Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАГЫ АТАКТУУ ВИДЕОБЛОГГЕРЛЕР

№743 27-январь-02-февраль, 2017-ж

Инстаграм аркылуу атактуулукка жетүүнүн жолун билесизби? Ал эми биздин каармандарыбыз күлкүлүү жана оригиналдуу видеолорду тартып, социалдык баракчаларынан бөлүшүп, жаш өспүрүмдөрдүн кумири болууга жетишкен. Кыргызстандагы популярдуу вайнерлер жана скетчерлер менен маектештик.

Инстаграмда жарым миллиондон ашуун окурманы бар видеоблоггер Эльдана Сатыбалдиева:

"МЕН ВАЙНЕР ЭМЕСМИН, СКЕТЧЕР ДА ЭМЕСМИН, МЕН ЭЛЬДАНАМЫН"

– Саламатсыңбы? Малайзияда сени менен чогуу окуган курсташтарың Кыргызстандагы атактуу видеоблоггер экениңди билишеби?
– Бирге окуган курсташтарым менин эмне кылып жүргөнүмдү деле билишпейт. Алар мени Малайзиянын жергиликтүү тургуну деп ойлошот.

– Жаш болсоң дагы кары кишилердин образын мыкты жаратасың, сен үчүн оор эмеспи?
– Жок. Эгер ошондой образ жаратыш керек болсо, анда эч кандай кыйынчылыксыз эле ойной берем. Жаш болгонумдун эч кандай таасири деле тийбейт.

– Окууңду аяктагандан кийин вайн тартууну улантасыңбы же кесибиң менен иштейсиңби?
– Азырынча келечек туурасында эч нерсе ойлоно элекмин, ойлонууга да аракет кылбаптырмын. Чынын айтсам эмне кыларым белгисиз. Келечек пландарымдын үстүнөн иштей элекмин.

– Фанаттарың көп, алар менен сүйлөшүп, жолугуп турууга мүмкүнчүлүгүң барбы?
– Социалдык баракчадан сүйлөшкөн учурлар көп эле болот. Көчөдөн деле жолугушуп калам, андай учурда фанаттарым менен маектешүүгө убакытым тар. Ал эми жаштарга айтарым, тренддин артынан чуркабай, өзүңөр тренд жаратышыңар керек.

ИЙГИЛИГИНИН СЫРЫ
"Эмоциялар менен дайыма бөлүшүү керек. Башкалар чындыкты билгенде гана сага жакын боло баштайт".

"Алия Шагиева менен курбу болгонума 1 жылдан ашты. Бирок мен үчүн кичинемден берки досумдай эле болуп калды".



"Слёзы текли вверх" деген рэп менен популярдуу болгон вайнер Данияр Токтомаметов:

"ВИДЕОГО ӨЗҮМДҮ ТАРТКАНДА ЭРКИН АДАМ ЭКЕНИМДИ СЕЗЕМ"

– Чет өлкөдөн продюсер болом дегендер чыкты дедиң эле, бирөө-жарым продюсер боло алдыбы?
– Мага телефон чалып, продюсер болом, иштешели дегендер көп болгон. Бирок өзүм каалаган жокмун. Себеби инстаграм-блоггерлерге продюсердин кереги да жок. Мисалы, mc_doncha, art_worker_team деген баракчаларымда бир гана юмор. Карап көрсөм мага окшогондор көп, алар деле продюсери жок жүрүшөт.

– Вайнерлик убактылуу кызыкчылык, келечек пландарыңа таасирин тийгизбей элеби?
– Албетте убактылуу. Бирок аябай көп жардамы бар. Мисалы, актёрлук чеберчилик, видео тартуу сырлары, режиссёрлук иш жана эң башкысы адамдык сапаттарга үйрөтөт. Көпчүлүк вайнерлик бекерчинин иши дешет, бирок мен айтат элем, иш жүзүндө таптакыр андай эмес.

– Сенин фишкаң акцент менен рэп окуу. Эгерде вайн тартууну улантсаң ошол эле образды колдоносуңбу?
– Негизи 2 жылдан бери колдонгон вайн баракчам art_worker_team. Жакындан бери акцент менен рэп ырдап калдым. Ал үчүн атайын баракча mc_doncha ачкам. Бул образ башкы образ эмес. Мен ал фишка менен эле чектелип калбайм.

ИЙГИЛИГИНИН СЫРЫ
"Эч качан эч нерседен уялбаш керек. Ошондо гана ийгиликке жетесиң".

Snovadvoe юмордук долбоорунун жигиттеринин бири Адилет Дубаев:

"БИЗДИН ФИШКАБЫЗ ТРЕНДДИН АРКАСЫНАН КУУП, РЕПУТАЦИЯБЫЗДЫ БУЗУУ ЭМЕС"

– Кандайсыңар? Канча убакыттан бери вайн тартуу менен алектенесиңер?
– Жакшы. Негизи Сулайман экөөбүз Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттик телеберүүсүндө иштейбиз. Билим алуу багытыбыз маркетинг жана пиар болгондуктан, кесибибиз боюнча иштөөгө азыртан эле кадам таштоону чечип, мазмундуу видео тартууну баштадык. Алгачкы ролигибиз өткөн жылдын май айында чыккан.

– Eldana_foreyes, mc_doncha өңдүү адамдар силердин атаандашыңар... Алардан эмнеңер менен айырмаланасыңар?
– Биз видео тартууда реалдуу нерсеге басым жасап, принциптин негизинде иштейбиз. Ал кандай принцип? Саясат тууралуу, дин тууралуу жана кайсы бир атактуулардын үстүнөн мазактоого жол бербөө өңдүү алтын эрежелер. Ушул биздин өзгөчөлүгүбүз болсо керек.

– Видео аркылуу кандай идея бересиңер жана аудиторияңардын категориясы кандай?
– Көбүнчө өсүп келе жаткан муунга таалим-тарбия берүү идеясы камтылган. Биздин видеолорду көргөндөн кийин виртуалдуу эмес, реалдуу жашоодо жашоо маанилүү экенин бир аз да болсо түшүнүшөт. Мүнөзү өзгөрөт дегендей. Ал эми аудиториябызды 8 жаштан 54 жашка чейинки колдонуучулар түзөт.

– Күйөрмандарыңар көп болгондуктан видеого силер менен кошо тартылууну сурангандар четинен чыкса керек...
– Ооба. Алардын баарын видеого тартылууга чакыра албайбыз. Бирок тыгыз байланышта болуп туруу максатында февраль айында көрүүчүлөр партиясын уюштурганы жатабыз. Мындан тышкары жакынкы күндөрү кичинекей күйөрмандарыбыз катышкан видео жарыкка чыкканы турат.

ИЙГИЛИГИНИН СЫРЫ

"Биз юмор аркылуу тренд жаратабыз".

Бактыгүл Момбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(11)
01.02.2017. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Snovadvoeнын видеолорду абдан жагат
01.02.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Данияр Токтомаметовдун башында чыккан видео роликтерин коруп жургом.Азыркы кезде такыр эле тушунуксуз акылга сыйбаган видео роликтери чыга баштагандан очуруп салгам.
01.02.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Mc_doncha жакшылап иштеши керек. Вайндары не очень.
01.02.2017. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айжан Асемова беле ошо кана
02.02.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nuriza.kubatova, ал вайнер эмес
01.02.2017. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эльдана эле жагат
01.02.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Snovadvoe nyn rolikteri ayabai kyzyktuu jana maaniluu
02.02.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Данияр Токтомамбетовдун эле видеолору эле жагат мага.сонун,азаматсын
02.02.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эльдана аявай жагат,вайндары жагат
02.02.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рома Жёлудь"ту да кошуп койсонор боло )))
02.02.2017. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Донча! Сенин Тимати менен айткан чыгармак еле болбосо калганы маскарапоздукунан айырмасы жок, реп айтам деп ыйлап алганында туура емес сени коргон жаштар кайда барат, ал кылгандарын адамдык сапатка емес  жаман жака ундойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо