№744 03-09-февраль, 2017-ж.
1-февраль күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованы суракка алды. Мындай чакыруу 31-январга да берилип, бирок эл өкүлү парламент комитетинде мыйзам долбоору каралып жатканын айтып, башка күнгө жылдырууну суранган. Депутат суракка саат 17:40та кирип, саат 22:20да чыкты. Бул аралыкта УКМКнын имаратынын жанында 60ка жакын адам чогулуп, Салянованы чыгарууну талап кылып турушту. Алардын катарында "Ата Мекен" партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жана Наталья Никитенко болду. Талап боюнча 4 сааттан ашык суракка алуу адам укуктарын бузарын айтып, имаратка кирүүгө аракет кылган кесиптеши Наталья Никитенкону УКМКга киргизишкен жок. Суракта эмне болгонун жарыялабоо тууралуу документке кол койгонун айтып Салянова журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартты. Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
5
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |