АПЕЛЬСИНДИН ПАЙДАСЫ

№745 10-16-февраль, 2017-ж.

Калориясы – 100 граммында 40 ккал
Курамынан А, В2, В9, С, РР витаминдерин, темир, жез, цинк, йод, калий, кальций, магний, фосфор, макро жана микроэлементтерди табууга болот.

Апельсиндин мекени – Кытай. Европага биздин эранын 15-кылымында гана тарай баштаган. Бүгүнкү күндө ири апельсин плантациялары Бразилияда, АКШда жана Индияда бар. Мындан сырткары Түштүк Африка Республикасы, Испания, Түркия, Мисир, Италия апельсин өстүрүү жана экспорттоо боюнча алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирет.
Апельсиндин 400дөн ашык түрү бар. Бирок багбанчылыкта анын 20-30 сорту гана өстүрүлүп келет. Алардын ичинен 4 түрү кеңири тараган.
Апельсин дарагынын бийиктиги 10-12, ал эми карлик бактарыныкы 4-6 метрге чейин жетет. Жакшы каралса 75 жылга чейин мөмө берет. Ак түстө гүлдөйт.
Апельсиндин кабыгынан, жалбырагынан, гүлүнөн эфир майлары алынат. Алар бет терисин күтүүдө, бырыштарга, тактарга, целлюлитке, стресске, какачка, кургак чачтарга каршы колдонулуп келет.

ПАЙДАСЫ

  • Кан басымды төмөндөтөт.
  • Жүрөк, боор ооруларынын алдын алат.Суук тийүүдөн сактайт
    (курамында аскорбин кычкылы көп).
  • Иммунитетти көтөрөт.
  • Картаюунун, семирүүнүн алдын алат.
  • Мээнин иштешин жакшыртат.
  • Бел кубатты жогорулатат.

Эскертүү! Апельсин ашказан жарасы, гастрит, кант диабети жана цитрус мөмөлөрүнө аллергиясы барларга сунушталбайт.

АПЕЛЬСИН КОШУЛГАН ТООК ЭТИ



Керектелүүчү азыктар:

  • Тоок эти – 500-600 грамм
  • Соя соусу – 2 чай кашык
  • Бал – 1 чай кашык
  • Апельсин – 1 даана
  • Татымына жараша татымалдар

Даярдоо ыкмасы:

1. Тооктун этин муздак суу менен жууп, анын үстүнө соя соусун, балды, апельсин ширеси менен майдаланган кабыгын жана татымына жараша туз, татымалдарды кошуп аралаштырып, 5-6 саатка маринаддап коёбуз.
2. Табага фольганы төшөп, этти салып, үстүнө апельсиндин кесимдерин тизип бетин жабабыз. 220 градус температурада ысып турган электр мешинде 25 мүнөт бышыруу керек. Андан соң фольганы ачып, дагы 10-15 мүнөткө салабыз. Эт ширелүү болсун десеңиз, 1 стакан суу же этти маринаддаганда чыккан ширени куюп койсоңуз болот.

АПЕЛЬСИН ЦУКАТЫ



Керектелүүчү азыктар:

  • Апельсин – 3-5 даана
  • Кумшекер – 2 стакан
  • Суу – 1 стакан
  • Туз – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Апельсинди жууп, кабыгын аарчып, өзүбүз каалагандай формада кесебиз.
2. Буларды мискейге салып, муздак суудан куюп, 10 мүнөт кайнатабыз. Суусун төгүп, үстүнө муздак суудан куюп, 1 чай кашык туз салып дагы 10 мүнөт кайнатабыз. Бул ыкма апельсиндин кабыгындагы ачуудан арылтат. Аны менен катар түсүн жана жыпар жытын сактайт. Туздуу сууну төгүп, үстүнө кайра муздак суудан куюп дагы 10 мүнөт кайнатабыз. Эми сууну төгүп сарыктырабыз.
3. Сироп даярдоо: 2 стакан кумшекерге 1 стакан сууну, 1 чай кашык лимон ширесин кошуп жай отто кайнатабыз да, ага апельсиндин кабыгын салабыз. 20-30 мүнөт кайнаткан соң апельсиндин кабыгын сүзүп алуу керек. Эми табага пергамент кагазын төшөп, бетине апельсиндин кабыктарын тизип, электр мешине 20 мүнөткө салып тоборсутуп, үстүнө кумшекерден себелеп коёбуз. Цукаттын бир учун эритилген кара шоколадга малып, тоңдуруп жасоого да болот.

АПЕЛЬСИН ПИРОГУ

Керектелүүчү азыктар:

  • Апельсин – 1 даана
  • Ун – 1 стакан
  • Кумшекер – жарым стакан
  • Жумуртка – 2 даана
  • Маргарин– 100 грамм
  • Көбүрткүч – 1 чай кашык
  • Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:

1. Апельсинди жууп, майда туурап, блендерге салып майдалайбыз.
2. Жумшак майга кумшекерди салып аралаштырып, үстүнө жумуртканы, көбүрткүчтү, тузду салып аралаштырабыз да, үстүнө эзилген апельсинди салабыз. Буларга унду кошуп жакшылап аралаштыруу керек.
3. Табаны бир аз майлап, ага даяр болгон камырды куябыз да, 175 градуска коюп кызарганча бышырабыз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(9)
15.02.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун тамактар экен! Жасап коруш керек.
15.02.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы экен
16.02.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En jakwy eken
17.02.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы экен
17.02.2017. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оххххх сонун го айрыкча пирогу жакты
21.02.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер кг кант диабети барларга болбойт деп жазыпсынар,кайра кант диабетине пайдалуу экен деп колдонуп журушот го копчулук оорулуулар!ушуну тактап бере аласынарбы?окурмандар билгендер барбы кант диабетине эмне пайда эмне зыян?рахмат!
08.02.2018. 05:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо лимон жонундо да маалымат жазып койсонуздар рахмат
08.02.2018. 05:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лимон жонундо да тоолук маалымат жазып койсонор
08.02.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shayl2106,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо