АТАКТУУЛАРДЫН ХОББИЛЕРИ

№746 17-23-февраль, 2017-ж.

Алина Жетигенова: "КИЙИМ ТОКУГАНЫМА 30 ЖЫЛ БОЛУПТУР"


– Кийим токууга студент кезимден бери кызыгам. Биринчи жолу Наргиза деген сиңдиме свитер токуп берсем, жеңи тар бир шумдук күлкүлүү болуп калган. Андан кийин балам Азизге көпкөк жиптен жемпер, шымы, береткасы менен токуп бердим. Балдарым мен токуган кийимдерди кийип эле чоңоюшту. Гастролго чыкканда бош отуруп калабыз да, ошондо токуйм деп толтура жип салып алчумун. Эң көп убакытты алганы кызым Азелге сабиз жеп жаткан коёндун сүрөтү түшүрүлгөн комбинезон болду окшойт. Жиби ичке болгондуктан көпкө токудум. Кийин өзүмө бир жемпер токусам аны Фарида Карбозова көрүп жактырып, "мага бериңизчи" деп алып алды. Кийинки жемперимди Асел Турдалиева талашты, "бербейм, андан көрө жип алып бер, токуп берем" деп кызы Бегайым экөөнө окшош жиптен токуп бердим. Акча берем деп буйрутма бергендерге токуй албайт экем. "Алар ыраазы болбой калсачы, жактырбай коюшсачы" деп сарсанаа болот окшойм. Учурда өзүмө костюм-шым токуп жатам. Мындай костюм-шымды жок дегенде 6000 сомго сатып алмакмын, мен 600 сомго жип алып эле токуп алам. Кийим токуп келе жатканыма 30 жыл болуптур.

"Келиниме, небереме жана Фаридага жемпер токуп бергем".


Канатбек Бегалиев: "ЖЫЛКЫЛАРЫМА ВИТАМИН БОЛСУН ДЕП САБИЗ, АЛМА БЕРЕМ"


– Менин хоббим ат багуу десем болот. Таза кандуу англис жылкыларын бакканга аракет кылам. Учурда 3 атым бар. Бир атымдын аты Солюкс, 3 жашта, Польшадан алып келгем. Экинчисинин аты Акжал, 2 жашта, үчүнчүсү тай, буга ат коё элекмин. Ноорузда боло турган ат чабыштарга даярдап жатам. Тайыма ат чабышка катышар алдында ат коём. Солюкс буга чейин көптөгөн байгелерди алып келген. Казакстанда өткөн аламан байгеде 2 жолу 2-келген. "Мал ээсин тартпаса, арам өлөт" деген макал мага туура келет. Биздин жылкылар эмне берсең жей берет го, буларга андай мамиле кылбайм. Ооруп калбасын деп такай жылуу суу берем. Ооруп калса дарылайбыз. Витамин болсун деп сабиз, алма беребиз.

Курмангазы Азыкбаев: "ГҮЛДӨРҮМ МЕНЕН СҮЙЛӨШӨМ"

– Азыркы жашап турган үйүбүзгө көчүп келгенибизге 10 жыл болду. Ага чейин бир окуу жайдын жатаканасында жашачубуз. Ошол жактан эле гүл өстүрө баштагам. Бирок ал жерден гүлдөрүбүз жакшы өскөн эмес. Анткени гүлгө да жакшы атмосфера керек. Жатакана ызы-чуу, кирген-чыккан киши көп дегендей. Бул үйгө көчүп келгени гүлдөрүм жакшы өсө баштады. Эртең менен гүлдөрүм үчүн атайын классикалык музыка ойнойм. Булар жакшы музыка уккан сайын өсүшөт. Анан "кандайсыңар, кандай уктап турдуңар, жакшы эс алдыңарбы? Сенин жалбырагың эмнеге саргайып калган, таарынып калдыңбы?" деп ар бири менен амандашып, сүйлөшүп чыгам. Классташтарыма гүлдөрүмө ушундай мамиле кылам деп айтсам, "бул айнып калганбы?" деп калышат. Кыргыздар табият менен тыгыз мамиледе болууну жакшы билбейбиз. Гүл баарын сезет, билет. Ниети жаман адамдар келип үйүңө жашап кала турган болсо гүл өспөйт. Гүлгө аяр мамиле кылсаң, батасын берет. Маанайың көтөрүлөт, ишиң оңолот дегендей.
Мен көбүнчө гүлдөрдү орус кемпирлерден сатып алам. Бизнеске айлантып акча табыш үчүн сатып жаткандардан албайм. Атайын челекке суу куюп, хлору тунгандан кийин, эгер жалбырагы саргайса же курт түшүп калса сууга марганцовканы мала кызыл кылып кошуп алып чачам. Жайкысын короого эле чыгарып коём. Ачык асман алдында жакшы өсөт, бирок көлөкөнү жакшы көргөндөрүн сыртка алып чыкпайм.

Азамат Арыков: "КЕКИЛИКТЕРИМ КАЧУУНУН АМАЛЫН ИЗДЕП ТУРУШАТ"


– Кекиликти кичине кезимден жакшы көрөм. Балалыгым Жумгалдын Ак-Көл деген айылында өткөн. Ак-Көлдө кекилик өтө көп болчу. Чоңойгондо сөзсүз багам деп жүрүп мектепти бүтүп кеттим. Борборго келгени ары-бери урунуп, өзүмдү таппай жүргөндө кекилик унутулуп да калды.
Кийинчерээк социалдык түйүндөрдүн биринен бирөө "кекилик кимге керек?" деп жазды. "Каяктан кармадың, кандай кекилик?" деп кызыгып сурап калсам, "кекиликке кызыгат окшойсуз, бирөөнү сизге белек кылайын" деп берген. Экинчи кекиликти Баткенден Баатыр деген байке белек кылды. Аттары Кеки менен Кеку.
Тамактары тоок жей турган эле жемдин, күрүчтүн майдасы, анан атайын даярдалган витаминдер. Кекиликтердин торун өзүм жасагам. Күн сайын сайрап тоо-ташты эстетип турушат, айрыкча аларды карап чай ичип жатканда өзүмдү айылда жүргөндөй сезип кетем. Мүнөздөрү абдан сук, амалкөй. Күндө качып кетүүнүн амалын ойлоп турушат. Эшигин жип менен байлап койсоң чечип алышат. Айылдагы кошунабыз да, Ракатбек деген каскадёр байкем да кекиликтерин качырып жиберишкенин билем. Күн жылыса дачама алып барып, кенен тор жасап көбөйтөйүн деп жатам.

"Кекиликтеримдин аты Кеки менен Кеку".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(16)
22.02.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы, жакшы
22.02.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Алина Жетигенова азаматсыз!
22.02.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Алина Жетигенова сопсонун токуптурсуз ,,
22.02.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кекиликтери качуунун амалын издегени жакшы экен
22.02.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Алина эженин соонун таланты бар экен
22.02.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Алина Жетигенованын келини озуно окшош экен! ))) Жакшылап карасанар. Баласы энесине окшош кызга уйлонот деген чын экен!
22.02.2017. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы онорунуздор бар экен,ийгилик.Алина эженин жасаганы жакты,азыр ушундай токулган кийимдерге кызыгып журом,уйронуп албаай деп аттин кылып.Курмангазы агабыз менин кайын энеме окшош экен гулдорго аяр мамиле жасап,жаны барган кезимде "Гулдору менен тааныштырган бул гулго жылуу суу,буга муздак суу куйулат,бул гулдун жалбырагын самын суу менен арчыш керек,бул гул ыссыкты суйбойт,бул салкынды суйбойт,бу коп суу ичпейт"-дегенде эсим ооп,андан коро мал караган бир канча женил дегем.Кандай с
24.02.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pandora,

Мал караган жакшы дең
26.02.2017. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pandora,))))
22.02.2017. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алина Жетигенованын хоббиси соонун экен. Жакты колунузга береке чыгармачылык ийгилик. Бар болунуз
22.02.2017. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кекиликтеринин аттары жакты )))))
23.02.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Хе-хе. Кеки менен Кеку чакырганда карайт болду бекен.
24.02.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да эки тоогум бар кунуно экиден жумуртка тууйт бири бышкан бири бышпаган.
09.03.2017. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02, сатпайт беленер
10.03.2017. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulzina1993,жок сатпайбыз, келишип калсак жумурткасын белекке эле беребиз.
24.02.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кеки менен кеку жакты мага
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо