Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"МЕН ЖЕЙМС БОНДДУН СҮЙГӨНҮМҮН..."

№745 10-16-февраль, 2017-ж.

– Капкара кылып ушунун эмнесине тийдиң? Жердин битиндей болуп кибирейт... Эк! – жаңы эле чайын ичип туруп кеткен күйөөмдүн артынан апам ушинтип наалыды.
– Ой, кебетесин карачы?! Сен ушундай мокочого тие турган кыз белең?
– Мокочо эмес! Жапжакшынакай эле, башкысы мен аны жакшы көрөм...
"Жакшы көйөм" дейт таалайсыз... Башыңды айлантып алган сенин!
– Сиз эч нерсени билбей эле сүйлөп жатасыз.
Чынында апам эч нерсени билбейт... Мени баары сулуу дешчү. Өзүмө сезилчү деле эмес. Качан гана жашым 16га чыкканда жигиттер чууруп артымдан чуркап, кат жазышып, арзууларын айтып баштаганда чын эле жакшынакай окшойм деген ой келген. Мектепти бүткөн соң жогорку окуу жайга тапшырдым. Мени суктанып карагандар бул жактан эселеп көбөйдү. Балким, жаштыкпы же мен чындап эле көптүмбү билбейм, айтор, анча-мынча жигитти теңиме албай калдым. Канчалаган жигиттер сөз айтты. Мен сулуумун, мага төгөрөгү төп келген жигит керек деп өзүмдү ишендирип койгом. Анан ошол төгөрөгү төп келген жигит жолукту. Сабактан чыгып бараткам.
– Аа, Жибек деген ушубу?- деп артымдан топтошуп турган балдар сүйлөп калышты. А мен мындай сөздөргө, шыбырашкандарга көнүп бүткөм. Ишенимдүү кадамымды улай бердим.
– Жибек! – артымды кылчайып карасам бою узун сулуу жигит мага карай келе жатыптыр. Мен дароо анын жакшынакай экендиги жөнүндө ойлонууга жетиштим.
– Кандай?
– Жакшы.
– Мен Русланмын... Сенден 2 курс жогору окуйм. Үйгөбү?
– Ооба.
– Жүр, жеткирип коёюн.
Менин жообумду укпай эле ал колундагы унаанын ачкычынын баскычын басты, арыда турган капкара жол тандабас "чыйп” эте жарыктары күйүп калды. Балким, азыр ушунчалык жаман угулаттыр, бирок ошондо мага Русландан да унаасы жакшынакай көрүнүп кетти. "Мейли” дедим жылмая. Руслан мени дароо үйгө жеткирген жок, жолдон экөөбүз балмуздак жедик, киного кирдик... Анан уланып кетти. Ал күн сайын мени күтүп алат. Дүкөндөрдү кыдыртат, белек берет. Айтор, ал идеалдуу болчу. Жалгыз жашачу. Мен анын үйүндө түнөп калчу болдум. Экөөбүз ажырабайбыз го деп ойлогом. Бир ирет экөөбүз уктап жатсак түн ичинде кимдир бирөө менен сүйлөштү да шашып чыгып кетти. Таңга жуук келген. Жуунуучу бөлмөгө кирип барсам, анын ак футболкасы, ак бут кийими кан болуп жатыптыр.
– Бул эмне? десем, "кой сойдук ошондон чачыраган” деп койду. Ушундан аз өтпөй менин боюма бүтүп калды. Русланды кубантам деп ойлогом. Бирок менин идеалдуу жигитим так секирди.
– А сен эмне кыз белең? Башымды оорутпачы,- деди ал. Чыдабай жаактан ары чаап жибердим. Ал карап турган жок. Чачымдан сүйрөп сыртка чыгарып койду. Менин дүйнөм урап түштү. Ойлонбой эле боюмдан алдыртып салдым. Аз өтпөй Руслан экөөбүз кайра табыштык. Жиндилик кылыптырмын. Руслан мени пайдаланып гана жүрдү. А мен үмүтүмдү үзө албай жаттым. Бир ирет ал достору менен келип мени чогуу зордуктады. Мен майда-баратына чейин айткым келбейт. Ал мага оор. Кыскасы, Руслан өлүмдөн кайра тартпаган "каралардын” бири экенин мен ошондо билдим. Ал каалаганда мени алып кетет. Каалагандай пайдаланат. Милицияга бардым дегиче өлөрүм анык. Кекиртегиме бычак такап жүрөгүмдүн үшүн алып койгон. Ошондо гана мен анын баягы кийимине чачыраган кан койдуку эмес экенин түшүндүм... Бир ирет анын унаасына түшүүдөн баш тарттым. Ал жулкулдатып, түртүп салып жаткан. Капыстан бирөө "эй, жигит, койсоң?!” деп кыйкырды. Бою кичине, кара тору жигит турган экен.
– Сага эмне болду? Жылып кет.
– Коё бер кызды!
– Энең... – Руслан капыл-тапыл келип тигини баса калмакчы болгон. Тиги жигит эч тайманбай, жалтанбай туруп эле: "Эркексиңби, жүр, мындай барып сүйлөшөбүз”,- деди. Аюудай чамынып Руслан тигини сүйрөп кетти. Экөө эмнени сүйлөштү билбейм. Бирок аз өтпөй Руслан унаасын айдап көздөн кайым болду.
– Менин телефонумду жазып ал. Дагы келип тийише турган болсо айт!
Бою кичине жигит олуттуу сүйлөп басып кетти. Бул ким дедим ичимден. Таң калып жаттым. Руслан ошол бойдон келген жок. Жашоом эми тынчыды. А тиги кара жигитке рахматымды айтып коймокчу болуп кийин өзүм байланыштым. Байланыштым да байландым. Мен идеалдуу мырза дегенди эми жолуктурдум. Ал эч убакта менин мурунку жашоомду сурабайт. Кереги жок дейт ал. Чын дили менен жакшы көрөт. Ар убак жумушунан түндө келет да, мени кымтылап жаап коёт. Таң атпай жумушуна бара жатып, маңдайымдан өөп кетет. Эң башкысы мен анын жанында гана өзүмдү толук коопсуз сезем. "Сен ошондо Русланга эмне дедиң эле?”,- дедим бир ирет кызыгып.
– Ал кызматтык сыр,- деди жымыйып.
– А сенин кызматың эмне?
– Ал да кызматтык сыр.
Таң калычтуу угулат, бирок мен күйөөмдүн кайда иштээрин билбейм. Орган кызматында го дейин десем, үйдө бир да форма жок. Бирок башкысы мен ага толук ишенем. Ушул апам айткан жердин битиндей кара жигиттин кучагы мен үчүн коркунучсуз жай. Апама мокочодой көрүнсө да бул чыныгы мырза, ал бир да жолу мага кол көтөргөн эмес. Ал баалуу белектерди бербейт, бирок ооруп калсам айланчыктап тамагын берип, дары берип күйпөлөктөйт. Мындан артык эмне кереги бар?! Анан калса мен Жеймс Бонддун сүйгөнүмүн деп сыймыктанып да жүрөм. Ким билет, балким, чын эле ошондойдур!

Жибек


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(17)
15.02.2017. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ай ушул сулуу кыздар сулуулугун туура пайдалана билсе кандай сонун болмок,аттиң,өзүн өзү баалабагандык да менимче
16.02.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аа молодец
Кыйратыпсын. Чон иш бутуруп!))
15.02.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жеймс Бондтун дагы бир кун тынкылдатып кетпесин
15.02.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
КГБ да иштесе керек да жердин бити
15.02.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
korul.alai001,кгб азыр жоюлуп кеткен
15.02.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сулуунун к... кургабайт,кургаса да жыргатпайт.
15.02.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жайлапсин
15.02.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Русландан да унаасы жакшына корунуп кетти козумо" деп коёт го, байлыка кызыкса ошондой болот да. Ещё кийинки куйоосунун апасы айтмакчы "капкара жердин битинин" да кайда иштеерин билбейт экен. Сен умутунду узо албай жургонундо анында кочого таштап кетпесин. Сулуумун деп эле бой которбой намысынды сактап журбопсун да! Ошондо баары сонун болмок!
15.02.2017. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызык,тигиси Русланга эмне деп койду болду экен?!
15.02.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Русланга не дегенин билгенде бизгеда айтып койунуз))
15.02.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Solanum,уйронуп алалыбы?
15.02.2017. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бой которгон кыздарга сабак болчудай экен
15.02.2017. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сулуу кыздарга ырас болот ушундай/койколондоп жургуло корунгонуно кополок болуп...
16.02.2017. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чынында ыймандуу сулуу кыздар аз экенине козум жетти.Озунун сулуулугун акчага,байлыкка алмаштырып,талпак болуп тебеленип калганын билбей калышат.Билсе да кайыл болгондор аз эмес.
16.02.2017. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анда ал ыймандуу вор экен
03.04.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Оо кандай окуя. Мындай көрүнүштөр чачтан көп. Абдан өкүнүчтүү жүрөк сырларынын бири экен" - деген көз карашты күттүң беле, жок мен бир баракчанын бурчун толтуруш үчүн ойлонуп табылган чыгарма катары эсептейм. Албетте сабак болчудай сюжет экен, анысын баалайм бирок. Суперчилер бир жагынан азаиатсыңар, экинчи жагынан да азаматсыңар.))) менин оюмча жанагы белгисиз детальдарына (эмне айтканы, каякта иштээри черномазыйдын) идея жетпей калса керек да. Эч нерсе эмес. Аракет кылсаңар берекет.
21.04.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичинекей капкара дегени жакты.Чынында ар дайым кымбат белек бербесе да ал сени кымбат адамы катары корсо ушунун озу белек))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо