Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Расул Маматкулов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «КЫЗДАР ӨЗҮ КАТ ЖАЗГАН АВТОРИТЕТТҮҮ ЖИГИТ ЭЛЕМ»

№746 17-23-февраль, 2017-ж.

"БАЛАЛЫК ДЕСЕ ЭСИМЕ ЖУМУШ ТҮШӨТ"

– Менин балалыгым Жалал-Абад облусундагы Көк-Жаңгак шаарында өткөн. Акындар айткандай, кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө чоңойдум, 4 бир туугандын улуусумун. Ошондуктан менин башыма көп түйшүк түштү. Мисалы, кичинемде мен курактуу балдар жайкы эс алууда лагерге барышчу, мен жайы бою күздүн камын көрүп, сентябрда мектепке кийип барчу кийимиме акча топтоо менен убара болор элем. Жалданма чөп чапкыч болдум, ылайдан үй салгандар болор эле, андайда ылай жасачумун, кыскасы, акысын сүйлөшүп алып иштей берчүмүн. Мектепке бара элек кезим көп эсимде калбаптыр.Бир гана 6 жашымда 1-класска мугалимдер "жашың жетпейт" деп албай коюшса дагы көк беттенип сабакка бара берчүмүн. Анан айла жок мектепке кабыл алышканы эсимде.
Азыр "балалыгыңыз кандай өткөн?" деп сурашса, эсиме аткарган жумуштарым гана келет. Үйдүн улуусу болуп ата-энемди кыйнабайын, өз алдымча болоюн деп эле иштей берген экенмин да. Элдин балдарындай велосипед тээп, ойноп-күлгөн күндөрүм деле болбоптур. Бирок ошол тажрыйба мага турмушумда чоң пайда алып келди. Бирөөнүн көзүн карабай жашоого үйрөндүм. Көчөбүздө жалаң орус улутундагылар турушчу, алардын арасындагы жалгыз кыргыз биз элек. Кыргыз мектепте окуганым менен, дүйнө таанымым орустардыкындай калыптанып калды окшойт. Шаарга окууга келгенимде дагы орусчаны эркин сүйлөгөндүктөн сабактардан кыйналган жокмун.

"АРТЫМДАН ОРУС КЫЗДАР ЧУРКАШЧУ..."

– 9-классымдан тарта айылдагы музыкалык ансамблде иштей баштадым. Алгач мектептин директору иштөөгө уруксат бербей койгон, себеби жашым жете элек болчу. Ансамблдин жетекчиси директорго келип сүйлөшүп, кечинде дискотекада кызмат өтөп бүткөн соң үйүнө жеткирип коёбуз деп анын уруксатын алган. Өзүм 9-класста окуйм, иштегеним айылдагы музыкалык ансамбль, түндөсү бийде кызмат кылабыз, анын үстүнө грек-рим күрөшү менен алектенчү элем, ошондуктан мектептеги кыздардын арасында аябай авторитетим чоң болчу. Өзүмдүн ошол кездеги келбетимди сүрөттөп берсем, азыркыдай чачым узун эмес, жакасы кенен көйнөк кийген, Юрий Антоновдун музыкасын жаңыртып магнитофонду желкеме коюп алган жигит элем. Магнитофондун батарейкасы отуруп, чайналып ырдап калганга чейин көтөрүп жүрө берчүбүз.
Бир да жолу кызга кат жазган эмесмин, тескерисинче, кошуна орус кыздар артымдан чуркап, кат жазып жүрүшчү. Эсимде, өзүмдү жигит сезип, чөнтөгүмө тарак салып жүрө баштаганымда орус кызы кат жазган, анан катын кайра өзүнө көтөрүп барып "муну сен жаздыңбы? Люблю деп коюптурсуң го, как это люблю?" деп сурагам. "Да, я написала" деген соң экөөбүз жетелешип алып сейилдегенбиз. Кыргызда айылда жаштар жетелешип жүрсө уят дешет эмеспи. Тиги кыздын ата-энеси аны үйүнө жеткирип барсам "о, Расул, привет, как дела?" деп коюшчу. Мен дагы камырабай сүйлөшкөн кызыма ата-энесинин көзүнчө эле "ладно, до завтра" деп кетип калчумун. Ошол эле учурда теңтуштарым кыргыз кыздар менен сүйлөшүп жүрүп "бир кызга барсам, агасы чыгып калып өлтүрүп коёюн деди, араң качып кутулдум" деп айтып калышчу. Кийин мектептин эң алдыңкы сулуу кызы менен сүйлөштүм. Сүйлөштүм дегенде кандай, ал экөөбүз өмүрү жолугушуп көргөн эмеспиз, болгону кат аркылуу кабарлашып турчубуз. Бул тууралуу мектептеги бирөө угуп калган окшойт, кийин баары кабардар болуп "Расул менен тиги кыз сүйлөшөт экен" деген кептер тарап кеткен.

"ЖЫЛАН КАРМАЙМ ДЕП ТҮНҮ БОЮ УКТАБАЙ ЧЫККАМ"

– Мектепте пахта терүү деген балээ бар эле. Пахтага алып барган алгачкы 2 күн жыргал, андан кийинки күндөрү баарыбыз шалпайып калабыз. Кечинде балдардын баары чатырга катар төшөк салып жатып уктайбыз. Кызыктын баары түн ортосунда башталат, бири түшүндө сүйлөйт, бири коңурук тартат, бири туруп басып кетет. Күндүзү пахтада эмне болсо ошонун баарын уйкусурап сүйлөп чыккандары болот. Ошондой күндөрдүн биринде жаныбызда жайгашкан чатырдан орус кыздар кыйкырып эле качып чыгышты. Жигитпиз да, эмне болду деп балдар менен жетип барсак "там змея" дешти. Эмнеге бул кадамга бардым билбейм, ошол кыздарга көрүнгүм келдиби, айтор, кыйын болуп чатырга кирип барып жанагы 2 метрдей жыланды кармап чыгып айлантып-айлантып ыргытып жибердим. Карап тургандардын бардыгы "Оо, Расул укмуш, жыландан корккон жок" деп ойлоп калышты. Ал түнү түшүмө жылан кирип уктай албай чыкканымды эч кимге айткан да жокмун. Азыркыга чейин ошол кылыгымды эстесем коркуп кетем.

"АПАМА ОПЕРАЦИЯ БОЛГОНУМДУ АЙТСАМ ЫЙЛАГАН"

– Күрөш менен алектенип жүрүп бутумду сындырып алгам. Ошол бойдон күрөштү жыйыштырууга туура келди. Анда дарыгерлер сынган сөөгүмдүн ортосуна ичке темир (спица) салып бүтүрүшкөн. Ал темир туура эмес салынып калган окшойт, бутум оорутуп жүрдү. Кийин шаарда окуп жүргөндө эч кимге айтпастан бутума операция жасатып башка спица салдырган элем. Кийин жакшы болуп айылга барганда апама операция болгонумду айтсам ал аябай ыйлаган, "айтып койсоң биз сени көргөнү бармакпыз да" деп. Ойлосом, аларды кыйнагым келген эмес окшойт.
Азыр кезинде күрөш менен чогуу алектенген досторума жолугуп калсам "сен көтөрүп чапканда мурдубуздан лампочка чыгып кетчү эле" деп тамашалап калышат. Балким, бутум сынбаганда спорт жаатында дагы өзүмдү көрсөтмөкмүн.

"Пахта терип жүргөн күндөн бир элес".


"Атам, апам жана мен".


Нуркыз Курманбек кызы
(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


Расул Маматкулов: "Балалык дегенде жасаган жумуштарым гана эсиме келет"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(31)
22.02.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы маэк. Бирок бут эле жери мактаныч менен отуп кеткендейго.
22.02.2017. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
тубу таластык го дейм
22.02.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орус кыздар жагат го ээ ошого аялын да катя деп коюп алган го. Бирок жигиттик сапаты кобурооктой ушу жигитте
22.02.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4

Ашыкча эле мактанып алган го.
22.02.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечке гүлдүм окуп алып кызыл тазыл жарык кызды курчап алып ырыңызды эч ырдабай койдуңар айгеримге айтың ырдасын
22.02.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
krem,Кызыл-тазыл жарык,кызды курчап алып
Бийлейт кошо айланып
Бийлесем деп улам,кызга конул бурам
Айлам кетип мен турам,-кандай сонун ырлары бар,мактанса мактана турган жигит,балалуу аялды алып бактылуу кылып жашап жатпайбы,кээ бир эркектер озу туудурган балдарын бага алышпай канчасы бактысыз.Чын эле кызынызбы,уулунузбу ушул ырынызды ырдасынчы,менин балалыгымдагы ырлар,ностальгия болом)
22.02.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кайсы маегинде болбосун "красавчик" болчумун деп айтып жүрөт)))) Сүрөттөрү үрпөйөт жөн эле))
22.02.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хаха озуно урпойгону корунбой,красавчикмин деп ататда((((
22.02.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыныда ошондой болгонбу билбейм бирок мактанып жиберген го акем
22.02.2017. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бырбыйган тырбыйган эле болгон экенго мынча мактанган.
22.02.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мактана турган болуп озун алып жургон ошол убакта ошондуктан мактанат мактанса мактангыдай эле бар бар жогу
22.02.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мантанчаак слишком мактанчаак
22.02.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн эле сонун инсан,чыгармачылык ийгилик каалайм!!
Медиа-портал
22.02.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы.
22.02.2017. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаkшы маэk болуnmур чыгармачылыk uйгuлuk сuзге.
22.02.2017. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мактанбай эле жакшына эле баарын туз айтыптыр абдан кулкулуу кылып жаштык кезде ушинтип журчу экенмин деп абдан сонун маек болуптур расул аке иштеринизге ийгилик
22.02.2017. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Устунку суротто кайсынысы Расул байкебиз (пахта кездеги бир элес деген суротто) тоголоктоп белгилеп койбопсунар
24.02.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
radyakiz, гитара кармаганы
23.02.2017. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ачык айтыптыр баарын, мактанганын билген деле жокмун. Баласынын копиясы го жаштыгында.Уй булосу да сонун,улгу боло турган уй було. Омурлуу болсун Расул байкебиз.
23.02.2017. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Адам деген жаштык кезин эстеп маек бергенде эргуу менен айтат. Мейли мактансын, мейли капалансын, бирок эч кандай жасалмалуулук жок оз кезиндеги туура баа беруу. Буга ич куйдуулук кылуунун кажети жок.
23.02.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл красавчик элем десе да экөөбүз айтпай эле коелучу Расул аков ,мен мисалы өзүмүн сүрөтүмү көргүм келбейт .Тамаша капа болокей жооок.
23.02.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы мезгил менен ал мезгилдин " красавчиктерин " салыштырып болбойтко дейм. Ал кездин " красавчиги" болгонда .
23.02.2017. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ зынк экен!)))
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-02-24 09:20:02
24.02.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surgeon777, кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынган. Эскертүү!
23.02.2017. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчи аялы ошонучун орус болгон экен да.
24.02.2017. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мактаныптыр тигинтиптир моминтиптир депсиздер. Жаш кезинде чын эле ошол мезгилдин заманына жараша красавчик болсо керек, себеби апам дагы аябай жактырчу, концерти келсе (ал кезде акча тартыш болчу бизде) кайдан болсо дагы акча таап барат эле
24.02.2017. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комсомолдогу ата -энениз жашаган уйго каралашып койсонуз болмок!
Уч кабат уйдо жашайсыз озунуз,
мактанып коюпсуз чындыгында.
27.02.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
madina.87, уч кабат уйун Расул ака салды дейсинби? Ал уйду Катя эже салганда.
26.02.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм
27.02.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактанбайле маек бербептирда
27.02.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Расул Маматкуловдун эмгекчилдигине баа берем, жашаган үйүн "Супер-инфодон" 9газетадан) көргөн элем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо