Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАДАМЖАЙДА ОКУУЧУ КЛАССТАШЫН ӨЛТҮРГӨН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

№745 10-16-февраль, 2017-ж.

"АРЫККА ТАШТАП, ҮСТҮНӨ ЖҮГӨРҮ ЖААП КОЙГОН"

Окуя тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматкери Дамира Юсупова буларды билдирди:
– 2017-жылдын 5-февралында саат 11лерде Кадамжай РИИБинин Марказ айылдык милиция бөлүмүнө Марказ айыл аймагынын Көк-Талаа айылынын тургуну кайрылып, өзүнүн үлүш жеринде кишинин өлүгү жаткандыгы тууралуу кабарлаган. Ал жерге Баткен ОИИБинин, Кадамжай
РИИБинин жетекчилери баштаган ыкчам иликтөө тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүшкөн. Арыктан бет сөөгү жанчылып киши колдуу каза тапкан өспүрүмдүн денеси табылган. Дененин үстүнө жүгөрүнүн паясы ташталыптыр. Маркум Көк-Талаа айылындагы К.Саттаров атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу 2002-жылы туулган Эрлан Жыргалбек уулу болуп чыккан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын өлүмүнө шектелип ошол эле мектептин 8-классынын окуучусу 2002-жылы туулган М.А. кармалып, ал кылмышты моюнуна алган. Экөө параллель класста окушчу экен.
Бул факты боюнча 2017-жылдын 5-февралында Кадамжай РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Тийиштүү соттук экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү Кадамжай РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

"ӨЗҮМДҮ ТОКТОТО АЛБАЙ КАЛДЫМ"

Кылмышка шектүү тергөөдө төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– 2017-жылдын 3-февраль күнү Эрлан телефон чалып, жолугалы деп мени чакырды. Экөөбүз көчөдөн жолугуп, айылдын четине бардык, ал жерден мага "телефондон алып койгон флешканы кайтарып бербесең сени милицияга берем" деп коркута бергендиктен экөөбүз мушташа кеттик. Ал урганда мен жерге жыгылдым. Өзүмдү токтото албай калдым, таш менен анын бетине уруп жанчып салдым. Карасам өлүп калыптыр. Анан аны арыкка жаткырып, жанындагы уюлдук телефонун таштардын арасына жашырып коюп кетип калдым. Ошол түнү уктай албай чыктым, эртеси, 4-февралда кайра экөөбүз урушкан жерге барып, арыкта жаткан Эрландын үстүнө ошол жердеги кургап калган жүгөрүнүн паясын жаап кетип калгам.
Кылмышка шектүү жашырып койгон жерден маркумга таандык уюлдук телефон жана маркумду уруп өлтүргөн таш да табылган.

"АТАСЫ КАЗА БОЛУП КАЛГАН, АПАСЫ БОЛСО ОРУСИЯДА ИШТЕЙТ"

Кылмышка шектелип кармалган окуучунун класс жетекчисине байланышканыбызда, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Ал окуучунун жүрүм-туруму жакшы, орто окуган окуучу болчу. Атасы каза болуп калгандыктан, апасы балдарын багуу үчүн Орусияга иштегени кеткен. Балдар чоң атасынын көзөмөлүндө болчу. Башка эч нерсе айталбайм, себеби тергөө иштери жүрүп жатат.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(25)
15.02.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жери жайлуу болсун:(
15.02.2017. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ээх кор тирикликтин айынан турмушу мажбур кылган Москва
15.02.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эх адамдар кайда баратабыз. Заман бузулду дейбиз жок тескерисинче биз адамдар заманды бузуп жатабыз. Аттин ай жаш кетиптир.
Tyty1990 түзөттү 2017-02-15 10:56:21
15.02.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!!!
15.02.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окунучтуу, кейиштуу окуя. Жакындарына сабыр берсин Аллахым!
15.02.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai sakta
15.02.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Интересно флешкасына не бар болду экен?
15.02.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
адам өмүрүнөн да флешка кымбат экенда.
15.02.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай жаткан жери жайлуу болсун,бирок маалымат маанай шат парталында башкача деп айткан болчуго,телефонун сууга ыргытып жибердим деген болчу бала.
15.02.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балдар учун, турмушту алга жылдыруу учун... Дегеле коп муктаждыктар себепкер болуп, байкуш ата-энелер талаалап иштеп, жашы жете элек оспурумдор ата-энесинен алыста калып... Эхх!!!
15.02.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырчын омур
15.02.2017. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козуну оюп алган деп уктум эле мен же болбосо карга кузгун оюп жеп салган
15.02.2017. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аиий азыртадан өлтүрүп койгончо өзүн кармай албай ургуласа,чоңойгондо кандай адам болоор экен аа
15.02.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Паяна деген эмне?
16.02.2017. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jama9210,жугору деген
16.02.2017. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болбогон бир флешка учунбу э мага айтсанар 100ду бермекмин. Бул жерде башка да нерсенин жыты бардай сезилетго.
16.02.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2002-жылкы 10гулунун 1гулу ачыла элек, жалко.
16.02.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул бала менин жердешим бир айылдан элекко угуп жаман болдум жайын бейиштен болсун. отто щайыр бала болчу кокталаа айылым аман болсун жамандык болбосун
16.02.2017. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун апасына жана туугандарына сабыр берсин Аллахым
16.02.2017. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун,маркумдун жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам. Флешкада эмне бар экен анчалыка баргыдай,кененирээк маалымат алыныздарчы.
22.02.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mederova_p,флешкада эчнерсе деле жок болчу
16.02.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
(((((
18.02.2017. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх
20.02.2017. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх заман кайда кеттат
20.02.2017. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен окуп бутургон мектеп, мен чонойгон айыл. Тынчтык эле болсо экен, конулум бузулду аябай. Бирок флешкада эмне болушу мумкун ошончолука жеткирген кызык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо