СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№744 03-09-февраль, 2017-ж.

Күрөш

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА "ИВАН ЯРЫГИН" ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШИНДЕ ЖЕҢҮҮЧҮ



Эркин күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн балбандары Орусиянын Красноярск шаарында 27-29-январь аралыгында өткөн "Иван Ярыгин" эл аралык мелдешине катышышты. Аталган мелдеште жалпы 11 кыргыз спортчусу күч сынашты. Алардын катарында "Рио-2016" Олимпиадасынан бери мелдештерге катыша элек Айсулуу Тыныбекова да барды.
58 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Айсулуу Орусия жана Монголия мамлекетинин 3 спортчусун жеңип, финалга чыккан. Финалда орусиялык Вероника Чумикованы 13:3 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.
Тилекке каршы, калган балбандарыбыз медалдарга жетишкен жок.

Универсиада

КЫШКЫ УНИВЕРСИАДА: ОРУСИЯ МЕДАЛДАР БОЮНЧА АЛДЫДА

Алматы шаарында өтүп жаткан Кышкы Универсиадада кыргыз спортчулары медалдарга жетише элек. 29-январда күрөшкө алгачкылардан болуп кыздар арасында лыжа боюнча жеке жарышта Кыргыз өлкөсүнүн спортчусу Кундуз Абдыкадырова катышып, 62-орунда келди.
Ошондой эле эркектер арасында 10 чакырымдык лыжа жарышына түшкөн Тариэл Жаркымбаев 87-орунга жазылды.
Жалпы оюндардын жыйынтыгы боюнча азырынча Орусиянын спортчулары медалдар боюнча алдыга чыкты. Алар жалпысынан (1-февралга карата) 21 медаль (10 алтын, 8 күмүш жана 3 коло медаль) жеңишсе, Япония 2 алтын, 5 күмүш, 1 коло менен 2-орунда жана Казакстан 2 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль менен 3-орунда.

Футбол

АФК КУБОГУ: "ДОРДОЙ" "БАЛКАНДЫ" УТА АЛГАН ЖОК


31-январда Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо өткөн АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында бишкектик "Дордой" Түркмөнстандын "Балкан" командасы менен кез келди.
Эл аралык мелдеште клубдук бөлүнүү деген жок, андыктан Ош шаарында "Дордойду" 8 миңдей күйөрмандар колдоп турушту. Таасирленген "Дордой" алгачкы мүнөттөрдөн тарта чабуулга өткөнү менен, 70-мүнөттө коноктор "Балкандын" коргоочусу Нуртаган Маммедалыев эсепти ачты. Эсеп 78-мүнөттө теңелди. Кайрат Жыргалбек уулунун чыгарып берүүсүн Алишер Азизов башы менен дарбазага таамай сокку узатты. Жыйынтыгында оюндун эсеби 1:1 менен аяктады.
Эми "Балкан" командасы менен жооптук беттеш 7-февралда Түркмөнстандын Балканабад шаарында өтөт.

Адилет Керимбек уул
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
08.02.2017. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкек деген чоң тамга менен жазылат..
08.02.2017. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
F.C.Chelsea, ооба, Бишкек деген жердин аталышы, ошол үчүн чоң тамга менен жазылат. Ал эми бишкектик, оштук, кыргызстандык дегенде кичинекей эле тамга менен жазылат. Көңүл бурганыңыз үчүн рахмат!
09.02.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эльвира Караева,туура
08.02.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыңар айрыкча Айсулуу азамат.бар бол.
08.02.2017. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Айсулуу.Бизде ээми эми онугуп келатат спорт жаатындагы корунуш.
08.02.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз... Бийиктиктерди багында бериниз ....
08.02.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дордой Балканды 2-1менен утту конокто
08.02.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alga kyrgyz stan
10.02.2017. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин спортчулардын аракети ар дайым жакшы деңгээлде жана силер биз үчүн ар дайым мыктысыңар!!!
Айсулуу сиз азаматсыз, менин эжемдин аты дагы Айсулуу)))
12.02.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу сенин беттешүүңу телевизордон көрдүм сен эң мыктысың, ийгилик.
13.02.2017. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чумакованын курошторун тим эле мактап буга чейинки мелдештерде коколотуп келишкен.Канча жолу туз эфирден кором.Айсулуу аны уят кылып коюптур.Азамат,Айсулуу!!!
14.02.2017. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Айсулуу .Алга,иштерине ийгилик.
18.02.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айсулуу азамат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо