Айпери Кулбаева: «ӨЗҮМӨ ӨЗҮМ ДЕМӨӨРЧҮМҮН»

№745 10-16-февраль, 2017-ж.

Каарманым булбулдай үнү менен салмактуу ырларды ырдап, калың элдин катмарына таанылган. Бир эле мезгилде эки уулга тарбия берип, жолдошуна жөлөк болуп, чыгармачылыктын чыйыр жолунда талыкпай эмгектенип жаткан убагы. Кайсы гана чыгарманы аткарбасын, күйөрмандары тарабынан бааланып, мактоого татып келет.

КААРМАН ТУУРАЛУУ:

Толук аты-жөнү
Кулбаева Айпери Дүйшөбаевна
Туулган жылы, күнү1987-жыл, 27-февраль
Туулган жери Аксы району, Жерге-Тал айылы
Билими ОшМУнун искусство факультетин аяктаган
Репертуарындагы белгилүү ырлары – “Тамашалуу ыр”, “Элегия”, “Кымбатым”, “Биз экөөбүз” жана башкалар
Үй-бүлөлүк абалыҮй-бүлөлүү, 2 уулдун энеси.

– Саламатсызбы, Айпери? Ырчылыктан тышкары кандай иштер менен алектенесиз? Актрисалык талантыңыз да бар экен...
– Саламатчылык. Туура, ырчылыктан сырткары актрисалык өнөрүм да бар. 2006-жылдан бери актриса болуп Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында эмгектенип келем. Ал жерде ар кандай спектаклдерде роль жаратам. Он жылдан бери көптөгөн спектаклдерде жакшы ролдорду аткардым. Мисалы, Сооронбай Жусуевдин “Курманжан Датка” спектаклинде Курманжандын жаш кезиндеги образын ойнодум. Андан сырткары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын топтомунан жаралган “Көктөмүн көксөгөн сары өзөк” аттуу спектаклде Жамийланын, Алимандын, Мырзагүлдүн образдарын, "Гүлсарат" спектаклинде Гүлсарынын кулун кезин да ойногом. Андан башка көптөгөн эпизоддордо роль жараттым. Актрисалык өнөр Кудайдан берилген талант. Талантымды өнүктүрүп, актрисалык кесип боюнча билим алып жаткан учурум. Билим сөзсүз керек экен.

– Жаңы чыгармаларыңыз, клиптериңиз байма-бай чыгып турат, каржылык жактан ким жардам берет?
– Чыгармачыл адам болгондон кийин улам жаңыланып, жаңы идея менен чыгып турбасаң чыгармачылыгың токтоп калат. Жаңы ырларды ырдап, клиптерди тарттырып, жаңы формаларды тиктирип турбасаң бааланбай каласың. Чыгармаларымды толуктап, жаңылык киргизүүмө керектүү каражатты үй-бүлөбүз менен тапкан акчаларыбызды жумшайбыз. Ушул күнгө чейин өзүмө өзүм демөөрчү болуп келем.

– Рыспай Абдыкадыровдун ырларын жогорку деңгээлде аткарып жүрөсүз...
– Ырдын пири Рыспай Абдыкадыровдун ырлары мен үчүн табылгыс байлык десем болот. Себеби мен ал кишини кумир тутам, жогору баалайм. Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алган чыгармалар дал ошол инсандыкы. Ошондуктан Рыспай атабыздын ырларын кайрадан ырдап чыгуу чоң сыймык. Эл дагы Рыспай атабыздын ырларын аткаруучу катары жакшы баалаганына ыраазымын. Романс тибинде жазылган сөзү Эгемберди Эрматовго таандык “Махабат жөнүндө баллада” аттуу ырын Рыспай атабыз өзүнүн 50 жылдык юбилейинде бир гана жолу аткарган. Ошондон кийин бул чыгарма ырдалбай калган эле. Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдык юбилейине арналган эл аралык фестивалында ошол ырды ырдап, баш байгени жеңип алгам. Азыркы учурда жүзгө чукул ырларын жаттап, арасынан аккордеон менен жаздырып, өздүк архивиме сактап койгом. Буюрса, калган чыгармаларын да менин үнүмдө жаздырып, сактап коюуну максат кылып жатам.

– Бир кезде "Тамашалуу ыр" ырдап чыккансыз. Кийин ал жанрды алмаштырдыңыз. Себеби эмнеде?
– "Тамашалуу ырды" Кутман Султанов экөөбүз ырдап чыкканыбызга он жылдан ашыптыр. Ал ыр убагында элге кеңири тарап, күйөрмандар жылуу кабыл алган. Азыркы учурда деле ошол ырга болгон суроо талап бар. Клиби да жакшы чыккан. Бул ыр чыгармачылыгымдагы алгачкы ырларымдын бири, абдан жакшы көрөм. Тамашалуу жанрдагы ырларды ырдоону уланта алган жокмун. Өзүм дагы билбейм эмне себептен (күлүп). Азыркы тапта Кутман Султанов менен ошол ырдын экинчи бөлүгүн жезде менен балдыздын айтышындагы образда жаздырып жатабыз.

– Кийинүү стилиңизди улуу муундар баалашат. Өзгөртүүнү ойлогон жоксузбу?
– Кыргыз элибиздин салмактуу чыгармаларын ырдап жүргөндүктөн, кийинүү стилим аткарган чыгармаларыма жараша. Чынын айтсам, мен өтө патриот адаммын. Өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбызга көңүл бөлүп, коомго жайылышына себепкер болгум келет. Стилимди өзгөртөм деп ойлобойм жана улуттук кийимди кийүүнү таштабайм.

– Бала чагыңыздагы кызыктуу учурлардан айтып өтсөңүз...
– Кыздар менен эч ойнобоптурмун. Эркек балдардын арасында чоңойгондуктан мүнөзүм да эркек баланыкындай болуп калган. Азыр деле кыздар менен көп сырдаша бербейм. Бала чагымда кызыктуу учурлар көп болгон. Өзүмдүн агам Нуржигит жана атамдын бир тууган инисинин баласы Мыктыбек агам экөө менден бөлөк ойнойбуз дешип, мени үйгө таштап кетишчү. Аларды Нүкү жана Мыкы деп кыскача айтып койчубуз да. Анан дайыма аркасынан кууп чыгып: “Нүкүлөр, Мыкылар токтогула, мен дагы силер менен ойнойм”,- деп ээрчип алчумун. Дагы бир окуя, 5-6 жашымда чоң атам агаларымдын чачтарын устара менен кырып салса, мен дагы ыйлап отуруп чачымды алдыртып салгам. Үйгө келгенде апамдан уруш жеген болчумун.

– Ырчылык өнөрдү кандан таркайт дешет... Үйдөн ким ырчылыкка жакын?
– Үйдө атам ыр жазат, акын деп койсом болот. Андан сырткары биз кичине кезибизде гитарада ойноп, ырдап берчү. Ал эми апам ушул күнгө чейин жакшы ырдайт, анын талантын баалайм. Апам кесиби боюнча мугалим. Бирок мүнөзү тартынчаак болгондуктан көп ырдабайт. Кээде апама ырдап бериңизчи десем, обон созуп калат. Менимче, кандан таркайт деген туура, анткени бир туугандарымдын баары жакшы ырдашат. Өзгөчө кичүү иним Элдиярдын үнү коңур. Мен иниме жардам берейин, сен ырдап чык дегем. Бирок кызыгуусу жок болгондуктан, ырчы болбойм деп койгон. Өзү гитарада мыкты ойнойт, жакшы ырдайт.
– Жеке жашооңузга кайрылбай кетүүгө болбойт. Жолдошуңуз, балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз...
– Жолдошум Эльзар экөөбүз 12.12.12 деген датада баш кошконбуз. Өзүм Аксыдан болом. Аксыга эле келин болдум. Ортобузда Алман, Акдил аттуу эки уулубуз бар. Ал эми жолдошум жеке ишкерлик менен алектенет.

– Атактуу болууга умтуласызбы?
– Албетте, атактуу болууга умтулам. Себеби биз бул жашоого бир келип, бир кетебиз да. Ошондуктан аркабыздан из калтыруу максатында алдыга карай умтулабыз. Ал умтулуулар бизге ийгилик жана атактуулук алып келет.

– Маегиңизге чоң рахмат. Ишиңизде ийгиликтер көп болсун!

"Жолдошум Эльзар экөөбүздун баш кошконубузга 5 жылдын жүзү болуптур. Бизге 5 жыл ичинде чырактай болгон эки уулду берген Кудайга чексиз шүгүр келтирем".


"Ааламда теңдеши жок жалгыз адам, ал менин ардагым, асылым апам".


Бактыгүл Момбекова
(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


Айпери Кулбаева: “Салмактуу ырларды жакшы аткарарыма ишенем”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(34)
15.02.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшы ишине ийгилик жакшы ырдайсын
15.02.2017. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ырлары кийинуу стили жакшы ачык чачык эмес.
15.02.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-23
Бироонун ырын ырдаган да ырчыбы, озун ыр жарат ошондо айт ырчымын деп
15.02.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nazikbaigazy,Азыр кайсы ырчы
озу ыр чыгарып жатат баары
окшош биронукун ырдап журот
15.02.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Nazikbaigazy, ырчы ыр жаратпайт. Ырдайт. Ыр жараткан-акын.
15.02.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай таланттуу
15.02.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен бул ырчыны жашы улууго деп журупмун.))

Ырлары уккулуктуу, чыгармачылык ийгилик каалайм!
17.02.2017. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aikoo2014,жашы улуу 1982 болуш керек. Адашып басылып калганго.
18.02.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
magnoliya88,1987-жылкы болот..туура эле басылган
15.02.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ырдаганы жагат.Уй-булолук бакыт!
15.02.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
абдан сонун ырдайт. угуп отуруп кыжаалат болбойсун, качан уну чыйпылдап барып жетпей калат деп)))Респект, Айпери эже.
15.02.2017. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
love_you,боорду эздин го,мен да коп ырчылар живой ырдап жатканда кыйналып кетем дем жетпей
15.02.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай жакшы ырдайт азаматсын жандуу уксан тим эле жыргайсын
15.02.2017. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тамашалуу ыры абдан жагат мага .Ишинизге ийгилик уй болоолук бакыт.
15.02.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тааныбайт экем
15.02.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айперижеее сонун ырдайс
15.02.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Озу тендуу менен баш кошуп,озуно ОЗУ продюсер. Талантынын аркасынан ийгиликке жетип олтурат. Коп концерттерде живой ырдаганына кубомун. Чачы узун.. кыргыздын мыкты кызы
15.02.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кызды корсом эле кузгудон озумду коргондой боло берем да тообо
15.02.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай талантту ырчы талантына таазим чыгармачылык ийгилик ырларын аябай берилип угамын салмактуу ырларды эч кыйналбастан ырдайт ийгилик каалайм дайыма
15.02.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай таланттуу кыз...
Чыгармачылык ийгилик!
15.02.2017. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уну тунук аябай жакшы ырдайт журотко кээ бирлери фоногоамма менен ырдап.Озгочо боз торгою жагат
15.02.2017. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айтпадымбы жок деп аялым
Ал баратэкен менин аяшым
Жардам берип койдум жон эле
Аяшымдын базардардан алган товарыыыын деген дуети катуу жагат )))
15.02.2017. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына бул кийимдерге караганда кыргыздын улуттук кийимдери жакшы жарашат Салам Кыргызстанда Аянага боенбой чачын бууп чыкканда бир жакшына сулуу элен дегендей ашыкча боек бузуп коюптур
16.02.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул ырчыдай ырчы Кыргызстанда аз! Айпери ийгилик! сиз нукура кыргыздын авазы шаңшыган ырчысысыз!
16.02.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баалайм Айпери унун керемет дагы дагы ийгиликтерди талыкпай жарата бер
17.02.2017. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айпери уйбулолук бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм! Керемет унуно береке!!!
18.02.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1982-жылкыгоо Кербенде лицейде окуган, ал маалда Улгу Таншыйт болуп мектептин атынан барып ар дайым ийгилик менен кайтчу экен, азыр да Кербенге келин болгон ....Чыгармачылык ийгилик бактылуу болсун....
18.02.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kerben1996,Сизде туура эмес маалыматтар экен..Жерге-Талдан 1987-жылкы болот..Авлетим айылына келин болгон..Бизге жеңе болуп кетет
Abdyrashit.Satylganov түзөттү 2017-02-18 12:04:29
20.02.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Abdyrashit.Satylganov,
Ошон учун, айылдык кыз экени билинип турат. Ошо тамашалуу ырындагы клибинде бээ сааганын коруп тан калгам.Азамат. Биз айылда оссок да бээ саамак тургай жанына жакын жолой албайбыз го.
20.02.2017. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kerben1996,Эжеси бар 1983-жылкы өзүнө окшоп кетет балким окшоштуруп алгансыз.
18.02.2017. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишиңизге ийгилик!!! Үй-бүлөңүз менен ар дайым бактылуу болуңуз!!! Балдарыңыздын өмүрү узуун болсун
Медиа-портал
23.02.2017. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вау,Айпери супер ырчы.Уну конур,тамшанып угам.Кыздар ырдаганда Айперини карап ырдашса...Качан не балээ болот деп жаным жок кээ бир ырчы кыздар ырдаганда
SUPER.KG видео
23.02.2017. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы ырдайт молодец чарчабай жаны жаны ырларды кутобуз Айпери
SUPER.KG видео
23.02.2017. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айпери эже эн сооонун ырчы, ырлары маанилуу, анан да калса билимдуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо