Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАКМА БАЛА АТА-ЭНЕСИН САБАП ӨЛТҮРДҮ ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

№744 03-09-февраль, 2017-ж.

"КАЧЫП КЕТМЕКЧИ БОЛГОН ЖЕРИНЕН КАРМАЛДЫ"

Өзгөндө 22 жаштагы жигит өзүн бир жарым жашында багып алып, эрезеге жеткирген ата-энесин сабап өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул оор кылмыш тууралуу Ош ОИББинин маалымат кызматынын кызматкери Жанна Сатарбаева төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Ушул жылдын 10-январь күнү болжол менен түнкү саат 2лер чамасында Өзгөн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аталган райондун Куршаб айылындагы үйлөрдүн биринде киши өлтүрүү болгондугу боюнча маалымат түшкөн. Оперативдүү-тергөө тобу кылмыш болгон үйгө барып, бөлмөдө эркек менен аялдын кан болуп жатканына күбө болушкан. Маркумдардын аты-жөндөрү такталып, алар ошол үйдүн ээлери: 1954-жылы туулган Турдумамат Кудайбердиев менен 1961-жылы туулган Гүлнар Ажибаева экендиги аныкталды.
Бул кылмышка шектелип маркумдардын бакма баласы 1994-жылы туулган Максат Турдумамат уулу колго түшүрүлдү. Ал качып кетмекчи болуп Ош шаарында жашаган атасынын карындашына барып "мен Баткенге тез жөнөшүм керек" деп акча сураган. "Жок" деген сөздү угуп, эшикке чыгып досуна телефон чалып акча сураган. Ошол убакта ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Сурак учурунда ал ата-энесин өлтүргөнүн моюнуна алды. Үй-бүлөдө пикир келишпестиктер чыгып, баласы ата-энесин чөөгүн менен уруп өлтүрүп койгон экен. Анын үстүнөн Өзгөн РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1, 3, 6-пункттары (2 же андан ашык адамды, алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү Максат Турдумамат уулу СИЗОго киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

"СЕНДЕН КӨРӨ ИТТИ БАККАНЫМ ЖАКШЫ ДЕП САБАДЫ"

Милиция кызматынын билдиришинче, кылмышка шектүү деп кармалган Максат Турдумамат уулу алгачкы суракта ар түрдүү көрсөтмө берип, күнөөсүн жашырууга аракет кылган. Кутула албасына көзү жеткенде гана кылмышын моюнуна алып, төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Кичинемден эле атам мени жылаңач кылып чечинтип, кубалап жиберген күндөрү болгон. 3-4 жашымда деле сабайт эле. Ичип келген сайын кайдагы сөздөрдү айтып кубалайт болчу.
Ошол күнү үйгө досум келип, экөөбүз 1-2 сааттай эшикте сүйлөшүп отурганбыз. Анан досум кетер замат атам мени сөгүп кирди. Төшөк салынган соң эми жатайын деп жатсам, анда да сүйлөнүп баштады. Анан "чыгып кет үйдөн. Сага окшогон баланын кереги жок, сени баккандан көрө итти бакканым жакшы" деген сыяктуу сөздөрдү айтып башымды оорутту. Эшикке чыгып кетип, кийин үйгө кирип жатып алсам, кайра тепкилеп, камчы менен 3-4 жолу артыма чаап жиберди эле, сыртка чыгып кеттим. Бир топтон кийин башка бөлмөгө кирсем, артыман кирип ал жактан да айдап чыкты. "Менден кетсе кечирип коюңуз" десем да болбой "жогол эле жогол, сен жетимсиң" деп урушту. Кой десем болбой койду. Көрө (чөөгүн) бар эле, ошону ала коюп башка 2-3 жолу чаптым. Ошол убакта апам чайнектеги кайнак сууну үстүмө чачып жиберди. Чыдабай кетип аны да 2-3 жолу чаап жибердим. Экөө тең жыгылып калган, эмне болгонун карабай үйдөн чыгып кеттим.

"ӨЗ АТАСЫ АТЫЛЫП КЕТИПТИР"

Ал эми маркум Турдумамат Кудайбердиевдин бир тууган иниси Абдукапар Маматов кылмышка шектүүнү "акыркы кезде тартиби бузулуп кеткен болчу" дейт:
– Маркум агам Ош-Өзгөн багытында өз унаасы менен киши ташып, жеңем айылдагы лицейде пол жууп иштечү. Өздөрү балалуу болушкан эмес, Максатты бир жарым жашында багып алышкан.
Багып алган баланы кайдан келген деп сурай берген деле кыйын экен, эми сураштырып билип жатабыз. Максаттын өз атасы Өзбекстанда кылмыш кылганы үчүн камалып, атылып кетиптир. Ал эми апасынын улуту орус экен, ажырашкандан кийин кетип калыптыр. Бир тууган агасы да бар, ал коңшу айылда жашайт экен. Максат мурда жакшы бала болчу, чоңойгондон кийин эле жаман балдарга көп кошулуп, жоголуп кетип жүрчү экен. Ушул жашка чыкканча кыйратып деле иштеген жок, аны ата-энеси бакчу. Куршабдагы дүкөндө аз убакыт иштеген, ал жерден колу туткак болгону үчүн айдалып кетиптир.
Өзү "мени сабай бергенине чыдабай өлтүрдүм" деп жатыптыр, ал жалган. Тескерисинче, ата-энеси баласына үйрүлүп түшүп жакшы карашчу. Кошуналары айтышты, ушул окуядан 2-3 жума мурун "акча таап бер" деп бычак көтөрүп апасын кубалаптыр.

"ЖОЛ КЫРСЫГЫНА КАБЫЛДЫК ДЕГЕН"

Бул кылмыш боюнча милицияга кабар берген Зунду Исмаилов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Турдумамат агам экөөбүз бир туугандардын балдарыбыз. Ошол күнү түнкү саат 1 жарымдарда Максат мага телефон чалып, "авария болдук, келип калыңыз" деп чакырды. Агам экөөбүз ал айткан айылдын четине барсак, өзү арыкка түшүп калган машинасынын жанында туруптур. "Тез жардам" келип атам менен апамды алып кетти" дегенинен үчөөбүз Өзгөндөгү ооруканага бардык. Агам экөөбүз оорукананын ичине кирип Турдумамат агамдарды издеп таппай койдук. Сыртка чыксак, Максат жок. Чалсак, телефону өчүк.
Анан коңшу айылда жеңемдин туугандары бар эле, барсак ал жакта да жок экен. Жеңемдин эжеси менен сиңдисин алып, чогуу Куршабдагы ооруканага барсак, ал жерде да жок болуп чыкты. Айла кеткенде үйүнө бардык, эшик бек экен. Кулпуну бузуп кирсем, бөлмөдө агам менен жеңем кан болуп жатыптыр, алардын үстүнө төшөк таштап коюптур. Анан милиция кызматкерлерин чакырдым.

Милиция кызматкерлери барып, кылмыш болгон бөлмөнү ушундай абалда көрүшкөн.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(21)
08.02.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Эх кандай гана окунучтуу!Жаткан жерлери жайлуу топурагы торко болсун!Байкуш ата-энеси баккан баласынын колунан олоорун тук ойлобосо керек эле...
08.02.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудай сактасын бундай окуядан.
08.02.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Тооба.Жетим козу асырасан, оозу мурдун май болот,жетим бала асырасан,оозу мурдун кан болот деген макал жон жерден айтылбаган экен дааа.
08.02.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Максаттын корунушу аябай коркунучтуу болчу.Кылмышкерлердей ..
Ээх , суперге чыгып кеткени обидно..
10.02.2017. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Shifuu, Обидно? Эмне дегп жатасын, эки адам олсо обидно эмес, Суперге чыгып кеткени обиднобу? Аябай окунучтуу, ушунча кылып чонойтуп коюшса кылган ишин кара акмактын. Турмодо чирисин.
08.02.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Шакал экен!
08.02.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тоба кылдым деш керек кантип шайтан азгырганын билбей каласын.
08.02.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озу ыйман берсин,каза болгондордун жайы жаннаттан болсун демекмин,кимдин канча куноосу бар киминики туура экенин бир Алла билет демекмин.
08.02.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ойлошумча бул баланында айткандарында эске алуу керек.
09.02.2017. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Almagul.akylbekova,созсуз олтуруп коюш керек беле?
08.02.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баланы башынан катту тарбиялаш керек экен,албетте уруп согуп эмес соз менен жетерлуу кылып.Аллахым набыт болгондордун жайын жаннаттындан бере кор
08.02.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kudai saktasyn
08.02.2017. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Озбек болсо керек десе гырт кыргыз го
08.02.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эх жашоо жашоо
асыранды балага канчалык жакшы тарбия берсен дагы гени начар болсо болбойт тура.
Байкуш ата энесинин акталбаган умуту...
Кандай гана окунучтуу
Жаткан жери жайлуу болсун
09.02.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин айылымда болуптур бирок укпадым
10.02.2017. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Өлүм болгону өтө өкүнүчтүү кемпир чалдын Кудайым бейишин берсин бирок байкуш бала деле олтуройун деген ою деле жок экен эле ачууга алдырып жибериптир эми закон деген закон тиешелүү жазасын алат
10.02.2017. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаман болуптур.Куноолору кечирилген болсун.Жапжаш турмодо чирийт эми.
11.02.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Booru balasy it bolboit.
13.02.2017. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сураныч ушундай нерселерди азырак чыгаргылачы же атайын озунчо Бир болум ачкылачы
Бир жакшы жанылык угайын Деп кирсен эле негативдуу маалыматтар. Адамдын психологиясына терс таасирин тийгизет
13.02.2017. 07:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Канында бар екен да мыкачылык
13.02.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бөрү баласы ит болбойт деген ушу да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо