Арсен: "ИНСТАГРАМДАГЫ КЫЗДАР ЖАСАЛМА. АЛАРДАН КҮЙҮП КАЛГАН ЖАЙЫМ БАР..."

№744 03-09-февраль, 2017-ж.

– Арсен, өткөн жылга саресеп салып, эмне кылууга жетиштим деп ойлонуп көрдүңбү?
– Ар бир жыл өзүнчө керемет, кызыктуу. Жыл сайын өзүмө максат коём, ошонун 90 пайызын аткардым десем жаңылышпайм. Чыгармачылык кече өткөрдүм, клип тарттым. Жыл аягында концерт берейин дегем, тилекке каршы, жетишпей калдым. Масштабдуу кылайын деп ойлодум эле, каражат жагына барып такалып калды. Буюрса, жазында жеке концертимди берем. Театралдаштырып, бийлеп шоу кылып, ар бир ырда башкача декорация жасап өзгөчөлүк киргизели дегенбиз. Азыр режиссёр менен сүйлөшүп даярданып жүрөм. Анан март айында Таиландга клип тартканы барам. Эл талкуулагандай сүйүү баяны, жаратылыштын кооздугу түшүрүлгөн жакшы клип болот деген ойдомун.

– Үйлүү болуп, оңдоп-түзөө иштери менен алек болуп жүрдүң эле, бүтүрүп, көчүп бардыңбы?
– Үйлүү болуу ар бир адамдын тилеги болуш керек. Мен деле айылдан келип, үйүм жок таежелеримдин үйүндө жашагам. Эл көзүндөгү адам болгондон кийин "үй алып, жакшынакай жашаш керек" деп кабатырланат экенсиң. 2012-жылдан бери акча чогултуп, оюмдун баары үй болчу. Үй алгандан кийин оңдоо-түзөө дегени бар экен. Эки бөлмөлүү үйдү заманбап стилде зал менен ашкананы бириктирип 3 бөлмөлүү кылып жасаттым. Көп акчам, убактым ошол иштерге кетип, чыгармачылыкка көңүл бурулбай калды. Азыр дагы оңдоп-түзөө иштери толук бүтө элек. Бирок көчүп барып жашап жатам.

– Бир кезде Арсен, Омардын заманы болду эле... Учурда сахнадагы ордум кандай деп ойлойсуң?
– Бир убакта да ырчылар айыл жергесинде жана Бишкекте уккан болуп экиге бөлүнүшкөн. Азыр дагы ошол нерсеге келе жатат. Мен көп гастролдобойм, ошондуктан айыл жергесиндегилер башка ырчыларды угушат деп ойлойм. Гастролдоюн десең жолдор начар, шарт жок. Ошол себептен көп жерге бара албайсың. Менин аудиториям көбүнчө шаардыктар. Дагы бир себеби ыр тандоо табитиме байланыштуу болсо керек. Көбүнө жеңил музыка жагат. Менин биринчи максатым той эмес, маданиятты көтөрүү. Сапаттуу, аранжировкасы талапка жооп берген, европалык ырчылардын чыгармаларына жакындатканга аракет жасайм. Көнүп калган форматтан чыккым келбейт. "Мен кыйынмын" деп төш каккандан да алысмын.

– Биздин ырчылар чет өлкөлүк сынактарга катышып ийгиликтерди багынтып жатышат. Сенде тажрыйба бар эмеспи, дагы катышып көрүү планыңда барбы?
– Андай сынакка өзүбүздү эле эмес, Кыргызстанды көрсөтүп жаткан соң үнүңөн баштап, келбетиңе чейин жакшы даярдык көрүп алып катышыш керек. Мен ага даяр эмесмин, оюмдун баары концерт, альбом жаздыруу. Ошонун баарын бүтүрүп алып келерки жылы байкаштырып көрөм.

– Кайсы сынакка катышкың келет?
– Колдон келсе америкалыктардын "Х-Фактор" сынагына катышкым келет. Себеби ал жакта акчасын берет. Башка сынактардын мүчүлүштүктөрү бар. Келишимдин пункттарын аткарып, тийиштүү убакыт ошол жакта болушуң шарт. Мага ал ыңгайлуу эмес, анткени бул жакта жашап, иштегим келет.

– Менеджер менен иштешип жатасыңбы?
– Жок. Мурунку менеджерим менен иштешүүнү токтотком. Азыр пиар-менеджер тууралуу ойлонуп жатам. Себеби көп нерсени кыласың, бирок жарнама жок. Ырларды, клиптерди радио, телевидениелерге берип коюп, аны кетирип жатабы текшербейм. Көрсө, көп ырчылар эринбей 5-6 киши жалдап, телефон алып берип, тияк-биякка чалдыртышат экен. Инстаграмга да 10 кишини коюп акчасын берип жарнама кылдырып, радиодон ырларын кечке бердиришет тура.

– "Отун алып, анан аял алам" дедиң эле, "отундар" чогулуп калдыбы?
– Андай сөздөрдү айтуудан коркуп калдым. Дардалаңдап баарын сүйлөп алып, орундалбай калса жаман болуп калат экенсиң. Албетте, үйлөнүш керек. Аны үй алгандан бери көбүрөөк сезе баштадым. Үйгө барганда жалгыз­сырап, тамак даяр болуп, аялым болсо деп ойлоп калам. Эч ким менен сүйлөшө элекмин. Эгер тапсам, жайында деле үйлөнүп алам.

– Бир сулуунун артынан Орусияга чейин барып жүрдүң эле го?..
– Ал аябай жакшы кыз, бирок экөөбүздүн жашоого болгон көз карашыбыз төп келбей калды.

– Көп кызга спорттук дене түзүлүшүндөгү жигиттер жагат экен, балдарга кандай кыздар жагат?
– Спорт менен машыга баштагандан кийин спорттук дене түзүлүштөгү кыздар жага баштады. Себеби баарын байкап калат экенсиң да. Көчөдөн кыздарды жаман ой жок карап калсаң деле"кичине майларын алып коюш керек экен" деген ой келет (күлүп).

– Алардын ой жүгүртүүсүн да жакшы түшүнүп калсаң керек?
– Ооба, бир аз сүйлөшүп эле биле алам. Мисалы, адамга көп ишенбесе, жаш кезинде башка бирөө менен сүйлөшүп жүрөгү ооруп калгандардан болот. Мурунку жигитине салыштырып "калпычы, алдап кетет"деп ишенбейт. Анан сүйлөгөн сөзүнөн, бийлегени, ырдаганы, кандай музыка укканынан да баамдап алса болот (күлүп).

– Кыздар 25 жашка чейин турмушка чыгып, балалуу болуп калбаса "катастрофа" дешет го. Сен кандай ойдосуң?
– Менин оюмча, "катастрофа" эле. Себеби алчу эркектер азая баштайт. Мен да жаш кыз алгым келет. Себеби 25-26 жаштан өткөн кыздын психологиясы калыптанып, өзүнүкүн бербей калат. Анын көз карашы меникинен улуураак болуп калышы мүмкүн. Ал мени, мен аны теңиме албай ортодо түшүнбөстүктөр башталат. Ошондуктан жаш кыздар менен сүйлөшкүм келет. Мендеги идеология деле Кудайга шүгүр. Аялымды үйгө отургузуп камап койгум келбейт. Анын аягы жаман бүтөрүн билем. 30 жашка чыккандан кийин ого бетер кыйын. Өзүнөн кичүү же ажырашып кеткен улуу кишилер менен эле сүйлөшпөсө.
Анан кыз киши иштеп бийликке көнө баштайт, аны башка кыздар туурап киришет. Эркектердин көбү "альфонс" болуп, "бай кыз алам" деген ойдо. Баары убагында үйлөнүшсө, мындай нерсе болбосо керек.

– Ошондо келечектеги жубайың канча жаш кичүү болуш керек?
– 22-23 жаштагы болот, 20да болсо андан сонун. Улуу деп ал сени, кичүү деп сен аны сыйлайсың.

– Инстаграм популярдуу социалдык тармак болуп жатпайбы, ал жактан кыздар менен сүйлөшүү болобу сенде?
– Ал жакта баары жасалма го. Күйүп калган жайым бар... Сүрөттө башка, жолуксаң таптакыр башка. Бир жолу бир кызды Инстаграмдан көрүп, аябай сонун кыз экен деп жолуксам, толук экен. "Туй ата, кантип сүрөткө түшкөн? Фотошоп кылганбы?" деп жаман таң калбадымбы. Болбосо сүрөтүнөн клипке тартчудай кыз көрүнгөн да (күлүп).

"Апам, карындашым, иним менен. Карындашым турмушка чыгып, балалуу болгон. Апамды Таластан алып келейин десем көңүлдөнбөй жатат".


"Прагада эс алып жүргөн кез".


Динара Абдыкадырова
Ренат Торомамбетов
star@super.kg


Арсен: "Жаш кызга үйлөнгүм келет"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -6 
Комментарийлер(201)
11.02.2017. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир чети, чын эле социалдык тармактарда кыздар жасалма болуп алышат. Чыныгы жуздорун корсотушпой, оздорун сулуу корсоткулору келишип.
11.02.2017. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий ХХХ !!!!!!! Корбогондун коргону курусун ,,,,ХХХ ХХХ,,,,,
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-02-13 11:29:07
13.02.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuyruchuk_25, этика нормаларын сактаңыз!
11.02.2017. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуштун кулагы кызардыго же тушуп калгандыр! ))) Болдугулачы.
11.02.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сиздин да лишний создорунузду алып коюш керек экен :)))))
11.02.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иииии шерменде ,айылдан айлангыр ,соз жок ,
11.02.2017. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таластан Кок Ой айылынан го бу ырчы атуу. Анан тимеле шаардык боло калганын
11.02.2017. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айылга барбайм гастрольго жолдору начар деп коет. Айылга барсам банкрот болом дебейсинби?
11.02.2017. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге Бактыгул Бадыеванын интерьвюсу чыккан жок?
11.02.2017. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ой ой бул жигит каяктын кулуну,тим эле асмандан тушкондой,опкосу колунда го
11.02.2017. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар жеп эле алдынарго семиз болсо семиз. Дейт да
Медиа-портал
12.02.2017. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшына эле суйлоптурго эмне мынча асылдынар тооба!!! Озу нары жагынан ошондой болсо эмне кылсын)))
12.02.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялым деле бекер олтурбайт аны деле иштетем деп койбойсунбу
12.02.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ухх байкуш шаардык боло калганго ХХХ ХХХ ХХХ спорт менен алектенгенден деп айтып тугото албай койду го)))
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-02-13 11:30:15
13.02.2017. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
krasotka1, аймактык бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
12.02.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
))))))))))) Arsenge iigilik kaalaim
12.02.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нерв.................
12.02.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай озун сезип алыптыр го байкем. Кудайым буюрса деп суйлосон боло. Мынтем тигинтем деп эле. Толук, жашы 26 дан откон кызга уйлонуп калсан корот элек. Корсо суйуу деген жашка, келбетке карабайт турбайбы демексин да.
12.02.2017. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Арсен байкенин уну эн сонун.Ырлары,клип,аранжировка да жогорку денгээлде.
Башкаларга кандай билбейм,бирок создору орду мн элего.
Азыркы заманбап ырчылардын эн мыктысы.
Ийгилик
12.02.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Арсен байке кандай айылдыкпы же шаардык болуп кеттиби кимдин канча иши бар.Апасы айылдык экен деп .Апасы сопсоонун манайы жарык эле эже экен.Башк бироонун кемчилигин бат коробуз, озубуздукун. Билбейби .эгер озубуздун кемчилигибизди билсек.башка бироонун кемчилигин коргонго убакыт болбойт болчу.Иейли Ата энен бомж болсо да уялбаш керек....
13.02.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кудай ай айылдыктар коп укпайт,менин аудиториям "шаардыктар"дейт го...Айылдыктар сени эмнеге укпайт билесинби...ХХХ ХХХ ХХХ.Ушуга окшогондор куйбогон жеринди кул кылат да
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-02-13 11:31:27
13.02.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guliza85, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
13.02.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Негизинен Арсен ачык айрым мырза. ошол үчүн жаап жашырып айтканды жаман көрсө керек. мага жагат Арсен бирок ырларын толук укпайм. Жасалма эмес сөздүн кыскасы. Мындай мырзалардын жолу ар дайым ачык болот буюрса
13.02.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайран гана жылдыз соройлор же ырдаганды билбейт же суйлогондү билбейт.Асмандан түшө калган эмедей сүйлөптүр го.Жеңил музыкага кызыгам дейт да маданиятты көтөрсөм дейт а жеңил музыка менен маданият көтөрүлөт деп кайсы атасы айтты экен.Айылда эле келе калып айылды жамандап кыздар жасалма деп сүрөтүнөн сүйлөгөнүнөн өзү жасалма экени көрүнүп турат го.Кыздардын майын карагыча өз меем ордундабы деп караган оң го дейм.Кыскасы аман эле бол.
13.02.2017. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Общественный деятель, певец и такие туповатые вещи говорит, вроде взрослый мужик а ума ноль. По меньше нужно в интернете знакомиться.
14.02.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура созуно кошулам инстаграмдагылар кобу жасалма
14.02.2017. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Арсен байке ырлары озгочо стили, уну менен башка ырчылардыкынан озгочолонуп турат. Клиптери дагы оригиналдуу, качествосу жакшы, озунун ишин мыкты билген профессионал клипмейкерлер менен иштешкени корунуп эле турат. Бул менен " жеке оюум". Элге таанымал инсан болгондуктан ар кандай кептер айтыла берет . Менимче Арсен байке завистниктердин создоруно конул бурбайт)). Чыгармачылык ийгилик сизге! Дагы жакшы ырларды кутобуз.
14.02.2017. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Эл оозунда элек жок" - деген ушул экен да. Колунан эч нерсе келбей отуруп алып жазат деген, ушу суйлойт деген ушу деп сынап отургандар андан коп. Жакпайбы? Корбогуло, укпагыла! Арсен байке сизге "куч кубат" Терпение дегендей. Алдыга карай умтула бериниз.
14.02.2017. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен аябай капа болдум
15.02.2017. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ, илгери бир Кыргызстан плюс деген топ болчу, негиздөөчүсү Насрдин жуманов беле так билбей турам, ошол жигиттен интервью алып бергилечи, эмне үчүн топ жоюлган, ырлары соонун болчу.
15.02.2017. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guldarr, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
15.02.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арсендин чыгармачылыгын сыйлайм,но бул интервьюсу жаккан жок! айылга барбайм, жаш кыздар и т.д. деп. Аман бол!
17.02.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Арсендин интервьюсу кыздарга жакпай калса керек.
Медиа-портал
01.03.2017. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы эле "жонокой" баланын маскасын кийип суйлогусу келиптир, бирок болбой калды, ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-03-02 09:43:12
Медиа-портал
02.03.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Karamel, түшүнбөстүк жараткан билдирүү жазуудан алыс болуңуз!
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо