Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«EL FM» РАДИОСУ 24 СААТ ОБОДО

№387 2-9 апрель, 2010-ж.

Нооруз майрамын утурлай ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясы «EL FM» радиосун обого чыгарды. Бул туурасында ЭлТРдин Башкы директору НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ ой бөлүшөт.

– Нурланбек Тургунбекович, жаңы радиоңордун обого чыгышы менен куттуктайбыз!
– Рахмат. Биз мурда ЭлТРдин радиосун обого чыгарабыз деп коомчулукка айтып келгенбиз. Өзүңүздөргө маалым болгондой, азыр заманбап техникалардын баары кымбат. Андыктан акча каражатыбыздын эсебин таап, ишти аягына чыгаруу бир топ эле кыйынга турду. Эң башкысы, жакшылыктын жышаанасы – улуу Нооруз майрамынын алдында, 17-марттан тартып «EL FM» радиосунун үнү обого жаңырды. Аталган радио азырынча өлкөбүздүн түштүк аймагында гана 107.7 жыштыгында угулат. Кийинчерээк республикабыздын бүт аймагында уктурууга аракет кылабыз. ЭлТР телеканалы спутник аркылуу көрсөтүлүп жатпайбы. Андыктан спутник аркылуу «EL FMди» угууга болот.
– Радионун багыты, форматы кандай болот?
– «EL FM» – элдик радио. Обого 24 саат жалаң кыргыз тилинде чыгууда. Салттык музыкаларга басым жасалат. Ошондой эле түрдүү көңүл ачуучу программалар менен катар саат сайын үч мүнөттүк жаңылыктар берилип турат.
– Радиону ачуудагы негизги көздөгөн мак­сатыңар кайсы эле?
– Биринчиден, өлкөбүздүн түштүгүндө маалымат коопсуздугу орчундуу маселе экендиги белгилүү эмеспи. Түштүктө кошуна өлкөлөрдүн онго жакын радиоберүүлөрүн угушат. Биздин кыргызча радиоуктуруулардын алардын алдында таасири өтө эле аз. Мына ушул маселени жеңилдетүүгө өз салымыбызды кошолу деген максат болду. Экинчиден, “ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясы” деген аталышыбыз бар. Бирок иш жүзүндө өзүнчө жыштыкта радиобуз болгон эмес. Атыбызга жараша затыбыз болсун деген биздин экинчи максат эле.
– ЭлТР спутникке чыккандан бери телеканалда кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?
– Телеканалдагы өзгөрүүлөрдү жалпы теле­көрүүчүлөр көрүп байкап жатышкандыр. Башкасын айтпаганда, жаңы көрсөтүүлөрдүн катарына Мыктыбек Арстанбектин «Негизги маселесин», Болот Абдыжапаровдун «Турмушун», дагы «Ойлоп тап» өңдүү кызыктуу көрсөтүүлөрдү кошсок болот. Ошондой эле Канаданын Ванкуверинде өткөн Кышкы Олимпиаданы түз алып көрсөткөнүбүз да көрөрмандардын чоң алкышына ээ болду.
– Олимпиада демекчи, футбол боюнча «ЮАР-2010» Дүйнө биринчилигин да көрсөтөбүз деген элеңиздер. Ал жагы кандай болот?
– Буюрса, ал тилегибиз да орундалат деген ишеничтебиз. Бул боюнча тынымсыз сүйлөшүүлөр болуп жатат. Анын үстүнө мындай дүйнөлүк спорттук мелдештерди көрсөтүүгө расмий укук алыш өзүнчө түйшүк болсо, ага төлөнүүчү каражатты табуу да андан кем эмес түйшүк.
Өткөн айда УТРКдан сурамжылоолордун жыйынтыгында ЭлТР кыйла эле артта калды деп көрсөтүштү го...
– Андай сурамжылоолорду УТРКдан башка ММКлар же адистер жүргүзүшүп, ошолор айтышса болот. Өткөн жылда ЭлТРди ондогон ММКлар «Жылдын мыкты телеканалы» деп жарыялашпадыбы. Кайсы телеканалды элдин көпчүлүгү көрүп жаткандыгын эл жакшы билет. Атаандаштык деген маданияттуу болушу шарт.
– Акыркы убакта биздеги телеканалдардын баарында эле СМС-чаттар экрандын бетин бербей чыгып жатат. Негедир сиздердин телеканалда ал көрүнүш жок.
– Туура байкагансыз. Өткөн жылдын ноябрь айынан СМС-чатты ЭлТРден алып салдык. Анткени ЭлТР “чыныгы элдик канал” деген атка жооп бериш үчүн ошондой майда-барат терс көрүнүштөрдөн оолак болуш керек. Дегеним, кыргыздар ар дайым сөзгө чоң маани берген эл. Анча-мынча уят сөздү кагазга ороп сүйлөгөн. Ал эми биздин телеканалдардын бетиндеги СМС-чаттардагы кетип жаткан сөздөр өтө эле чектен чыгып, уят-сыйыт эске алынбай жазылгандар. Башка телеканалдар да биздикиндей кадамга барышса дейм.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
05.04.2010. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аззамат ай. Чаттарды алып салган.
05.04.2010. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ сизден суранарыбыз чет элде жүргөн Кыргыз жаштары үчүн жок дегенде "EL FM" радиосун ИНТЕРНЕТ аркылуу обого чыгарсанар жакшы болмок......Мен билгенден баардыгынын эле Спутник тарелка-антенасын сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок, бирок ошол эле учурда 70-8о пайызында ИНТЕРНЕТ байланышы бар.! Ушул жагын кичине ойлоп койсоңоор суранарым.Урматтуу СУПЕР, ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын адрес-телефонун кантип тапсам б
06.04.2010. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасын sanjar мен сага 100% кошулам.
09.04.2010. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
www.radio.kg

09.04.2010. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TUP TUURA AITASYN SANJAR, BUL JAKTA 4ET OLKODO JURUP JOK DEGENDE BIR KYRGYZDYN RADIOSUN UGAYIN DESEN BIROONU DA TAPPAISYN, RADIOMAX KEEDE BAR KEEDE JOK. eger uluttuk bir radiobuzdu internetke 4ygaryp koiuwsa oto 4on jetiwkendik bolot ele. Men radiolordun email darekterine kat menen kop kairyldym, birok jyintyk jok. Balkim SUPER jetek4iligi kairylyp korosuzdor?!.
10.04.2010. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men kgga barganda 4ygaram
10.04.2010. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AAIII sen kim bolup kettin :)) ?
10.04.2010. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anday radio var go.
maga kat jazgila aytip berem!!
kirgizcha online rafiolor bar men bilem....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо