-

Мамлекеттик тил комиссиясынын мурдагы төрагасы, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, акын
ЭГЕМБЕРДИ ЭРМАТОВ 24-январда 66 жашында көз жумду.
-
Президент Алмазбек Атамбаев "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбооруна кол койду. Ага ылайык, коомдук жайларда СӨГҮНГӨН жана ИЧКИЛИК ИЧКЕН адамдар 8 саатка коомдук жумуштарга тартылып, акчалай айып салынат же 5 суткага камакка алынат.
-
Ырчы, куудул ЖЕҢИШБЕК АЙТИЕВДИН 12 жашар уулун өлтүрдү деп шектелип камакка алынган 23 жаштагы Нуржигит Анарбаев өмүр бою эркинен ажыратылды. Аталган өкүмдү 24-январда Ош шаардык соту чыгарды.
-
Быйыл АЖЫЛЫК сапарга баруу үчүн Кыргыз өлкөсүнө 4585 квота берилди. Квота былтыркыдан 900гө көп.
-
Өлкөдөгү 86 айылдык кеңештин депутаттарынын курамында бир да АЯЛ жок. Мурунку шайлоодо депутаттардын 25 пайызы аял болсо, бул жолкусунда 21 пайызды түздү.
-
Ошто патрулдук милиция кызматкеринин кашын жара тепкен ырчы АЛТЫНАЙ ЖАЙНАКОВА 7 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө баш ийбөөчүлүк" жана "коомдук тартип бузуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
-
Өлкө боюнча 2700 мечит бар. Анын 600ү акыркы 5 жыл ичинде курулган. Алардын ичинен 429у каттоодон өткөн эмес. Эң көп мечит Ош облусунда болсо, эң азы Талас облусунда жайгашкан.
-
Кыргыз өлкөсүнүн Күрөш федерациясынын президенти болуп ШАРШЕНБЕК АБДЫКЕРИМОВ кайрадан шайланды. Ал эми аялдар күрөшүнүн вице-президенти болуп Динара Исаева шайланган.
- БИШКЕК шаарынын аянты 2025-жылга карата 25 миң гектарга кеңейиши пландалууда. Учурда шаар 16 миң гектарды ээлеп турат. Бул маалыматты өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору билдирди.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg