№744 03-09-февраль, 2017-ж.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2016-жылдын 14-ноябрында президент Алмазбек Атамбаевди "Белиз өлкөсүнүн расмий органдарынан келди" деп документтер менен тааныштырган. УКМК "2012-жылы "Альфа Телеком" ("Мегаком") компаниясынын акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн "Саутфилд" компаниясына сатуу аракеттери болгон, оффшордук бул компаниядан учурдагы депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова үлүш алмак" деген шектин үстүнөн иштеген. Президенттин тапшырмасы менен аталган иш боюнча Башкы прокуратура териштирүүнү баштаган. Мына ошол иш боюнча Өмүрбек Текебаев 31-январда маалымат жыйынын берди. Депутат Белизге тактоо максатында суроо жиберишкенин, келген документтер аты аталган үчөөнүн "Саутфилдге" тиешеси жок экенин тастыктаганын билдирди. "Алар "силердин компанияга эч кандай тиешеңер жок, андыктан силерге эч кандай маалымат берилбейт" деген жооп жиберишти. Демек, бизди "Мегакомдун" акцияларын сатып, оффшордук компаниядан үлүш алмак" деген документ жалган экени тастыкталды. Белиздин мыйзамы боюнча, эгерде биз аталган компаниянын акционери болсок, анда бизге маалымат берүүгө милдеттүү эле",- деди Текебаев.Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
4
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |