДАП БЕРИП КУТУЛГАМ"

-Унаага байланыштуу эч кандай ырым-жырым колдонбойм. Болгону алыс жолго чыкканда жол дубаларын окуп коём. Анан кырсыктагандан кийин дөөтүнү сатыш керек дебей, айдаш керек дегенге аябай ишенип калдым. Себеби кырсыктаган унаамды айдап жүргөндө "муну сатып, үстүнө акча кошуп жакшы машина алсам" деп көп айтчумун. Машинанын моторун чачып оңдой албасам да, дөңгөлөгүн чечип алмаштырып, жарык берүүчү фараларын оңдойм. Жайында өзүм эле жууйм.
Бир жолу жол эрежесин бузганымда МАИ кызматкери тосуп калды. "Тоюңузга барып кызмат кылам" деп кутулган элем. Кийин тоюна чакырып ырдап келгенден көп өтпөй бир багытта кетүүчү жолго түшүп алыптырмын. МАИ кызматкери токтотту, түшсөм баягы байке экен. "Мени таанып алып жол эрежесин бузуп эле жүрөт экенсиң да" деп күлгөн.

"Салонумда дайыма нымдуу чүпүрөк, комуз, формаларым жүрөт. Тойго чакыруу болуп калса унаамдан эле кийинип даяр болуп калам".


Замира Рахманбердиева
Алишер Алиев
star@super.kg


Нурмат Садыров: "Унаамды ырчы Бегимай Карабаева айдап жүрөт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(35)
01.02.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бегимай Карабаева эмнеге айдап журот?
01.02.2017. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кыйратты
01.02.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
МАИде иштеген тааныш байкеси 1,5миң доллар берип койсо ,ГАИшниктер чака мн сузуп акча таап аткан экен да.
01.02.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Bizndi juutatgo
Leksusgo
Nurmat sen olo Makitanchaksyn
Maga jakpaisyn
SUPER.KG видео
01.02.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жонокойлугу мн элдин журогунон орун алды азаматсын таланттына таазим чыныгы талант бар нурматта
01.02.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurmat maktanchak bala eken
Mashinasyny olo maktaptyrgo
SUPER.KG видео
01.02.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай кичи пейил жигит экен. Торгоюнун артынан эми бир ыймандуу жарга туш бол. Же куйо бала кылып алсакпы? Сизге бап бир кыз бар;) а так ал да не подарок дегендей. Торгоюн акжолтой машине болсун. Астынан ар дайым шамал отуп турсун. Бактылуу бол
SUPER.KG видео
01.02.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красавчик
SUPER.KG видео
01.02.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молоток жакшы суйлоптур жонокой жигит ушунундан танбай иштеп журо бер бактылуу бол.
Медиа-портал
01.02.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamatsyn, mashinan kut bolsun! Remen'di tagynyp jur!
SUPER.KG видео
01.02.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Комментарийлерден жакшы создорду кутом ( жылмайган быйтыкча)
Молодец башкача жагымдуу кордум . ото жонокой адамды озуно тарта турган маек болуптур
01.02.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде тааныш билиштин заманы. Эртен бир косяк кылса кочодо ээ брат тоюнузда ырдап берейинчи дейт экен да? Гаилердин кучу карапайымдардын акчасын алып ал акчага ушул окшогондорго кызмат кылдырып а булар мактанып дегендей.
SUPER.KG видео
01.02.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай соонун жонокой мыкты жигит экен ийгилик каалайбыз азаматсын!!!Эми апан айткандай жакшы ыймандуу кызга туш болуп уйлонуп бактылуу болушунду каалайбыз.
01.02.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
азыркы заманда бекер эмес карызга да анча беришпейт го кичине окшошпой калыптыр ушунсу
01.02.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буюрусун. Сен жакшы баласын
01.02.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактоого бир аллах татыктуу
01.02.2017. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Наоборот Нурмат мактанбайт. Абдан жонокой. Сен мыктысын, таланттуусун!
01.02.2017. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мактанбай эле суйлогон. Денсоолук болсо баары болот, жонокойлуктон жазбаныз!
SUPER.KG видео
02.02.2017. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нурматтын мурунку Берген интервьюларында кандай жонокой болсо азырда жонокой екен.Ден соолугун чын ,омурун узун, бактылуу бол.Чыгармачылыгында албан,албан ийгилик.
SUPER.KG видео
02.02.2017. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
5;23 мин,сек.Кайсыл ыры Нуриктин админ билип берип койунуздарчы,рахмат
02.02.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Азаматсын!Жонокой экенсин.Аял албай,кыз ал! Тамаша.
02.02.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
видиосунда нормальный эле суйлоптур )) тиги жазма турундогусун мактангандай кылып жазышып коюшуптурдаа ))) молодец Нурмат
02.02.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аявай жагасыз да,жонокойсуз.Ишинизге ийгилик!Дагы коптогон бийиктиктерди багынтып журо бериниз!!!
02.02.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага жаккан машина)))) Торкенге качан айдап барасын эми ))))
03.02.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздин шоу бизнес элитасынын маданий деңгеелинин төмөндүгү бул!
03.02.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец! Ийгилик! Мага жагат ырлары
03.02.2017. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылык ийгилик.Жонокойлугунуздон жазбаныз,дайыма донгологунуздон шамал отуп журо берсин!Азаматсыз
05.02.2017. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурматтын кулуп турган коздору жагат.Молодец чыгармачылыгына ийгилик
06.02.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боп кетипсин нурмат насип кылсын красавчик алга
SUPER.KG видео
11.04.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурмат сен менен Нурлан 1 менен 2 ни бербей калдынаргоо ээ шоу бизнесте мододцы ийгилик
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо