Түндүк жээгин Инд, түштүгүн Тынч океандары курчаган Бали аралына эс алуу "Супер Сулуу-2016" сынагынын жеңүүчүсү Бактыгүл Орозбаева, SUPER.KG кубогунда "Мыкты оюнчу" аталган Калыбек Турдубаевге буюрган эле. Жердеги бейиш аталган керемет аралга саякаттоого убакыт келип, 4-февраль күнү жолго чыктык. Экваторго жакын Бали аралына жетүү оңой болгон жок. Алгач унаа менен Алматыга жетип, андан ары океан кезип Малайзиянын Куала-Лумпур шаарына кондук. Кийинки учак Балиге көтөрүлүп, Денпасар шаарындагы аэропортуна кирип барды. Бизди орус тилин суудай билген Диас аттуу гид тосуп алып, мейманканага алып жөнөдү.

Отелдин босогосун аттаарыбыз менен учакта жүргөн узак убакыт, аэропортто рейсти күтүп зериккен учур, чарчаганыбыз дароо унутулду. Ызгаар сууктан жанды жыргаткан жылуулукка келип магдырай түштүк. Климаттын алмашуусуна бат эле көнүп кеттик.
Жер шарынын жарымын кезип келген топ чу дегенде эле бассейнге чуркадык. Сууда балыктай сүзгөн Калыбек бир күн кечке бассейнден чыкпай чабак уруп жүрдү. Бактыгүл сүзгөндү өздөштүрүү менен убара болду.
Бизди баарынан мурун океан кызыктырып турган. Океан дегенде отелдин автобусу пляжга жеткирерин да унутуп калыптырбыз. Жапжашыл бак-даракка оронгон айланага суктана пляжга жетип барып учу-кыйыры жок, асман менен бириккен Инд океанына көзүбүз түштү. Жээкке урунган катуу толкун менен ойноп, суусуна чумкуп эс алдык. Биздин Ысык-Көлдөн 5 эсе туздуу суусу ооз-мурун, көздү ачыштырып жатса да бул керемет эле.
Экскурсия маймылдар байырлаган токойдо уланды. Күн ачык кайнап турган маалда чытырман бак-даракка курчалган бул жер салкын тартып турат. Маймылдар өздөрүн жунглинин кожоюну сезишип, туристтерге көнүп калышыптыр. Колуңда аларды кызыктырган нерсе болбосо карап да коюшпайт. Мүмкүнчүлүк болсо эле жулуп алып качып кетүүгө даяр. Жакындан таанышып, тизеге, ийинге отура калышат.
Балидеги сафари паркы туристтерге 10 жыл мурун эшигин ачкан. Гианьяр районунда жайгашкан парктын аянты 40 гектар, 400гө жакын экзотикалуу жаныбардын түрү Индонезия, Индия жана Африка өлкөлөрүнөн алынып келинген. Алар: гималай аюусу, төө куш, арстан, төө, зебра, пил, ак аюу, бегемот, тоту куштар. Парктын миссиясы көңүл ачууну гана көздөбөйт, жаныбарлар менен тааныштыруу программасы да камтылган.
Аралдын Кеменух айылында жайгашкан бийиктиги 25 метрге жеткен Тегенунган шаркыратмасында туристтер үчүн атайын аянтча курулган. Жакындан көрүүнү каалагандар тепкичтен түшүп барышат. Бейиштин бир бөлүгүндөй элес калтырган жер сүрөтчүнүн картинасына окшойт. Сергип алууну каалагандар шаркыратманын суусуна түшүп алса болот. Калыбек дал ошондой кылды.
Гунунг-Батур жанар тоосу. Бийиктиги 1717 метр, акыркы активдүүлүгү 2000-жылы катталып, жанар тоонун кратеринен 300 метр бийиктикке жеткен күл атылып чыккан. Бул жерде шамал уруп салкын тартып тургандыктан балиликтер үчүн суук болсо, бизге окшоп ысып жаткан туристтер үчүн эң жагымдуу жер болду.
Балиде үйлөрдөн да храм көп. Жердеги бейиш деп аташканы бекеринен эместир. Храмга көрүү үчүн атайын белдемчини ижарага алып киресиң. Бул храм оңдоп-түзөөдөн өтүп турганы үчүн бир нече кылымдан бери жакшы абалда сакталып калган.
Бали тамшандырган ширин мөмө-жемиштерге бай. Аталышы, көрүнүшү да экзотикалуу: маракуйя, мангустин, салак, манго, питайя, рамбутан өңдүү мөмөлөр баарыбызга жакты.
Аралдын жолдору кууш болгондуктан көпчүлүгү скутер менен жүрүшөт. Кумурскадай жайнаган мотобайк жергиликтүү тургундардын гана эмес, туристтердин да сүйүктүү транспорту. 5 долларга 1 күн ижарага алып ары кызыктуу, ары табышмактуу жайларды кыдырууга ылайыктуу. Болгону сизде айдоочунун эл аралык күбөлүгү болушу зарыл. Жергиликтүү тургундардын айтымында, аныңыз жок болсо деле полиция кызматкерлерине айып пул төлөп айдасаңыз болот. Жол эрежесин көзөмөлдөгөн кызматкерлер ар бурчта тургандыктан жол кырсыгы дээрлик катталбайт.
Бизге тропиктик жаратылышты, жанар тоо, шаркыратма, экзотикалуу жаныбарлар байырлаган паркты гид Мухаммед Августин коштоп жүрүп көрсөтүп берди. Ал туристтерге "Супер-Инфону" жарнама кылам деп бизден футболка белекке алды.
Саякат соңунда Малайзия өлкөсүнүн борбору Куала-Лумпур шаарына келип эс алууга, эгиз мунара Петронас менен таанышууга да мүмкүнчүлүк түзүлдү.
"20 жашка чыга электе жомоктогудай жерге саякаттап келгениме сыймыктанып турам. Жашоомдо ушундай мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлогон эмесмин. Эгер сынакка катышпасам бул кереметти көрбөйт элем да. Сынакка катышып жатканда ушул аралга саякаттоону максат кылгам. Кыздардын арасынан суурулуп чыгып, таажы тагынуу үчүн болгон аракетимди жумшадым. Биринчи жолу чет өлкөгө чыгып көзүм ачылды десем болот. Дүйнө таанымың кеңейип, дагы көп нерсени билгиң келип калат экен".
"Мен дагы биринчи жолу саякатка чыктым. Бул мүмкүнчүлүктү SUPER.KG порталы уюштуруп бергени үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Эми мындай эс алууга чыгууга өзүм аракет кылам. Көрсө, күнүмдүк тиричилик менен алпурушуп, дүйнөдөгү кызыктарды көрбөй жүрө бериптирмин. Башка жердин эли, маданияты, жашоо-турмушун көрүп көз карашым өзгөрдү. Оюмдун баары саякат эле болуп калды".
Динара Абдыкадырова
star@super.kg