№744 03-09-февраль, 2017-ж.
Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекетке салык төлөөдөн качкан жарандарга каршы мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга коюшту. Анда салык төлөбөй жүргөн адамдар үчүн чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу сунушу да бар. "Салыкты төлөбөй жүргөн жарандарга чет өлкөгө жеке иштери же кызматтык сапар менен чыгууга тыюу салынат. Ошондой эле кыймылсыз мүлк, унаа сатып алууга жана ишмердик үчүн лицензия алууга жол берилбейт",- деп айтылат демилгечи депутаттардын түшүндүрмөсүндө. Аталган мыйзам долбоорунун жыйынтыгында өлкө казынасына акча түшүп, Салык кызматы менен Чек ара жана Бажы кызматтарынын кызматташтыгы жогорулайт дешүүдө. Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |