Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АТАНЫН КЫЗГА, ЭНЕНИН УУЛГА ТАРБИЯСЫ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?

№745 10-16-февраль, 2017-ж.

Адатта үй-бүлөдө ата уулду, эне кызды тарбиялайт деп кабыл алабыз. Мунун айынан кээде кыз атасы, ал эми уул энеси менен ымаласы келишпей калган учурлар кездешет. Мындай болбош үчүн үй-бүлөдө атасы менен кызынын, энеси менен уулунун мамилелери кандай болушу керек экендигин психолог Назира Тилек кызы баяндайт.

"АТАЛАР, КЫЗДЫ АПАСЫ ГАНА ТАРБИЯЛАЙТ ДЕБЕГИЛЕ!"

"КЫЗДА АТАГА ИШЕНИЧ БОЛУШУ ЗАРЫЛ"

– Кыз баланы тарбиялоодо атанын орду чоң. Дегеле үй-бүлөдө атанын өзүнчө сыйлуу орду болуш керек. Кыз бой тартканда атасы менен мамилеси бузулуп, тил табышуу оорлосо, демек, атасы кызы кичинекей кезинде тарбиялоодо катачылыктарга жол берген.
Негизи "кичинекей да, бул эмнени түшүнмөк эле?" деп кайдигер карабаш керек. "Мен деген атасымын, кызды апасы тарбиялайт" дегендердин келечекте кызы экөөнүн мамилелеринин муздашында шек жок.
Ата кызы кичинекей чагында эле ага апасындай көңүл бөлүшү кажет. Кыздарды эркелеткиле, кичинекей экенине карабай аны менен ой бөлүшкүлө, кеңешкиле, сырдашкыла. Атага болгон ишенич балапан кезинен тарта калыптанат. Эгер балалыгында сүр көрсөтсөңүз, кызыңыздан өзүңүздү оолак кармасаңыз, кызыңыздын көзүнчө ичип келип же дагы башка жаман кылыктарды жасасаңыз, бой жеткенде анда мырзалардан оолактоо, чочулоо пайда болот. Атага болгон сый сезим жоголот. Тарбиялайм деп кол тийгизсеңиз, демек, эркектер урат тура деген ой анын аң-сезиминин бир бурчунда орнойт да, кийин турмушунда күйөөсүнөн таяк жесе да кадимкидей эле кабыл ала берет.

"КОЖОЙКЕ" ЭРКЕК БОЛБОГУЛА!"

– Бизде, чыгыш элдеринде атанын орду бийик. Менимче, бул туура нерсе. Атасы сыйлуу үй-бүлөдө гармония болот. Ата – бул каражат таап, үй-бүлөнү татыктуу багып, балдарына мээрим төгүп, балдардын апасын сыйлаган адам. Тилекке каршы, учурда "кожойкеге" айланып калган аталар көбөйүп кетти. Аялы иштейт, өздөрү балдар менен үйдө. "Кожойке" аталардын кыздары адатта эркек кишини сыйлабаган, орой болуп чоңоюшат. Алардын кийин өз үй-бүлөсүндө күйөөсү менен тил табышуусу да кыйындайт. Себеби кезинде ал атасынын үйдө аброю жок экенин көрчү.

"КЫЗЫҢЫЗ СЫРДАШ БОЛГОНУ ЖАКШЫ"

– Кызыңыз кичине кезинде сиз менен сырдашса, бул жакшы жетишкендик. Анын ишениминен чыкпаганга аракет кылыңыз. Кызыңыз да сизди көрүп, ишенимиңизди актаганга аракет кылат. Ар бир кыз чоңоёт, жигиттер менен сүйлөшө баштайт. Мына ошол учурда атасына ишенген кыздар ойлору менен бөлүшөт. Кызыңыздын кайда, ким менен жүргөнүнөн кабарсыз болгондон көрө, анын жашоосун билип турганыңыз абдан жакшы эмеспи.
Баса, тарбия деген бул катуу көзөмөл эмес. Бул кыйыр көзөмөл. Туура багытка салуу. Туура багытка кызыңыздын ишеничине киргенде гана багыттай аласыз. Ал эми кызы атасын сыйлап турушу үчүн эң ириде апасы үлгү катары атасын сыйлап туруусу керек. Себеби балдар көргөнүн кайталайт. Алардын аң-сезиминде көбүнчө көзү көргөн нерсе калыптанат. Өзүңүз чылым чегип, арак ичип алып "Ичпе! Чекпе!" дегенден пайда жок.

"АПА УУЛУН ӨТӨ ЭЛЕ БӨПӨЛӨП ӨСТҮРБӨШҮ КАЖЕТ"

"ӨТӨ БӨПӨЛӨБӨҢҮЗ!"

– Эркек баладан чыныгы мырзаны тарбиялоо да оңой иш эмес. Психологияда "гипер опека" деген түшүнүк бар. Бул өтө эле камкордукка ороп-чулгап салуу. Мындай тарбияны көргөн балдар кийин өз алдынча чечим чыгара албаган, коркок, жаңы нерсени таанып-билүүгө ашыкпаган балдар болуп чоңоюшат. Албетте, сиз энесиз. Уулуңузду жакшы көрөсүз. Бирок анын атасына кошулуп бир жактарга барышына, атасы менен чогуу жумуш жасашына тоскоол болбоңуз. "Ой, мунун бир жери ооруйт, бул кыла албайт, бул алсыз, байкушум" дей бербеңиз.
Балаңыз башка балдар менен сүйлөшсүн, достошсун. Балким, бири менен тил табышса, экинчиси менен урушат. Бирок ал дүйнөнү, адамдарды таанып жатат да. Баласын ким жакшы көрбөсүн, баары жакшы көрөт. Бирок жакшы көрүү деген эркек баланын жумушун алып өзү жасап коюу эмес. Тескерисинче, балага жоопкерчилик алууну, үйдөгү ага бөлүнгөн иштерди, милдеттерди аткарууну үйрөтүү керек. Үй-бүлөнүн жоопкерчилигин моюнуна алып, маселени чече билген, каражат таап баарыңыздарды багып жаткан ата балаңызга жакшы мисал. Аны атасынан оолактатпаңыз.

"АПАСЫНЫН БАЛДАРЫ" – АЯЛЫНЫН СӨЗҮНӨН ЧЫКПАГАНДАР"

"Апасынын баласы" деген мырзалар көбүнчө матриархаттык, башкача айтканда, аялдын орду бийик үй-бүлөдө чоңоюшат. Кийин булар аялынын сөзүн жогору койгон эркектер болушат. Же апасынан бөлүнө албай үй-бүлөсү менен ажырашып, жашоосун жалгыздыкта өткөрүшөт. Бул билинбей эле аң-сезимде калыптанып калат. Демек, уулуңузга атасы сыйлуу экенин көрсөтүңүз (албетте, ата өзү үлгү болушу керек).

"СПОРТ ЖИГИТТИК МҮНӨЗДҮ КАЛЫПТАНТАТ"

– Эгер сиз жалгыз бой эне болуп уул тарбиялап жатсаңыз, аны сөзсүз спортко кызыктырыңыз. Жалаң жигиттердин чөйрөсүндө машыгууларды өткөрүп, жигиттик мүнөздү калыптанткан оң. Анан да балаңыздын ишеничине кириңиз. Уулуңуз үчүн ким үлгү болуп жатканын билиңиз. Балким, ал короодогу чылым чегип, түрмө жөнүндө сүйлөгөн бирөөнү пир тутуп алгандыр. Атасыз өсүп жаткан балага кимге карап түздөнүү керектигин сиз көрсөтүңүз.

"БАЛАГА ҮЛГҮ БОЛГУЛА!"

– Жалпылап айта турган болсок, ата да, эне да бала тарбиялоодо бирдей жоопкерчиликке ээ. "Мен багам, балдарды сен тарбияла" деп таштап койгон туура эмес. Себеби атанын өз орду, эненин өз орду бар.
Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, ата-энелер өздөрү ишке ашыра албай калган кыялдарын балдарына жүктөй беришет. Маселен, өзү бийчи болгусу келип, анысы ишке ашпай калса баласына ошол милдетти жүктөп салат. Минткен туура эмес. Баланын өз оюн уккула, аны менен эсептешкиле. Туура багыттагыла! Таңуулабагыла! Бул анын келечекте өзүн табуусуна жакшы шарт түзөт.
Анан да, ата-энелер, балага үлгү болгула! Жубайлар бири-бирин сыйлап турган үй-бүлөдө адамдарды сыйлай билген, ата-энесин урматтаган балдар чоңоюшат.

Мирлан Өмүралиев
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(31)
15.02.2017. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн жакшы кенеш, Рахмат
15.02.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кеңеш болуптур.
15.02.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жашоодо тарбиянын мааниси аябай чон.Кай жерде журбойлу ;суйлобойлу алган же Берген тарбиябыздын жыйынтыгын коробуз
15.02.2017. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура кошулам
15.02.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш
15.02.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Уй-бүлөдө атанын өзүнчө сыйлуу орду болуш керек".Ушул соз жакты
15.02.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата деген баарибир ата да. Бар болсун аталар жана апалар.
15.02.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура кенеш экен рахмат
15.02.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакында кудайым буйруса эне деген статуска ээ болом.Ата-энем берген тарбиясын менда колдоном.аАпамын баркын ошондо жон терим менен сеземго
Begim94 түзөттү 2017-02-15 12:14:30
15.02.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыздын уул кыздары ыймандуу,акылдуу,намыстуу,боорукер жана ата энесине кайрымдуу болушсун,жаратканым ошол сапаттарды балдарыбызга насип кылсын,оомийн
15.02.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата аска зоо,эне боорундагы булак,бала экоонун ортосунда шам чырак,деген создор маани манызы терен талдап тушунгон адамга. Ата кол жеткиз аска болсо, эне суудай таза аруу болсо, албетте бала ар дайым бактылуу.
Nurkyz1977 түзөттү 2017-02-15 13:10:28
15.02.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ата...... деген созго келгенде тил айланбай калат да ушу
15.02.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтылган кенештер экен. Супер дагы ушундай кенештерден коп жазып тургула.
21.02.2017. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
makesh1992,жаман берилип кеттин го...
15.02.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоон ракмат.
15.02.2017. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атам да апамда бизге тура тарбия Берген экен атам мн апаман эч сыр жашырбайбыз
16.02.2017. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш,эми ушуларды ишке ашырыш керек.
sabyrer82 түзөттү 2017-02-16 00:54:12
16.02.2017. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун кенеш экен. Мен бул макаланы окуганга чейин, эркек баланы апасы эч качан урушпай жакшы суйлоп чонойтушу керек деп ойлочумун. Анткени энеден таппаган жакшы созду уйлонгондо аялынан угуп энесине конул болбой койот деп ойлогом. Демек туура эмес ойлоп жургон экенмин. ))
16.02.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
негизи көп нерсе энеден көз каранды.... Энеси: "Атаңарды сыйлагыла, каяша сүйлөбөгүлө, уктап жатса, тынч отургула, мас кесе да, катуу сүйлөбөгүлө, бир жакка чыгаарда, атаңардан уруксат сурагыла, ага тийбе, атаң урушат!"- деп, жана өзү да жолдошун сыйлап турса, балдары да атасын сыйлап, жакшы мамиле жасайт ко деп ойлойм.
19.02.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
DNurgiza,
Эң туура ойлойт экенсин... Азамат
16.02.2017. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы кенеш рахмат сиздерге.
17.02.2017. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун кенештер экен. Эми буйруса балалуу болгонубузда ушул кенештерди да колдонгончо журобузго
18.02.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун
19.02.2017. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кенеш экенго
19.02.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туурa кaбыл aлыш !! Менимче aзыркы убaктa бaлaны коом тaрбиялaп жaтaт ко. Эски убaктaрдa жaш бaлдaрдa -' мен чонойсом президент болом , олкону мынтип онуктуром,, депутaт болом элдерге жaрдaм берем,, Чонойгондо космонaвт болом , кыргызстaнды тaaнытaм'' - деген кыялдaр болчу !!!!! AЗЫРЧЫ , кундо мaйрaм, кундо той . Бугун олигaрx ресторaндa , эртен ИЗЮМ. Бугунку жaштaрдын кыялы -'' Эки этaж уй сaлсaм , тоюмa 500 aдaм чaкырсaм , 10 бмв ,2 лимузин менен эскорт кылып тойго чыксaм , ырчылaр ,
19.02.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
( 3 ыр ырдaп 1000доллaр) тaмaдa ( 500 доллaр) .. Элди aрaк - шaрaгы мн ырaaзы кылсaм'' - болуп кaлды.. ОЙЛОН КЫРГЫЗ , ''ЧОНОЙГОНДО президент болуп элге aдaл кызмaт кылaм'' деген жaштaрын , aзыр aр бир тойдон 1000 доллaр тaбaм деп ЫРЧЫ , ТAМAДA болом деп кaлыптыр... Болгону 6 млн кaлкбыз , aнын ичинен кыргыз 4 миллиондой эле экен (Кобу россиянын грaждaнстосун aлыптыр). Бишкекке келип ''КЫРГЫЗЧA'' суйлосом '2'сорт aдaмдaй кaбыл aлышaт экен. Бул жер биздин Мaмлекеттин бaш кaлaaсы,
19.02.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
борбору эмес беле. Кaнтип оз тилимди суйлоп оз жеримде 2 сорт болуп журом. ЭНЕ ТИЛИН суйбогон элин суйуп жaрытпaйт деп жон эле жaзылып журобу же китептерибизде!!!
( озбек десе бaaры жaмaн корушот, биро мынa ошолор оз тилин эч унутпaй суйлошот бaшкa олкодо журсо дa).. коп aйтa тургaн ичимде соз бaр , бaлким '' кийин бaшкa жерде aйтaттырмын.!! ( Озум Озгондун Дон Булaк aйыл окмотунон болом)
20.02.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KyrgyzTrump молодец туура айтас.
20.02.2017. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyrgyz Trump
,Туптуура,мин жолу туура
21.02.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн туура
22.02.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaloshtalnarisbatchui, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. 5 күнгө БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо