Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИР ИРМЕМ…

№744 03-09-февраль, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

– Мен досторум менен кечээ келгем. Анан бүгүн сизди бул жерден көрүп...- Эрлан сөзүнүн аягын таппай калды.
– Анан?
– Анан... Анан мага эмне болду билбейм. Мен минтчү эмесмин. Сөз таппай калып жатам. Абдан жакшынакай экенсиз.
– Рахмат! Бирок мени антип карабаңызчы?- кыз аны талып карап жаткан жигитке күлө карады.
– Билесизби, азыр сиз кетип каласыз. Мен да кетип калмакмын. Анан өмүр бою сиздин атыңызды сурап таанышып албаганыма өкүнүп өтмөкмүн.
– Ого... Сиз кыйын сүйлөйт турбайсызбы. Акыл-эси кем неме го деп жаткам,- Айдай күлүп жиберди.
– Ошол... таанышканыма кубанычтамын!
– Рахмат! Мен басайын анда...
– Жок!
Кыз суроолуу тиктеп калды. Коркуп кетти. Бирок билгизбегенге аракет кылып жатты.
– Токтой турсаңыз! Айдай... Аа... Жүрүңүз, сейилдеп келебиз? Жээк менен басып. Билем, сиз менден коркуп жатасыз. Бирок... Мен болгону сүрдөп жатам. Сөз таба албай... Уф.
– Жүрүңүз,- деди кыз жылмая. Ал жигиттин абалын түшүндү окшойт. “Мейли, сейилдеп келейинчи, жаман деле адам эмес окшойт. Анан калса кыргызча сүйлөшкөндү деле сагыныптырмын” Айдай ушуларды ойлоп жигитке жанашты.
– Мен көптөн бери Кыргызстанга келе элек болчумун. Көлдү сагындым. Сагынычымды таркатып алайын деп таң атпай келгем. Кетсем кайра сагынам да...
– А сиз кетесизби?
– Ооба.
– Кайда?
– Австралияга. Мен ошол жакта жашайм.
– Жалгызбы?
– Жок, күйөөм менен.
– Күйөөңүз барбы?- жигиттин үнү өкүнүч аралаш чыкты.
– Бар.
– Кечигиптирмин да... - Эрлан кадимкидей капаланып кетти.
– Эмнеден кечигиптирсиз?
– Мен азыр айтсам абдан кызыктай угулса керек. Бирок сиз мага чындап жактыңыз. Ким билет, балким, ашык болуп калдымбы... Жаман оюмда сизге жакмакчы болуп жаткам. Аракет кылып жаткам.
– Оо...- Айдай каткырып күлдү.
– Эмнеге күлөсүз? Бир көрүп ашык болуу деген бар да. Бир эле ирмемде акылдан адашып сүйүп калууң мүмкүн да.
– Сиз бир көрүп ашык болдуңуз беле?
– Жок... Балким, ашык болдум. Бүгүн. Мындан 10 мүнөт мурун. Толук мүмкүн. Себеби мен өзүмдөгү өзгөрүүлөрдү байкай баштадым.
– 10 мүнөт ичиндеби?
– Айдай, сизге бир нерсе сунуштайынбы? Бир күн кечке жаныңызда жүргөнгө уруксат бериңизчи?
– Эмнеге?
– Жанагы суроого жооп табабыз. Балким, мен чын эле сизге ашык болуп калдым.
– Жо-ок.
– Анда жок дегенде түшкө чейин?
– Менин күйөөм бар дебедимби.
– Балким, сиз да мага ашык болуп каласыз...
– Түшкө чейинби?
– Ии.
– Андай болушу мүмкүн эмес.
– Келиңиз, текшерип көрөбүз.
Айдай жооп ордуна жылмайып койду.
– Мен сенден коркуп баштадым. Баса, сенин жашың канчада?
– Эми 25ке чыгам...
– Оо, сен жапжашыл бойдон турбайсыңбы?
– Ал эмне дегениңиз?
– Мен 27демин...
– Эмнеси бар экен? Мен сиздин жашыңызга эмес, сизге ашык болуп жатпаймынбы.
– Эрлан, мен сенден улуу экенмин, анан калса менин күйөөм бар. Ушуларды билгенден кийин сен бир аз кызарып уялып калышың керек эле...
– Эмне деп айтарымды деле билбей калдым, чынын айтсам. Бирок мен сизди күйөөңүздөн тартып алуудан кайра тартмак эмесмин...
– Жарым саат мурун таанышкан адамдан ушундай сөздөрдү уксаң сен өзүң ишенет белең?- Айдай каткырып күлдү.
Эрлан үндөбөдү. Ал эмнегедир ойлуу...
– Тамашаладым, менин күйөөм жок. Ажырашкам. Анан сенин сунушуңа да макулмун. Түшкө чейин мага жакканга аракет кыл,- Айдай каткырып күлүп койду. Чындыгында, Айдай көптөн бери кимдир бирөө менен шек саноосуз, камырабай сүйлөшө элек болчу. Ал дайым чоочун эркектерден чочулап коркуп турат. Азыр бул сүйкүмдүү жигит менен ишенген эски таанышындай сүйлөшүп жатканын сезип, өзүнө таң калды. Ошондуктан жигиттин тамашалуу сунушуна макулдук берди. Жигит жаман адамдай деле көрүнбөйт...
– Андай болсо жүрүңүз, эртең мененки тамакты чогуу отуруп жейли!- деди Эрлан кубанып. Экөө пансионаттын ашканасына жөнөштү. Жигит ал жакта досторунан жашынганга оңой болот деп ойлоду. Айдай экөө жаңы эле тамакка отурушканда, Канат Жийде менен Наргизаны ээрчитип пансионаттын ашканасына кирип келди. Булар үйдө эле тамактаныш керек эле, Эрландын ою боюнча. Жигит дароо башын ылдый сала Айдайдын артына жашынды.
– Сага эмне болду?
– Менин досторум келишти. Мен аларга көрүнбөй эле коёюнчу? Тигинде отурушат.
– 2 кыз, бир жигитпи тигиндеги? Кыздардын кайсынысы сени менен келди эле?- Айдай күлө сүйлөдү.
– Сулуураагы,- деди Эрлан компоюп.
– Анан аны эмне деп алдадың эле?
– Эмне дегеним эсимде жок. Бирок ашык болуп калдым деп айткан эмесмин. Муну даана билем.
– Сулуу экенсиң дедиң да, ээ?
– Ооба.
– Көздөрүң укмуш, үнүң булак үнүндөй шыңгыр дедиң. Ода ырдадың. Байкуш кыз торуңа түштү...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
БИР ИРМЕМ (сериал) 722-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 723-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 724-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 725-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 726-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 727-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 728-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 729-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 730-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 731-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 732-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 733-сан
БИР ИРМЕМ... 734-сан
БИР ИРМЕМ... 735-сан
БИР ИРМЕМ... 736-сан
БИР ИРМЕМ... 737-сан
БИР ИРМЕМ… 738-сан
БИР ИРМЕМ... 739-сан
БИР ИРМЕМ… 740-сан
БИР ИРМЕМ… 741-сан
БИР ИРМЕМ… 742-сан
БИР ИРМЕМ… 743-сан
БИР ИРМЕМ... 745-сан
БИР ИРМЕМ... 746-сан
Комментарийлер(28)
08.02.2017. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биринчи что ли
08.02.2017. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
экинчи
08.02.2017. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учунчу...

08.02.2017. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тортунчуу
08.02.2017. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биринчи, экинчи, учунчу, тортунчу ото кыйын экенсинер!!!
08.02.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
катарды бузбайын, бешинчиии. ..
08.02.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
алтынчы
08.02.2017. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ха ха 7
08.02.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
экинчи
08.02.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
9унчу
08.02.2017. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кутмой башталды
08.02.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эн арттан экинчи))
08.02.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай кыйын жигит экен.
08.02.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
акырынан 1чи
08.02.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
167чи
09.02.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
168чи
09.02.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кийинки санын чыдамсыздык менен кутом
09.02.2017. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Автор эн мыкты жазыптыр
10.02.2017. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми дагы бир жума кутмой.
10.02.2017. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бутпос болду.
10.02.2017. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куто берип чарчадым .
10.02.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
22 чи :D
tram-lam түзөттү 2017-02-10 10:02:54
10.02.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кобуроок жазып койгулачы сураныч
10.02.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кобурок жазгылачы
11.02.2017. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
1 2ге байге берелиби ушуну ойлонуш керек окшойт что то муйуз чыкчудай жарыша айтышат дайыма марага биринчи келгендей. Эмгектерин баалайлы...
12.02.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыркы гоооо
12.02.2017. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык жерине келдиго
14.02.2017. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттурот ко. Китеп болуп чыкканы барбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо