Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИР ИРМЕМ...

№745 10-16-февраль, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

– Азыр ордумдан жылып койсом, сени досторуң көрөт. Абийириң ачылат,- Айдай Эрланды сынай карады.
– Айдай антпейт,- деди Эрлан жылмая. Экөө тең күлүп жиберишти.
– "Бабник" экенсиң, ээ?
– Жок. Мен болгону сени издеп жүргөм...
– Жок, сен тажрыйбалуу "бабник" экенсиң.
– Мени "бабник" кылган сенсиң.
– Эмнеге?
– А эмнеге мурда көрүнгөн жоксуң? Эмнеге Австралияга кетип калдың? Эмнеге күйөөгө тийип кеттиң? Сенин бар экениңди билсем, баары башкача болмок.
Достору тамак ичип чыгып кеткенче Эрлан Айдайдын далдоосунда жашынып отурууга аргасыз болду.
– Көлгө түшүп келели?- Эрлан Айдайды колунан тартты. Күйөөсү менен ажырашкандан тарта бир да эркек анын колунан кармай элек болчу. Бирок колун тартып ала албай койду. Жигиттин алакандарында белгисиз бир жагымдуулук бар эле.

ххх

Көлгө түшүү буларды дагы жакындатты. Экөө каткырып күлүп, суу чачышып, жарыша сүзүп, улам тамашалашып, жыргап жатышты.
Аңгыча түш болду.
– Аябай чарчадым. Эми ушул бойдон барып жатсам, наристедей уктайм. Басалы, ээ?
Эрлан Айдайды бөлмөсүнө чейин узатып келди.
– Айдай, мен жаман адамдай көрүнгөн жокмунбу? Мен жаман адам эмесмин.
– Анан?
– Анан азыр мен сенин жаныңда калам... Эгер сен мага ишенсең.
– Жок-жок. Андай болбойт. Сен өтө эле шуулдак экенсиң...
– Сен экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү унутуп калдың окшойт. Мен сени түшкө чейин өзүмө ашык кылмак эмес белем?
Кыз үндөбөдү.
– Мен бир эле нерсени сунуштайм. Азыр экөөбүз чогуу уктайбыз. Кучакташып... Жок, антип таң калып караба. Эч кандай жаман оюм жок. Жигиттик сөзүм.
Айдай унчукпай гана эшик ачты. Аздан соң экөө кучакташкан бойдон уйкуга кетишти. Жигит бактылуу эле. Ал кыздын саамайынан кере-кере жыттап, көкүрөгү толкундап жатты. Айдай жигиттин кучагы мынчалык мээримдүү, мынчалык жылуу, мынчалык жагымдуу болот деп ойлобоптур. Аз өтпөй ал, өзү айткандай, наристеникиндей таттуу уйкуга кетти. Эрлан кызга суктанып бүтө албады. Кыздын ар бир кирпигине чейин жакшы көрүп, ичи эзилип, бактылуу эле. Бир убакта уйкудагы Айдай колун жигиттин моюнуна ороп бекем кучактады. "Көрсө, бакыт деген ушу тура" деди Эрлан ичинен. "Жакшы көргөн адамың кучагыңда быш-быш эте, ичиңди элжиретип уктап жатса дүйнө тегиз тура... Мен деги кайда шашып, эмнени издеп жүргөм буга чейин? Айдайым, Айдайкам, берекем, ишенчээгим, күлкүчүм..." Эрландын эркелетчү сөздөрү түгөнчүдөй эмес.
Айдай канчадан бери минтип бейкапар уктай элек болчу. Ал жаңы эле көргөн жигитке ишенип койгонуна өзү таң калып жатты. Ойгонсо Эрлан аны бекем кучактап уктап жаткан экен. Аны карап өзүнчө бактылуу жылмайып алды да, бекемирээк кучактады.
– Уйкуң кандыбы?- жигит көзү жумулуу бойдон сүйлөдү.
– Ооба, сонун уктадым. Рахмат!
– Сени жакшы көрөм. Кандай ойлосоң ошондой ойло, "бабник" дейсиңби, башка дейсиңби, бирок мен өзүмдү билем. Менде мурда мындай сезимдер болгон эмес. Сенин жаныңда гана мен издеген тынчтык, бейпилдик бар экен...- жигит аста гана кыздын маңдайынан өөп койду. Айдайдын эркелегиси келип кетти, жигитке ого бетер ыктап алган, ыйлагысы келип чыкты... Бүгүн кетиши керек, эртең Австралияга учуп кетмек. "Жок, Айдай, жок" кыз ичинен сүйлөндү. Бир топко үндөбөй жатышкан соң Айдай "мен кетишим керек" деди күнөөлүүдөй. Эрлан унчуккан жок. Анын дароо маанайы бузулду.
– Кайда?
– Австралияга...
– Кайра келесиңби?
– ...
– Мейли,- Эрлан ордунан туруп, сыртка чыгып кетти. Анын ыйлагысы келип чыкты. Кызга таарынды... Бирок кыз ага ашык болбогон соң аны күнөөлөгөнгө акысы бар беле?!

ххх

Айдай таксиге отуруп жөнөп кетти. Маанайы суз. Бир нерсени унутуп койгондой эле кыжалат болуп баратат. "Жок, Айдай... Жок. Ооба, жакшы жигит экен. Бирок..." андан ары сөз таппай калды. "Аны менен чогуу дагы бир күн өтсө сонун болмок. Же бир жума? Же бир ай? Бир өмүрчү? Жок..."
– Байке, артка кайрылыңызчы!- Айдай айдоочуга кайрылды.

ххх

Айдай мынчалык шашып көргөн эмес. Унаа ушунчалык жай жылып бараткандай туюлат. Кычагансып жамгыр да жаап баштады. "Эрлан кетип калбады болду бекен?" ушул суроо эзип жатты. Акыры ал пансионатка жетти. Чемоданын сүйрөгөн бойдон чуркап жөнөдү. Бирок кайда? Ал Эрландын кайсы жерде жашап жатканын билбейт го... "Пирсте туруп турушум керек. Ал ошол жакка келет..." Чуркап жөнөдү. Пирске жакындай берип токтоп калды. Жамгырдын дыбырап жааганына карабай Эрлан горизонтту тиктеп маанайсыз турган экен. Кыз аны көздөй жөнөдү. Жигит терең ойго батып алгандай, жанына келген Айдайды да байкабады.
– Мен үшүп кеттим...- деди кыз акырын. Эрлан аны чочугансып карап алды да:
– А сен эмне?..
– Мен үшүп кеттим,- деди кыз жылмая. Жигит кызды кучагына алды.
– Мм, сенин кучагың кандай жылуу...
– Кетпей калдыңбы?
– Бери карасаң. Сен сымбаттуу экенсиң. Чын. Жигитиң мындай сулуу болсо азап эле го, ээ?
– Жок, андай болбойт...
Эрлан сөзүн бүтө электе эле кыз анын эриндеринен өөп туруп алды. Жигиттин жүрөгү жарылып кетчүдөй дүкүлдөйт...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Башка сандарда:
БИР ИРМЕМ (сериал) 722-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 723-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 724-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 725-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 726-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 727-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 728-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 729-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 730-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 731-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 732-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 733-сан
БИР ИРМЕМ... 734-сан
БИР ИРМЕМ... 735-сан
БИР ИРМЕМ... 736-сан
БИР ИРМЕМ... 737-сан
БИР ИРМЕМ… 738-сан
БИР ИРМЕМ... 739-сан
БИР ИРМЕМ… 740-сан
БИР ИРМЕМ… 741-сан
БИР ИРМЕМ… 742-сан
БИР ИРМЕМ… 743-сан
БИР ИРМЕМ… 744-сан
БИР ИРМЕМ... 746-сан
Комментарийлер(37)
15.02.2017. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун
15.02.2017. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сенин да жүрөгүм дүкүлдөп чыкты
15.02.2017. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин
15.02.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы. Эрлан Айдай экоо уйлонсо балалуу боло албай калышат экен да э
15.02.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
originalkgz96,мумкун балалуу болушат муну деген чыгарма деп коет,а чыгармада баары боло берет
15.02.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Eliza.nurjanovna,туура айтасың атүгүл өлгөндөр төрдө отуруп тердеп чай ичип калышат го кээ бир чыгармаларда.
15.02.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алар үйлөнмөк тургай, Айдай жигиттин жанына көлөкөсүн таштап коюп Австралияга кетып калат тура, жигит Айдайынын көлөкөсү менен «кыз-жигит» болуп жүрүп жиндиканага кирип калганы жалганбы?..
15.02.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
insap,келди го кыз кайра
15.02.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
экоо аябай еле бактылуу болуп кетишти го
15.02.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир коруп эле койнунда жатып алган кандай кыз ааа
15.02.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ошону айтайм да...
15.02.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен окубай эле кино коргонсуп кеттим.
15.02.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кызык... жаны таанышып эле кучакташып жатып алганы жакшы экен...
16.02.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuriwka, Айдай эми секелек жаш кыз болбосо ,бир эрге тийсе , берки бала ким эле ал деле жаш бала эмес го дейм, бирге болушса да тан калбайт элем
Neizvestno777 түзөттү 2017-02-16 17:59:07
15.02.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ичине кирип берилип окугангабы, соонун кино коргонсуп кеттим.
15.02.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен окубай эле кино коргонсуп кеттим.
15.02.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун.
А бир коруп жата калды дегендерге айтарым журогун каалап жанында жатканын бакыт болуп турса уят, стереотип деген нерсенин кереги не? Алар кимге пайда?
15.02.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгарманын эн кызыгы ушул санында болдуго мен учун
15.02.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх,кандай керемет сезим... сен суйсон,сен суйгон адам сени андан да катураак суйсо... ишеним... кандай сонун сезимдер, ишеним...берилуу...каалоо...
15.02.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жашоого болгон коз карашы бирдей болгон жандар,жашоонун ачуу таттуусун бирге оной эле откоруп кое алат,болгону андай адамдар бири-бирин таба алса
15.02.2017. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да алардын жанында жургондой болдум.
15.02.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен учун чыгарма аябай эле созулуп кетти,Эрландын жиндиканадан чыгышын кутуп атам
15.02.2017. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кино коруп жатам деп элестетип кеттим))...
15.02.2017. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм
16.02.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдай дешевка окшойт
16.02.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жерине келиптирго
16.02.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хммммм дагы бир жума кутуш керек
16.02.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай акылсыз мен элеминго дегемго....
16.02.2017. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу башын айлантты Айдайдын... Соонун суроттолгон махабат баяны,экоо бирдей суйуп турса кандай керемет!
16.02.2017. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин оюмча кайра кайтып келген Айдай уже элестетип алган Айдай окшойт
16.02.2017. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыз кайтып келип экөө жолугушуп отурбайбы.Эрланды дарылаган врач эжеге айтып берип жатат та кантип таанышкандарын...
17.02.2017. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун чыгарма,бирок дагы бир жума кутмой...
18.02.2017. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун! Соонун баян экен соз жок, азыл эле башынан окуп келдим,чын эле эки сааттуу кино коргондой болдум. Бул болгон окуябы же ... ?
19.02.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы суйуу ушул окшойт, эн соонун чыгарма. Жазуучусу ким экен?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо