Данияр Эрматов, ырчы: "КЛИПТЕН ЖҮДӨГӨНҮМДҮ КӨРҮП ЫЙЛАГЫМ КЕЛГЕН"

№746 17-23-февраль, 2017-ж.

– Данияр, салам, акыркы жазган "Кыргызымдын сулуу кыздары" деген ырыңда түгөйүңдү тандай албай кыйналып жатканың билинет экен. "Даниярды жаман кыйнадың..." деп ырдайт экенсиң, Нурмат Садыровдун да ушундай ырын угуп калдым?..
– Саламатсыздарбы, туура баамдаган экенсиз. Акыркы кезде мени үй-бүлө куруш керек деген маселе түйшөлтүп жүрөт. Ата-энем мурун "өзүңө кара" дешчү, азыр алар да "качан үйлөнөсүң?" деп көп сурашчу болду. Менин, ата-энемдин, бир туугандарымдын ишеничин актай ала турган кызды кайдан табам деп сарсанаа болуп жүргөн учурум. Кыргыз эли колдоп турганда ырдап алайын деп, Кудайга шүгүр, жакшы эле каражат таптым. Айылга үй салдым, шаардан 2 бөлмөлүү батир алгам, астымда унаам бар. Болгону жакшы кызга жолуксам эле үйлөнөт элем.
Ал эми ыр боюнча айтсам, 2 жыл мурун жүрөгүмдөн ушундай обондордун кайрыгы чыгып, диктофонго "Даниярды жаман кыйнадың..." деген саптарын ырдап жаздырып койгом. Аны Нурмат Садыров, Алмаз Шаадаев досторум билчү. Ошол ырды убакыт келип эми ырдап чыктым. Кийин Нурмат досум "Нурматың..." деп ырдап калды, эч нерсе дебейм, эмне демек элем.

– "Тойдон каражат таап жатам" деп калдың, айрым ырчылар "биз тойдун ырчысы эмеспиз" деп тойдо ырдаганды намыс кылгандар бар...
– Ырчылардын "элита" тобунабы же "колхоз" ырчыларга киресиңби дебейсизби (күлүп). Сахналаштарым ушинтип бөлүнүп алышкан турбайбы. Тойдо элита ырчылар эмес, Эл артисттери деле кызмат кылышат. Кыргызча билбей Европада чоңойгон кыргыз деле Кыргызстанга келип той өткөрсө бизди чакырат. Анткени анын туугандары карапайым калк болуп жатпайбы. Ошондуктан коноктордун каалоосун эске алып, биз барып ырдап жатпайбызбы. Анан ичи күйүп эле бизди той ырчысы атап коюшат. Той эмес, концерттерде деле алардын деңгээли билинип калат. Биз гастролдоп концерт коюп барган жерге алар да барышат. Алардын концертине эл келбегенин көрүп эле жүрөбүз. Мисалы, алар ырдаган түнкү клубдарга биз деле барып ырдайбыз. Азыр аларда "өткөөл курак" болуп жатат окшойт, бир аз убакыттан кийин өтүп кетет.

– Ошол эл колдоп жаткан талантыңарды көрсөтүп чет элдик сынактарга катышайын деген ой барбы?
– Биздин үн кыргыз элине, накта эстрадага багытталган. Ал эми кээ бир ырчылардын үнү фестиваль, сынактарга ылайыктуу. Албетте, чет өлкөдө кыргыздын желегин желбиретип келген кесиптештеримди сыйлайм, аларды эл деле колдойт. Бирок айрымдары "мен сынакка катышып келдим" деп мактанып, керсейип, "бизди гезитке да чыгарбайт, силерди чыгарат" деп өзүн жаман көрсөтүп алышат. Татыктуу болсо, эл колдоп жатса, сиздер деле бажырайтып 1-бетиңерге чыгармаксыңар да. Мисалы, шайлоо алдындагы үгүт иштеринде деле Кыргызстан боюнча "ставкасы" эң жогору ырчы Нурлан Насип болду го. Демек, эл өзүнө жаккан ырчынын ырын угуп, иргеп алат экен.

– "Шоу-бизнес ыплас, интрига көп" деп айтылат. Ушул чөйрөдө жүргөн ырчы катары бул сөзгө кандай карайсың?
– Туура эле айтылган сөз. Эки жүздүү, бири-бирин көрө алышпайт. Алдыңда башканы сүйлөйт, артыңдан такыр башканы айтат. Жадакалса дос болуп жанында жүрүп бири-биринин концертин жарыя кылгысы келбеген ырчылар бар. Учурдан пайдаланып кесиптештериме "пейилиңерди кенен коюп, башкалардын ийгилигине кубансаңар, ишиңер жүрүшүп, силерге ийгилик жылмаят" деп айтып кетем.

– Дал ушул чөйрөгө аралашам деп, башкача айтканда, ырчы болом деп далай кыйынчылыктарды көрсөң керек?
– Эрнист Сыдыков, Чыңгыз Мурзаев деген досторум менен Жаш гвардия бульварында КТРКны тегеректеп жүрө берчүбүз. "Каяктасың?" деп чалсаң, "офистемин, офиске кел" дешчү да. Офисибиз ошол телеканалдын маңдайындагы отургуч болчу. 2 жылдай ошол офисте жолугуп, сүйлөшүп жүрдүк. Бир күнү сүйлөшүп отуруп "ырчы болуп качан чыгам?" десем, Эрнист "сен ырдасаң, мен клип тартат элем" деп калды. Чыңгыз болсо "мен кино тартат элем" дейт. Ошентип клип тартып көрөлү деп мен "Токто, жаным" деген ырды жаздым. Клипте чачым өскөн, жүдөмүш болуп калгам. Себеби клип тартабыз деп техникалык шаймандарды, клипке катышкан каармандарды, тартуучу жайларды даярдап жүрүп жасаныш керек экенимди унутуп калыптырмын. Эми ырдайын деп баштаганда карасам жүдөмүшмүн, чач жасатып салонго барып келейин десем кеч кирип, салондор жабылып калыптыр. Маанай түшүп отуруп калсам, Эрнист "ырдай бер, доске" дейт, "даяр эмесмин" десем, "анда эмнеге булардын баарын чогулттуң, эртең деле буларды даярдагыча ушул болот" дегенинен айла жок ырдагам. Ошондо чыгармачылык кыйын көрүнүп, ушинтип ырдабай эле койбой деп ыйлагым келген.

– Анан продюсер менен иштешүүнү туура көрдүң?
– Продюсер менен иштешип калганым Эрнисттин эмгеги. Ал Канат Кадыржан байкеге барып "Данияр Эрматов сиз менен иштешейин деп жатат" дептир, анан мага келип "Канат Кадыржан сени менен иштешкиси келип жатыптыр" деп калп айтып, экөөбүздү иштетип коюптур. Аны мага бир жылдан кийин Эрнист айтып жатпайбы. Азыр экөөнө тең рахматымды айтам.

– Маектешип отуруп байкап калдым, бетке айткан мүнөзүң бар экен. Бала кезде Данияр кандай болгон экен деген кызыгуу жаралууда?
– Убагында айтылбай калган сөз мени өтө кыжалат кылат. Ошондуктан кары-жашына карабай бетке айтып салам. Аваз Акимов досум "тарс-тарс жүргөн мүнөзүң жагат" деп калат. Мындайча айтканда, былжырабайм, чечкиндүүмүн. Бала кезимде үйдө аябай жоош, мектепте өтө тентек элем. Мушташып, балдарды уруп, тил угуп эле жүрчүмүн. Анан ата-энелер үйгө "балаң биздин баланы уруп коюптур" деп арызданып келсе атам такыр ишенчү эмес. Бир күнү эзели мектепке басып барбаган атам мектеп жакка барса, эки бала аябай мушташып жатыптыр, бирөөсү өтө кыйын мушташат экен, жакшылап караса мен экем. Мен айылда мушташ менен белгилүү болгондуктан, спортчу болот деп ойлошчу. Ырчы болгонумда аябай таң калышкан.

"Сахнага жаңыдан кадам таштаган кезим".


"Мен апамдын сөзүн эч качан эки кылбайм. Эгерде "ырдаба, балам" десе, ырдабай деле коём".


"Продюсерим Канат Кадыржан менен иштешип калышыма Эрнист досум түрткү болгон".


Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Данияр Эрматов: “Тойго барбайм деген ырчыларды тойдон кезиктирип эле жүрөм”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(58)
22.02.2017. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Арсен ХХХ Омарга караганда жакшы Данияр таланты да бар.Алар тим эле оздорун элита сезип алганычы адамды куйдуруп.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-02-23 10:06:01
23.02.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiko8908, этика нормаларын сактаңыз!
02.03.2017. 06:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aiko8908,иии апасы аябай жакшына аял турбайбы...өтөле жылдыздуу экен
Медиа-портал
22.02.2017. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Данияр Эрматов эн мыкты ырчы!
22.02.2017. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошол оздорун элита сезген ырчыларбы. Арсен озун сезип алыптыр го, ырдай алса укмуш болмок экен. Даагы кимдер экен
22.02.2017. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагыда жакшы ийгиликтерге жетишине тилектешмин, арка тарткан кмменттерди окуп конулунду чоктурбо.
22.02.2017. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Элиталар" Даниярдын жаман жинине тийишкен экен да)))
22.02.2017. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бала былжырабайм дейт го а
Медиа-портал
22.02.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жигиттин баары ушу Даниярдай болсо гана ээ? Жөнөкөй, орду менен сүйлөгөн....
23.02.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик
23.02.2017. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Элита жа колхоз дебейле жон эле музыканы жанрын башка башка тандап алган ырчылар дешсе болмок. Омар Арсен Мирбек Атабеков кобунчо джаз,соул,RnB,блюзга ыкташат аранжировкалары европалык ырчыларына окшош. Ал эми Нурмат Данияр Алмаз Дайырлар жонокой обонго элдин душасына жакын тойдун,бийдин музыкаларына ыкташат. Айырмасы музыканын стилинде. Ундору таланттары баары бирдей эле комптон откон . Чыныгы элита бул Бек Б,Сыймык Б,Ырысбай А,Ырыскелди О,Керим Тураповдор.
SUPER.KG видео
23.02.2017. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул ырчы аябай жагат да жонокой адамгерчиликтуу 7 8мартга буйруса барабыз концертке
23.02.2017. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдан жонокой,чын журоктон чыккан маек болуптур,Данияр алга.
23.02.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул ырчылар кытайга гостролдоп келгенде ооуууу кытайлык кыргыздар Даниярга жабышып эле калышкан,адамды озуно тартып турат экен,клиптен коргондо башкача а жанынан корсон башка экен жылдыздуу кишини озуно тартып турган бала экен.
23.02.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мандайы ж арык жылдыздуу бала мага аябай ж агат.Ишине ийгилик ыймандуу жакшы кыз жолуксун.
23.02.2017. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апасы да сулуу аял экен
24.02.2017. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элита анан элет же колхоз ырчы деп болот кээ бирлер. Байкашымча элет колхоз ырчылар элдин суймончулугу чыныгы эл ырчысы элге эмгеги синген ырчы.
24.02.2017. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Данияр байкени аябай сыйлайм,эн жонокой адам,башкаларга коз артпаган.Дагы да болсо бийиктирден коруно бериниз,ишинизге ийгилик.Ушул жылы Аллаh насип кылып бир башыныз эки болсун,ыймандуу,акылдуу ата-эненизди,эл-журтту сыйлаган жар насип этсин сизге!Чын журогумдон дуйнодогу баардык жакшылыктарды каалайм,эки дуйно бактылуу болунуз!!!
24.02.2017. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Данияр сен красавчик а так.!
Медиа-портал
24.02.2017. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jigittymen,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
24.02.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колундан келсе (к.....н) менен
чоп чап. Атана ырахмат Данияр алга

24.02.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Данияр мыктысыз. Ырларыныз да, клиптериниз да баары соонун.Озгочо "Неге" деген ырыныздын RMX варианты сонун. Сизге чыгармачылык ийгилик! Апан экоонор окшош экенсинер жылдызынар жанып. Сизге кандай кыз жолугат болду экен? Концертинизди коптон коп кутобуз. Бар болунуз!
24.02.2017. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер инфо Элзар Сыдыковдун "Жаным" деген ырын кайдан тапсам болот
25.02.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эл аралык сынакка ундун туура келип, туура келбоосу тууралуу жакшы айтыптыр чычалабай...
25.02.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай жагат мага Данияр байке,,, Азаматсыз, онорунус оркундой берсин.Ийгилик каалайм.
25.02.2017. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
25.02.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсыз.ийгилик сизге
26.02.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул ырчы жагат да) коздору кулуп турат:) Ийгилик!
26.02.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул ырчы жагат да) Коздору кулуп турат :) Ийгилиик!
26.02.2017. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигит Таластык эмеспи эч бир жонокойлугу жок эле мактаныптыр го
26.02.2017. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Данияр ийгилик бактынызга жолугунуз.Башка ырчыларга окшоп жылдыз оорусу мн оорубаныз
Медиа-портал
28.02.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бут создорду мааниси менен суйлоптурсун азамат Данияр!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо