СПОРТ МЕНЕН МАШЫККАН АТАКТУУЛАР

№744 03-09-февраль, 2017-ж.

1. Спортко келишиңе эмне же ким себеп болгон?
2. Спорттун кайсы түрү менен машыгасың?
3. Машыкканыңа канча жыл болду жана аптасына канча жолу спорт залга барасың?
4. Сен үчүн спорттун пайдасы?

Курал Чокоев: "КҮЗГҮДӨН КАРАНСАМ КЕБЕТЕМ КЕЛИШИП КАЛЫПТЫР"



1.
– Бир күнү күзгүнүн алдында туруп өзүмө-өзүм жакпай калдым. Ага чейин өзүмдү сын көз менен карай элек окшойм. Курсагым чыгып, сосискадай болуп кебетем келишип калыптыр. Андан кийин досторум менен кафеде отуруп мушташып кеттик. Мушташкандарды арачалайм деп сокку жеп калдым. Ошол күндүн эртеси спорт залга барып жазылдым да, сүрөткө түшүп Инстаграмга илип, "спорт менен машыга баштадым" деп жазып койдум. Окурмандар "сен эртең эле таштайсың" деген сыяктуу көп сөздөрдү жазышкан эле. Алардын ошол комментарийлери мага күч берди. "Карап тургула, мен спортту таштабайм" дедим ичимден.
2. – Спорттун бокс, грэпплинг, кол күрөш сыяктуу түрлөрү менен машыгып жатам. Кичинекейимде спорт чебери болом деген кыялым бар эле. Буюрса, ошого жетем. Менин машыгуумдун максаты – келбетти бир калыпта алып жүрүү гана эмес, келечекте таймаштарга да катышуу.
3. – Такай машыга баштаганыма 1 жыл болду. Жумасына 3 жолу 3 сааттан машыгам.
4. – 3 айдан кийин эле курсак кирди, пресс чыкты. Баскан-турганым өзгөрдү, өзүмдү жеңил сезип калдым.

Гүлжигит Калыков: "СПОРТ ЖАШООНУ УЗАРТАТ ЖАНА СУЛУУЛУК ТАРТУУЛАЙТ"



1.
– Спортко кызыгуума Жет Ли, Жеки Чан, Ван Даммдын кинолору түрткү болду.
2. – Машыгууга кызыгуу жаңы пайда болгондо 3 жыл оюмдун баары футболдо болду. Андан кийин сууда сүзүү менен бирге спорт залга тынбай барып жүрдүм. Азыр бокс, фитнес менен алекмин.
3. – Спорт менен достошконума 14 жыл болду. Залга аптасына 3-4 жолу барам.
4. – Спорттун кайсы түрү менен алек болбо башында кыйынчылыктар көп болот, таштап салгың келет. Тынбай көп жыл машыккандан кийин организм ошого көнөт. 5 жыл мурун сноуборд тепкенге киришкем. Тоонун башында, таза абада, өзгөчө кар жаңы жааганда барып тепсең сонун да. Сноуборд жаңы тээп баштаганда улам тоголонуп аябай кыйналдым. Экинчи теппейм деп коюп кайра барып жүрүп үйрөнүп алгам. Бүгүнкү күндө лыжа, сноуборд тепкен досторум менен тоого көп барып турабыз.
Ар бир адамды спорттун өзүнө жаккан түрү менен машыгууга чакырам. Себеби спорт жашоону узартат жана сулуулук тартуулайт.

Жибек Нурманбетова, АКШнын Лос-Анжелес шаарында жашап жаткан актриса, бийчи, "Тамашоудо" ойноп жүргөн: "МАШЫГУУМДУН АРТЫНДА ЭҢ ЧОҢ КЫЯЛЫМ, МАКСАТЫМ ТУРАТ"



1.
– Спорт менен жакындан таанышкан соң баарын өзгөртүүгө болорун түшүндүм да, буттарымдын булчуңдарын чыңдайын деп ойлодум. Азыр баш-отум менен кирип кеттим.
2. – Спорт – менин жашоом, дүйнөм. Учурда фитнес менен машыгам. Фитнес өзүңдү башка тарабыңдан көрүүгө жардам берет.
3. – Спортко кызыкканыма бир нече жыл болду, бирок олуттуу мамиле кыла баштаганыма 1 жылдан ашты. Күн сайын 2 жарым сааттан машыгам. Менде деле жумуш чыгат, чарчайм, жалкоолоном, маанайым жок болот. Бирок кандай болбосун эртең менен саат 5те туруп алып спорт залга жөнөйм. Анткени бул кылганымдын артында менин эң чоң кыялым, максатым турат. Анын үстүнө ишиңдин жыйынтыгын көргөндө токтоно албай калат экенсиң.
4. – Кайсы куракта болбосун дене түзүлүшүңдү өзгөртүүгө мүмкүн. Өзгөртүү үчүн ыйлачу акыбалга жеткиче машыгышың керек. Мындай эрк менен адам өзүн-өзү тарбиялайт. Спорт менен машыгуу – келбетиңди жакшыртууга, андан да маанилүүсү өзүңө ишенүүгө алып келет.

Сүйүн Кулматова
Алишер Алиев
(Айрым сүрөттөр каармандардын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


Спорт менен машыккан жылдыздар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(17)
08.02.2017. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айткылачы бокс мене канча жашка чейин барып катышча болот
08.02.2017. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тузуксуноргооо
08.02.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аа жакшы.Азыр 30 чыга элек эркектер ич байлап алышкан кыйраткансып,аран басышат,50 жаштагыдай корунот.Спорт мн ар бир адам машыкса коп жашайт.Аялына,озуно эле жакшы жаш, келбеттуу корунот,женил журот.
08.02.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жибек эжем айиийггоо
08.02.2017. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
1-ден спортту жеке ден соолук учун машыгыш керек.
2-ден жеке коопсуздук учун,келбеттуу болуш учун, дегеним кийим кийгенде жарашыктуу болуш учун(чечинип чыгып алмай жок,жарым жыланач болуп кубигим бар дегенсип.)
Биздикилердин жаман жери бир аз машыкса эле талтайып басып,колтукта кирпич койуп алгандай,канат жайылып,кулакты сындырып болбосо 2ай боло элек курошко барганына.
Ушундай терс корунуштон алыс болушу керек.чыныгы спорт менен машыккан адам канчалык атак данктуу,келбеттуу б
08.02.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Келбеттуу болбосун жонокой болушу шарт.
Бирок азыркы кыздарыбыздын копчулугу жамбашты чыгара албай убара .илгеркилер билинип калбадыбы деп кенен кийим кийишсе,азыркылар тескерисинче билинбей калган жокбу деп чыпчыйган кийим кийишет )))

жашоо тескери ;)
08.02.2017. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу Жибектин Инстаграмдагы суротторун корсонор
09.02.2017. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALMAAAN,кандай ат менен отурат
12.02.2017. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Qnet,imjika
SUPER.KG видео
09.02.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айсулуу газета ур.курал китеп ур.зыяшка ийгилик.спорт бул философия !молодцы
09.02.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит ийгилик сага!
09.02.2017. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спорт ар бир адамга керек
09.02.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы кыздар фитнес менен жабашын чыгарыш учун машыгат создун ачыгы
09.02.2017. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй шартында келиндер кантип денени чындаса болот? Кантип табам билип бере аласыздарбы?
10.02.2017. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар коп ийгиликтерге жеткиле
12.02.2017. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аааий бул Жибек легенде уят барбы кантет жаланачтанып ата энен барбы деги
13.02.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спорт жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо