№745 10-16-февраль, 2017-ж.
Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевди иштен бошотуу сунушун берди. Аталган катты өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго Башкы прокуратура 9-февралда жөнөттү. Сарпашев "Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы болгон Ульяна Пакка тиешелүү Бишкек шаарындагы райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы чечимине ылайык аресттен чыккан жерди каттоого көрсөтмө берген" деп айыпталууда. Жер тилке Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсү-45-45А дарегинде жайгашып, анын аймагы 1 гектар 28 сотыхтан турат. Башкы прокуратуранын билдиришинче, райондор аралык соттун чечимин ишке ашыруу шаардык сот тарабынан 2016-жылдын 2-ноябрында токтотулган. Бул боюнча өлкөнүн башкы көзөмөл органы Сарпашевдин кадамына "коррупцияга каршы туруу" мыйзамын бузган деп баа берген.Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |