СУПЕР-ФОРУМЧУЛАРДЫН ЖОЛУГУШУУСУ

№387 2-9 апрель, 2010-ж.

“Супер-Инфо” гезити дүйнө жүзүндөгү эң көп нускалуу кыргыз тилиндеги гезит экени талашсыз. Гезитибиздин www.super.kg сайты жөнүндө укпагандар да жокко эсе десек болчудай. Биз сайтыбыздын активдүү колдонуучуларын чогултуп, борбор шаарыбыздын Совет-Медеров көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Берекел” кафесине таанышуу кечесин уюштурдук.

БИЗДИН САЙТ ТУУРАЛУУ

"Супер-Инфонун" сайтынын ачылганына 5 жыл болбой анын колдонуучулары көбөйүп, саны 4000ден ашты. Сайттан колдонуучулар ата мекенибизде болуп жаткан ар кандай: кааласа спорт жаатында, кааласа ден соолук, саясат, шоу-бизнес, оюн-күлкү, тамаша, айтор, ар тараптуу маалыматтарды кыргыз тилинде ала алышат. Маалымат алып гана тим болбостон, форумга кирип, өзүнүн жеке көз карашын, билдирүүлөрүн жазып, кызыктуу тема ачууга мүмкүнчүлүгү бар. Супер-Форумга Кыргызстандан эле эмес, чет өлкөдөн боордошторубуз, биздин эстрада ырчыларыбыз да кирип, кызуу талкууга аралашып жүрүшөт. Мына ошондой виртуалдуу дүйнөдө жакын досторго айланган форумчуларды реалдуу жашоодо жүзмө-жүз кезиктирүүнү каалаган элек.
Бул каалообуз 28-март күнү ишке ашты. Себеби 80 кишиге жакын форумчу жана гезитибиздин СМСчилерин чогултуп, башын бириктирдик. Кызыгы, жолугушуу үчүн атайын алыскы Жалал-Абад, Ош шаарынан келгендер да болду. Көпчүлүк форумчуларга алыскы Аксыдан ат арытып, жол карытып келген Барс­тын (Айтмырза ага) байбичеси менен келиши чоң жаңылык болду.
Кече алгач таанышуу менен башталды. Алпаруучулар конокторду форумдагы никтери менен тааныштырышты. Никтерин атаганда ордунан турган форумчуну көрүп, “ай-ий баланча ник менен кирген форумчу ушул тура...” деген таң калган сөздөр да жаралбай койгон жок. Ошондой эле көпчүлүк үчүн сырдуу болуп жүргөн СМСчи Караш Насер мырза да биздин арабызда отурду.

2009-ЖЫЛДЫН СУПЕР-ФОРУМЧУЛАРЫ

Супер-Форумду өзүнчө дүйнө десек жарашат. Анткени ал жерде жашоого керектүү бардык темалар бар. Акыл-насаат, жан дүйнөсү менен сырдашкысы келгендер үчүн монолог бөлүмү, айымдарга кеңеш, медицина, спорт, айтор, санай берсек көп. Ошол сыяктуу ар кандай бөлүмдөрдө өз пикирлери менен бөлүшкөн, активдүү колдонуучулар www.super.kg сайтындагы форумчулардын добушунун жардамы менен наамдарга ээ болушту. Наам ээлери “Супер-Инфонун” атайын диплому жана белектери менен сыйланды.
“Супер форумчу айым”adalsvards (Элвира Караева);
“Супер сынчы”Барс (Айтмырза Абылкасымов);
“Супер чет элдик форумчу”Kirgizshaa (Медербек Кадыров) жана dodge (Өмүрбек Салайдинов);
“Супер модератор”azalove үлкайыр Сайдимарова);
“Супер СМСчи”Караш Насер;
“Форумдун активисти”jeika (Чолпон Жолочиева);
Кызыгы, 3 наамды тең СССР (Талант Абдыганыев) аттуу форумчу алды. Ал “Супер дебют”, "Супер тема" (“Акындар айтышы”), “Супер мырза” деген наамдарга татыктуу болду.

ЫРЧЫЛАРДАН ЫР ДЕСТЕ

Форумчуларыбыздын жана СМСчилердин маанайын жогору деңгээлге көтөрүүгө эстрада ырчыларыбыз келген эле. Алар: Ильяз Абдыразаков, Самат Дөөлөтбаков, Аида Кулуева, Султан Садыралиев, Кундуз. Ырчыларды утурлай “Тамашоу” курама командасынын жигиттеринин оригиналдуу күлкү тамашасы элди күлкүгө мас кылып, көңүлдөрүн көтөрдү. “Манастан Чубак кем бекен?” дедиби, айтор, форумчулардын арасында да таланттуулар бир топ экен. Sov, (Советбек), Алмаз (Shaadaev Almaz) деген форумчулар сонун обон созуп беришти. Ошондой эле кызыктуу оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөр өз белектерин алууну унутушкан жок.

JEIKA МЕНЕН СССРдин БАШ КОШКОНУ – ТАМАША

Кеченин жүрүшүндө форумчуларыбыз СССР менен jeika “биз баш коштук” деп жар салышты. Муну уккан коноктор “шок” болуп ишенип-ишенбей кол чаап куттукташып жатышты. Эң кызыгы, “эки жашка” баары ишенип, тунук сүйүү каалап жатышканы болду. Айрымдары “бири-бириңерге жарашып калыптырсыңар” деп аларга суктана да кетишти. Ролдорун, балким, чындыкка айлантууга аракет кылышкандыр, jeika СССРге арнап ыр жаратса, СССР болсо "мен ыр жазганга жетишпей калдым" деп кутулду. Айтор, “сүйүшкөн көгүчкөндөргө” кеченин аягына чейин роль ойноого туура келди. Мына кызык. Мунун баары тамаша болчу. Алдын ала түзүлгөн сценарий менен форумчуларды "Тамаша торго" салалы деген элек. Ошентип, торго баары илинди.

КЕЧЕНИН АЯГЫНДА...

Үч жарым саатка созулган жолугушуу кечеси көңүлдөгүдөй аяктап, бири-бирин тааныбай ууртунан жылмайып кирген форумчулар кетерде бири-бири менен кучакташып коштошуп, көтөрүңкү маанайда узашты.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
forum@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
05.04.2010. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында соонун болду! Барбагандарга боорум ооруйт!
05.04.2010. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизди ошентип байкуш кылып койдунуз :(
05.04.2010. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин Москвада болгонум ... окунучтуу.
06.04.2010. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-Инфонун сайты чын еле абдан жакшы нерсе экен, анткени мен чет мамлекете иштейм и Супер-Инфо аркылуу озумдун мекенимде емне болуп жатканын сиздердин сайтынар аркылуу билем,жаны сандарын чыдамсыздык менен кутом ишинерге ийгилик,бар болгула.
06.04.2010. 06:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барбай калып,боор эмес жүрөк ооруп жатат!
06.04.2010. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх окуп алып аябай окундум,бара бербей деп,Жол алыс ай болсо кантейин деп Москвада журом.
06.04.2010. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да окунучто калдым,бирок буюрса баары алдыда барбагандар капаланбагыла
06.04.2010. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баргандар да арманда, барбагандар да арманда!!!
06.04.2010. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кийинкисинде келгиле ок... аябайгандай еле сонун болду окшойт. муну ен жаманы деп кийинкисин мындан да жакшы болуусуна аракетти озубуз кылабыз го буюорса е.
06.04.2010. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы отту Супер жолугушу а баса видеону качан жуктойсунор?
06.04.2010. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Да...уж"-деп койчу беле окемдер. "Супер-инфо" аябай белгилүү, "кубаттуу" гезит экенин чындап сездим. Гезит чыккан күнү, анын эртеси тим эле "жылдыз" болуп жүрдүм. Жумуштан чыгып үйгө баратсам комоктогу келиндер "Ай байке, бирдеме дебейсизби" дешет. "Десе дейин -эмнеге?" десем, "Супер-инфодогу" сүрөттү көрсөтүшөт. Эртеси жумуштагылар да жолуккан жерден "Жылдыз боло баштапсыз" дешет.
Ойлоп калдым - "Д
06.04.2010. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолугушуунун виеосун "Медиа-порталга" жуктошот экен деп уктум эле (канчалык денгээлде чын тогунун билбейм), бирок, мен аны каалабайт элем.:(( Мумкун болсо каалоочулар эле редакцияга барып эле дискке жаздырып алып кетсе кандай болот? Бул жака жарыялоонун кажети деле жок го дейм?!
08.04.2010. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А МЕНЧИ? МЕН ДА АРАКЕТ КЫЛЫП ЖАТПАЙМБЫ?МЕН АЗЫР ЫЙЛАЙМ МЫНА ЫЙЛАП БАШТАДЫМ.МЕН ДЕГЕН ТЭЭ АЛЫСТА ГЕРМАНИЯДАМЫЫЫЫЫЫЫЫЫН ОКУУМДУ БУТСОМ СОЗСУЗ БАРАМ.КЫРГЫЗ ЭЛИМ МЕН ДАЙЫМ СИЗДЕР МЕНЕН ЖАНА ДА СУППЕР ИНФОГО РАХМАТ ДЕМЕКЧИМИН АЗЗЗЗЗЗАМАТСЫНАР ИЙГИЛИК БААРЫНАРГА УУУУУУУУУУУУУ КОШКУЛА!!!
08.04.2010. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиз кайсы бир кадрдын жалпы элге корунушун каалабай жатсаныз керек. Видео илинери чын. Чочулабаныз, монтажына жакшы конул бурабыз.
09.04.2010. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болду жолугушуу, эмкиси буюрса андан да жакшы болот ко деген ниеттемин.
10.04.2010. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shasi:
Жообунузга рахмат:) Ошондой кылсаныздар анда жакшы:)
13.04.2010. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы... жакшы эмне эле кобунчо форумчулар кирбей калды десе, кезигип журушкон турбайбы.
30.04.2010. 07:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вауу сонун болуптур го!!
11.11.2013. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salamatsyngarby super info! maga mederbek kadyrov attuu kyrgyzdyn akyy bar... suranych electronduk adresin je bashka bailanyshuu joldorun aityp koigulachy? suranych. flower.paradice@mail.ru
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо