ЖЫЛДЫЗДАРДАН ВАЛЕНТИНКА. АТАКТУУЛАР ЖАН ШЕРИКТЕРИНЕ АРЗУУ КАТЫН ЖОЛДОШОТ...

№745 10-16-февраль, 2017-ж.

"МЕНИ БАКТЫЛУУ КЫЛГАНЫҢ ҮЧҮН РАХМАТ"

Катты ырчы Съездбек Искеналиев жубайы Жаркынайга жолдойт. Экөөнүн баш кошконуна 10 жыл болду. 3 баланын ата-энеси.
– Бул жашоодо адамдын жасаган эмгегин билип, ага ыраазычылык айтуу жакшы сапат деп түшүнөм. Мен дагы андай сапаттын ээси болгум келет. Себеби Кудай кошкон жарым, сага билдирчү ыраазычылыгым көп. Быйыл биздин баш кошконубузга 10 жыл болду. Сен мен тилегендей жарымсың, ар бир жасаган ишимди колдогонуң, айткан кеңештериң, чарчап келсем дайыма жаркылдап тосуп алганың эч нерсеге теңелгис бакыт тартууларын билишиңди каалайм. Качан болбосун үйүбүз таза, балдарыбыздын курсагы ток, кийимдери таза мунун баары сенин эмгегиң. Мага ысык чайыңды, даамдуу тамагыңды жаркылдап сунуп турасың. Бир туугандарымдын жүрөгүнөн орун тапкан Жаркынайым. Эгерде ооруп калсам көзүмдүн кареги менен кошо тегеренип жүрөсүң, менин камкор жаным. Чыгармачылыгымдын эң биринчи күйөрманы, сынчысы өзүңсүң. Мен дагы сени менен акылдашып иш кылгандан ырахаттанам. Апам көзү тирүү кезинде эч кимге угузбай “мен тилегендей келинчегиң бар, бактың өзүңө кут болсун, көз тийбесин” деп ыраазычылыгын айтып калар эле. Андай сөздү апамдан уккан мен ого бетер кудуңдап сүйүнгөнүмчү. Сен менин жароокер, жаркылдаган, жан дүйнөсү сулуу жарымсың. Үйүмдүн куту, балдарымдын апасы, бир туугандарымдын жакшы көргөн келини Жаркынай, Жаратканга мага сени жубай кылып бергени үчүн чексиз ыраазымын. Күнү да, түнү да Жаркынайым менен тең арып, тең карып, балдарыбызга жакшы тарбия берип, алардын жакшылыгына чогуу күбө болуп жүрө берели деп тиленем. Мени бактылуу кылууга умтулганың үчүн, бакыт тартуулаганың үчүн ыраазымын, жан шеригим.

"СЕНИН ЖАНЫҢДА АЛСЫЗ АЯЛЗАТЫ БОЛУУДАН КОРКПОЙМ"

Катты ырчы айым Неля жолдошу Урмат Усеновго арнайт. Алардын турмуш кургандарына быйыл 10 жыл болот. 2 баланын ата-энеси.
– Кымбатым менин, экөөбүздүн чогуу түтүн булатып жатканыбызга жакында 10 жыл болот. Бул биз үчүн аз убакыт. Бирок бул убакыт аралыгында мен сага болгон сүйүүмдү, жалаң гана аруу сезимдеримди сактап келем. Жашоомдогу эң бактылуу жана өкүнүчтүү көз ирмемдерде дайыма жанымда болгонуң үчүн, мага арткан ишеничиң, чексиз колдооң үчүн рахмат айткым келет. Сен менин жан дүйнөмсүң, жасаган ар бир жакшылыгыңа ыраазымын. Сенин акылмандыгың, эптүүлүгүң, абалдан чыгуу үчүн жасаган туура аракеттериң, чыдамкайлуулугуң, бир сырдуу мүнөзүң мен үчүн баа жеткис кымбат. Сендей адам бул дүйнөдө башка жаралбагандай туюлат. Мага, балдарыбызга тартуулаган бактылуу мүнөттөр үчүн сага рахмат айтам. Сенин токтоо жана чыдамкай мүнөзүң бизди кандай гана кыйынчылык болбосун сууруп чыгат. Сенин жаныңда алсыз аялзаты болуудан коркпойм, себеби мени дайыма коргоп аларыңды билем. Сенин ыйманың башкаларга үлгү болчудай. Алла экөөбүзгө эки дүйнө бир болууну буюрсун деп тиленем. Балдарыбызга жана жакындарыбызга үлгү болушубузду каалайм. Сени сүйөм жана сенин сүйүүңө арзууну каалайм.

"СЕНДЕЙ ЖАНГА ТУШ КЫЛГАН ТАГДЫРЫМА ЫРААЗЫМЫН"

Катты Айчүрөк Иманалиева жолдошу Таалайга жолдойт. Экөөнүн турмуш кургандарына быйыл 22 жыл болот. 3 баланын ата-энеси.
– Таалай, чогуу турмуш куруп жаткан 22 жыл ичинде кандай гана кубанычка толгон күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Жараткан тартуулаган кыйынчылыктарга дагы чогуу кез келдик. Сенин ар дайым менин жанымда болгонуң, башыма сыноо түшүп, жан дүйнөм түйшөлүп турган мүнөттөрдө жылуу сөзүң менен мага дем-күч бергениң, ар бир ийгилигиме чын дилиңден кубанганың, мунун баары менин айтып бүткүс бакытым. Аялзаты жанында ишенимдүү жөлөгү болгондо гана эртеңки күнүнө ишенимдүү карайт. Экөөбүз үй-бүлө кургандан тартып ушул убакытка чейин менин жашоого болгон ишенимим бир да жолу майтарылган жок. Анткени жанымда мени сүйгөн, сыйлаган, колдогон жан шеригим болдуң. Сен күйүмдүү жолдош, мыкты атасың. Уул-кыздарыңа мээрим төккөнүң, жасаган камкордугуң мага бүткүл дүйнөнүн жылуулугун тартуулагансыйт. Мен өзүмдү сенден табам, сендей жан шерикке туш кылган тагдырыма ыраазымын. Ар бир аялзаты ушундай бакытка балкып жашап өтүүсүн каалайм.

"НАРГИЗА, БААРЫБЫЗДЫН "ЖАНУЛЯБЫЗСЫҢ"

Катты режиссёр Сүйүн Откеев жубайы Наргизага арнайт. Алардын турмуш кургандарына 10 жыл болду. 3 кыздын ата-энеси.
– Мен сени башкалардай ар кандай ат менен атай албайм, буга башынан көнгөн эмесмин, билесиң. Романтик деген ат мага жарашпайт, экөөбүз алгачкы жолу жолугушкан күн эсиңдеби? Атайын сага деп арнап алган гүлүмдү өзүңө тартуулагандан уялып мени жеткирип келген таксист байкеге карматып койгонумду айткан элем. Анысы аз келгенсип сейилдеп жүрүп сага пицца алып бермей болгом, жыйынтыгында анын 80 пайызын өзүм жеп койгонумду дагы унутпасаң керек. Албетте, сен мунун баарын эсиңден чыгарган эмессиң. Эми сен билбеген бир нерсени жазайын. Баш кошордон мурун сени менен СМС аркылуу жазышып жүргөндө 5 мүнөт жооп кайтарбай калсаң, мени сүйбөй калды бекен деп жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй кабатырлана берчү элем. Бирок ал кезде ичимде мындай чоң сезим жашап жатканын, албетте, өзүңө айткан эмес болчумун. Анда Германияда жүргөн кезим, айына сенин үнүңдү угуу үчүн телефонума 1500 еврого бирдик салып немистерди далай байыттым. Андан бери канча жыл өттү, баш коштук, ортобузда 3 айдай болгон кыздарыбыз төрөлдү. Алардын баары үчүн, жашоомдогу күнүмдүк шаң-күлкү үчүн, мээримиң үчүн сага ыраазымын. Өзүң билгендей телефонума сени Жанулям деп сактап алгам. Айлин кызыбыз сен чалганда “Ата, жануляң чалып жатат” дегендей, сен баарыбыздын жанулябызсың. Бул сөздөрдү, балким, көзүңө карап отуруп айтпаган чыгармын. Аны мен сага “Супер-Инфо” аркылуу айтып жатам. Балдарыбыздын жана менин бактыма аман бол, жанулям.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(33)
15.02.2017. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ээх чиркин кандай гана журоктун туп тубунон чыккан арзуу сезимдер.Ылайым эле ушинтип жубайлар бири бирин сыйлап журо беришсин.Сьезддин аялы жагат татына келин.А Урмат чын эле токтоо экени экрандан билинет.А жанулясын тааныбайт экем .
15.02.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ооо кандай гана соонун создор айтылган, Сьездбектин жазган каты мени антар тентер кылып жиберди, ар бир келин ушундай аял болушун жана жолдошунан ар куну ушундай соз угушун каалаймын, бактылуу жубайлар коз тийбесин.
15.02.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эки дуйно бактылуу болгула! Кошкон жарынар мн кошо карыгыла.
15.02.2017. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Аман болгулачы, корсо аял мн эркектин ортосунда деле уй булолук суйуу болот тура... А мен ойлогом уйлонгондон кийин суйуу бутот го деп...
15.02.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эки дуйно бактылуу болунуздар! Суйушкондор бактылуу болгула!
15.02.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Нелянын катын инста.дан да окудум эле
15.02.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Суйун Откеевдики вот сколько я для тебя потратил дегендей болуп калыптырго)))) бирок соонун баары тен арып тен карыгыла.
15.02.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Буларды окуп отуруп жашоо жомок окшойт деп ойлоп буто электе аялым уйкудан туруп дуконго барып келе койчу дейт жылмайган бойдон уруп баратам тан гору
Tyty1990 түзөттү 2017-02-15 13:04:10
15.02.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Tyty1990,супер, ушундай билдируулорду, особенно куйоосу аялына кобуроок комплимент,ыраазычылык айткан белгилуу инсандардын билдируулорун кобуроок жазып тургулачы, мына баладай болуп онолосун биздин элдер)))) мындай билдируулор адамга жакшы таасир берет
15.02.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Sez'dbektin jazgany ozgocho taasirlentti meni,kandai baktyluu kelinchegi bar jada kalsa baardyk kylgan emgegin baalap turat,chynygy myrza dep uwunu ait!!!
15.02.2017. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болгула. Сьездбектин раазычылык билдиргени сонун. Ар бир жубайлардын ортосунда мактоо,суйуу боло берсин.
15.02.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кандай гана жагымдуу создор, канчалаган жагымдуу сезимдер. Ылайым ар бир уй-булодо, жогорудагы создорго татыктуу аял, куйоосун жагымдуу создорун айтууга аргасыз кылган аяыл насип этсин. Аамиин..
15.02.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кандай гана бактылуу түгөйлөр көз тийбесин.
15.02.2017. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайым баарыбызга бакыт насип эмин. Баарынарга бакыт каалайм!
15.02.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунча жыл чогуу тутун буулантып жашап, бири-бирине болгон суйуулору очпогону кубандырат.
aman0296 түзөттү 2017-02-15 17:22:19
15.02.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарыңыр бактылуу болгула. Кыргызымда бактылуу түгөйлөр көп болсун. Балдарыңардын оозурун көргүлө.
15.02.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Нелянын катын инстадан окугам. Бул Урматтын туулган кунуно арналган кат го. Менин билишимче бул жаш жубайлар намаз окушат. Бул каттын Валентин кунуно тиешеси жок. Супер инфо маалыматты бурмалабай так берсенер болмок
16.02.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jikitai,билишимче гезит 10-февралда чыкты а неля билдирууну 13-февралда жазып чыкты. себеби Урматтын туулган куну 13-февралда экен...
21.02.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jikitai,"Супер-Инфо" маалыматты бурмалаган эмес. Нелянын каты адегенде гезитке жарыяланган, кийин гана баракчасына илинген.
15.02.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сьездбек байке Жаркынайынызды аябай эле мактап салыптырсыз го,коз тийип кетпесин, уч тукурдунузбу?))) . Лично мага Откеевдин валентинкасы жакты жасалмасы жок
15.02.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мага Откеевдин каты жакты. Бактылуу уй було болгула! Дайыма!
15.02.2017. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Окуп алып аябай ыйлагым келип кетти.Кандай соонун эки адам бир бирин суйуп сыйлашса. Кандай керемет создор жазылган. Менин да жолдошум аябай романтик бирок мындай кат жазган эмес.
16.02.2017. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла эмес Аллах
kindly_girl91 түзөттү 2017-02-16 00:52:49
16.02.2017. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айий биздин турмуш курганыбызга торт жыл болду бирда ушундай созун угалекмин тоа кандай гана жылууу создор
16.02.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жолдошундан ушундай ыраазычылык катын алган кандай жакшы э? :*)
17.02.2017. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен да Суйун Откеевдин катын жактырдым.Башкасыныкын окугум да келбеди негедир.Жонокой, жасалмасыз..
18.02.2017. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сьездбек байкенин каты өзгөчө болуптур баардык мырзалар сиздей болсо кана аттин ар бир сөзү тим эле жүрөктү титиретет го сиздин жубайынызга жазган катыныз бүткүл аялзатына арналып жазылгандай таасир калтырат экен Жаркынайыныз мн тең аарып тең каарыгыла балдарынардын жакшылыгын чогуу көргүлө көз тийбейсин
19.02.2017. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суйун Отукээвдин каты аябай жакты.Бактылуу тугойлор, суктандым силерге.Кана эле мага да жолдошум ушундай создорду айтса журогум жарылып кетсе керек.
19.02.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
атаң көрү,мага жолдошум бир жылда бир эле мактоо айтпаса а так ноу.жалоб деле жок начар менен жакшынын ортосунда окшойм
19.02.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарынанда Суйун Откеевтики ото оригналдуу болуптур
21.02.2017. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай бактылуулук кундорго бизда жетейлии.
09.03.2017. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун керемет создор
30.06.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок ХХХ кат жазбай эле койбоптур.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-30 14:00:22
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо