Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жабыркаган кыз: "КЫЗДАР БАШЫМА КАТУУ ЧААП САЛЫШТЫ". МЕКТЕПТЕРДИН АБАЛЫН КӨРСӨТКӨН КЕЗЕКТЕГИ КООПТУУ ОКУЯ

№746 17-23-февраль, 2017-ж.

9-февраль күнү Чүй облусуна караштуу Москва районунун Ак-Суу айылында Степаненко атындагы №2 орто мектептин окуучусу классташтары тарабынан сабалып, ооруканага түшкөн. 6-класстын окуучусун классташтары "Космостон салам" деген оюнга шылтап сабап салышкан деп айтылууда. Оюндун эрежеси боюнча кыздар бири-бирин кубалап, жетсе көптөп сабоосу керек дешет.

"ОКУУЧУ КЫЗДАР КУУШМАЙ ОЙНОШКОН"

Аталган орто мектептин директору Замир Осмоналиев окуя боюнча буларга токтолду:
– Бул окуя 5-күнү сабак учурунда болгон экен, бирок бул мектептин деңгээлинде гана чечиле турган маселе болчу. Ошол күнү сабак учурунда 6-класстын мугалими 3 мүнөткө класстан чыгып кетет. Жумуштары болуп калганбы билбейм, негизи мугалим катары ишин таштап чыкпашы керек эле. Ал сыртка чыкканда окуучу кыздар куушмай ойношкон экен.
Жабыр тарткан окуучу кыз мурда чанадан жыгылып, ошонун айынан башы ооручу экен. Ал күнү эч кандай жаракат алган эмес. Аны 2 окуучу кыз кармап берип, 15тей кыз сабаган деген кептер калп. 6-класстын окуучулары азырынча периште да, мындай иштерге бара алышпайт. Азыр эле ал окуучу кыздын абалы менен таанышып келдик, телефондогу оюндарды ойноп жакшынакай эле отурат.

"БАШЫМДА ШИШИК БАР БОЛЧУ ДЕП ЫЙЛАПТЫР"

Жабырлануучу окуучунун классташынын энеси Рая Супатаева оюн зыянсыз деп эсептейт:
– Бул оюнду класстагы кыздар ойлоп таап ойношкон экен. Анын эч кандай коркунучу же бирөөнү атайылап таарынтмай дегени жок экен. Аны бүгүн жалпы окуучулар айтып жатышат. Ошол окуя болгон учурда мугалим болгону 3 мүнөткө эшикке чыгыптыр. 5-6 кыз ошол оюнду ойноп жатса, ал кыз өзү келип ойнойм деп кошулуптур. "Космостон салам" деп бири-бирин чабышып жатса, бирөөнүн урганы ал кыздын башындагы шишикке тийип кетиптир. Ал "абайлабайсыңбы, башымда шишик бар болчу" деп ыйлаптыр. Буга чейин өзү ар кимге "чанадан жыгылгам" деп айтып жүргөн экен.
Мектеп директору да, жабырлануучу окуучунун классташынын энеси дагы жаттап алгандай окшош убакытты айтышууда. Мугалим 3 мүнөткө жок болдубу же 30 мүнөткөбү, ал текшерүүгө алынышы керек. Жабыр тарткан окуучунун классташ балдарынан оюн тууралуу сурап көргөнүбүздө, баары бирдей "бул оюнду кыздар ойношот. Оюн "Космостон байланыш" деп аталат, бири-бирин башка чаап ойношот" деп, ал күнү кыздар ойноп жатышканын айтып беришти.

"КЛАССТАШ КЫЗДАРЫМ МЕНИ БӨЛӨ БЕРИШЕТ"

Аталган оюндан жабыркаган окуучу кызга ооруканадан жолугуп, окуя тууралуу өз оозунан уктук:
– Ошол күнү акыркы сабак болуп жатканда мугалим эшикке чыгып кетти. Чачым түйүлүү болчу, бир убакта бир кыз чачымдан тартып, "космостон салам" деп чапты. Бурулуп аны урайын дегиче артымдан кыздар келип мени уруп башташты. Мени сабап жатышканда мен бир кыздын чачын жулдум окшойт, ал мени башка катуу чаап, ары жакка чуркап кетти. Анан башка кыздар келип колумду кармап, чачымды жулуп, башыма катуу чаап салышты. Ошондо башым катуу ооруп, ыйласам, кыздар "таарынчааксың, ар кандай окуяларды ойлоп табасың, ыйлааксың" дешти. Сабак бүткөндө үйгө бардым. Жолду катар кусуп, эки кыз мени араң жеткирип барышты.
Классташ кыздарым мени бөлө беришет, өздөрүнчө топ болуп да алышкан. Буга чейин чанадан жыгылганым чын, бирок төбөм менен жерге тийген эмесмин. Азыр болсо төбөм ооруп жатат.

"БАШЫНАН КАЧАН ЖАРАКАТ АЛГАНЫН АЙТАЛБАЙМ"

Москва районунун аймактык ооруканасынын врач-травматологу Болотбек Наврузов жабырлануучу окуучунун абалы тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:
– Окуучу кыз 9-февраль күнү кечки саат тогузда бизге кайрылган. Биздин нөөмөт бөлүмүнүн дарыгерлери кабыл алып, баш мээси чайкалган деген диагноз койгонбуз. Учурда анын абалы туруктуу, керектүү дары-дармектер менен камсыз болгон. Ал эми башынан алган жаракатты мурда же ошол күнү алганын айталбайм. Келип түшкөндөгү жаракаты менен дарылап жатабыз.

"ОЮНДУН ШАРТЫ БОЮНЧА АРЫЗДАНГАНГА БОЛБОЙТ ЭКЕН"

"Мамлекеттин мыйзамынан дагы окуучулардын мыйзамдары катуу болуп жатат" деген жабырлануучу окуучунун таенеси Жаңылкан Бегалиева буларды айтты:
– Неберемди бир жарым жашынан бери мен багып келе жатам. Ата-энеси Орусияда иштешет. Ошол күнү ал сабактан кечки саат бештер чамасында келди. Аябай ыйлап алыптыр. Үйгө келип эле окшуп кусуп калды. Жалакайлык кылып жатса керек деп көңүл бурган жокмун, чай берсем иче албай койду. Анан мага окуяны айтып берип жатпайбы. Көрсө, эмгек сабагы болуп жатканда мугалим эшикке чыгып кетсе, бир классташ кызы чуркап келип, "космостон салам" деп неберемди башка урат. Ары жактан дагы башка кыздар келип ура башташат. Неберем өйдө болуп бирөөнү урайын деп жатса, эки кыз колун кармап, башка кыздар башына ургулашыптыр. Бирөөсү катуу бир нерсе менен неберемди башка чааптыр. Неберем ыйлап жатса башкалар "чыда, эч нерсе болбойт" деп коюшат дейт. Көрсө, оюндун шарты боюнча бирөөгө арызданганга, ыйлаганга, ал тургай бирөөнү уруп жатышса арачага түшкөнгө да болбойт дешет экен.
Ооруканага алып барып, "кусуп жатканын токтото турган дары бергиле" десем, врачтар неберемди көрүп "баш мээси чайкалган, ооруканага жаткырбасаңыздар болбойт" дешти. Классташтарынын ата-энелери болсо мени "кызын ооруканага жаткыра коюп, эптеп бизден акча өндүргөнү жатат" деп сөз чыгарып жиберишиптир.

Бул окуя боюнча Москва РИИБи тарабынан териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(59)
22.02.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ошол урган кыздарды чогултуп энесин уч коргондон коргозуш керек, тарбия корбогондор
22.02.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул жерде мугалим куноолуу сабак учурунда чыгып кеткен,озунун жумушун так аткарбагандыгы.Ар бир поколенияда бар дечи болунмой кыйындар озунчо топ болуп журмой.Бирок азыркы жаштардыкы ото эле ашыкчараак.Тиги тарбиясы жок кыздардын жазасын бериш керек,башкаларга да сабак болот экинчи мындай оюндарды ойнобогудай болушат.Байкуш кызга бооорум ооруду,тезирек сакайып кетсин эми.
22.02.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sumaya, Эми мугалим 2 минутага да чыга албаса, анда памперс кийип барсынбы ишине? Кыздардын озундо да акмакчылык, бир кызды 15 окуучу сабаганы эмне деген нерсе ?
22.02.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Asyl10,ар бир 45минут сайын перемена болот. Панперсин алмаштыргангада улгурот
22.02.2017. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kira200387,)))))
22.02.2017. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Asyl10,
2минутанын ичинде ошончо окуянын болгонуна кумонум бар да?Же жогоруда айтылгандай 30 минута жоголгондур?Туура сабаган 15 кыздарда да куноо бар бирок сабак учурунда болуп атканы учун,биринчи кезекте мугалим жооп бериши керек!
22.02.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз окуп жургондо бизде да бар эле "мини толпа" деп.Озубуз чыгарып алганбыз. Бирок биз жакшы эле буттук. Аманчылык эле болсун.
22.02.2017. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул сыяктуу болунмойлор мектепте азыр эмес илгертен эле бар. Негизи, кыздардын психикасына ото жаман таасирин тийгизет. Биздин убакта жакшы окуган, вечеринкага барбаган туз кыздарды болуп коюшчу. Менин башымдан да коп откон болуп коймой деген. Менин жакын тууганымдын кызы мени менен кошо болунуп, 11-классты буткончо 5-6 жакшы балдардын "шайкасы" менен чогуу журуп буттук. Азыр ошол "верная" тууганым эле бар дос кыздардан жакын. Негизи, "толпаны" ээрчитип кулжундаган
22.02.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Космосунар менен жерге киргилечи тообо, башка оюн жокпу ойногону? Мурда биздин маалда телефон жок эле топ таш, чикалак,жоолук таштамай, ортого турмай, дагы жерге чийип алып ташты ыргытып секирип ойночубуз. Интернетсиз жашообуз сонун болчу.
22.02.2017. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ойной албаган бала энесинин ###### чукуйт болуптур.Эжейи эшике чыкса эшек жайлоо болушуп.Мындай окуялар башкаларга сабак болуп, тартипти караш керек.
22.02.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мыйзам чегинде жооп бериш керек.урган кыздар ал кызды кемсинткенге кандай акысы бар.катуурак чара корбосо дагы кайталанат
22.02.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жоош кыз болсо керек, болуп койгонуна караганда. Биздин класста да болот эле, премиум (элита)класс, средний класс ж.а лохтор (жооштор, жаман окугандар) деп. Бирок тытышып мушташпайт элек, топ-топ болуп болунгонубуз окуучунун жондомдуулугуно карап болчу. Жакшы окусан кошулчусун элиталарга. Бирок бул кыздын окуясы, биз кыйын, сен изгойсун дегендей болуптур. Классташтарынын мээсине куюп койгонда ушинтип айтасынар деп мугалимдери. Кыздары да жашырып жатат, коркушуп.
22.02.2017. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мугалuм 2 3 мuнутага кетпесе керек акыркы сабагы болсо тапшырма берип койуп саат,мынча болгондо тарай бергиле деп кетип калса керек.
23.02.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кызмат ордунан коркуп жашырып-жаап атышканын кара. 6-класстын балдары азыр перищте да дейт,кыз балага 9 жаштан баштап күнөө жазылат.Балдарды тыйып турбаса, турмушту түшүнө элек кездеринде адамды кемсинтүүнүн ойго келбеген жолдорун да таап алышат.Кызга абдан жүрөгүм ооруду.Классташтардын ушундай мамилелери билинбестен баланын психологиясын бузуп, өзүн баалай албаган, корунчаак кылып салат.Эне-атасы жанында болбогону аз келгенсип,мектепте да жакшы мамиле көрбөсө.
23.02.2017. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кызык беттен алат го кыздарына кошулуп апалары дагы акча ондуруп деп...байкуш ата энеси да россияда болсо.... врачтар деле жон эле больницага жаткыра бермек беле....мугалимдер дагы эптеп ызы чууну басыштын айласын кылат деп ойлойм
23.02.2017. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызга аябай жаман болуптур. Негизи эле баардык чет жерде иштеп жургон элдин балдарынын баарын жалко. Баары каралбай же ушундай ситуацияда калган жок, бирок акыркы убакта коп кездешет. Москвага жанына алып келип алса, же биякта шарт жок. А копчулук элге жардам только мигранттардан келет. Ошондуктан мигранттардын балдарына деп озунчо школа интернат ачылса сонун болмокпу деп ойлойм. Окмотко эле канча акча алып келишет мигранттар. Алыста байкуш Ата Эне ошо балдарым деп эмгектенет. Камсыз кылышмак.
23.02.2017. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Директор андай деле эч нерсе болгон жок дептир, школдо эле чечип алмакпыз деп. Окунучтуу.
23.02.2017. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аянычтуу, кичинекей карындаш кыздар силерге урушкан жарашпайт. Татынакай болуп ынтымакта окугула!
23.02.2017. 06:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коментарийди окуп чыккыла. Ха ха экен жон эле. Кызык биздин бул кебибиз менен ал проблемалар чечилбесе неге жазып бизге? Же суперчилер азыркы адамдын психологиясын окуп оюн билип ошого жараша иш кылат болду бекен?
25.02.2017. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Askar9895, Ар бир адамдвн ою маанилу ушул комменттер мн канча нерсе чечилип атат мисалы элдер элдик кабар аркылуу канча койгойлор суроолорго жооп алды
23.02.2017. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул окуя мектептин ичинде сабак учурунда болуп жатат бул жерде мугалимдин шалаакылыгы мамлекеттен аз болсо да айлык алып иштеп жаткандан кийин өз башы менен жооп бериш керек кыздар болсо жоош кызды үстүнө минип алат мындай учурда бечара кыз ич дарты ичинде жүргөн да мектепте бай кедей болуп бөлүнүшөт мугалтмдер да бай кишилердин балдарынан коркот урушпайт алы жеткени еле баягы кембагалдар бул кыздарды тартипке салбаса аягы жаман нерсе менен бүтүп калышы мүмкүн
23.02.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш кыз сакайып кетсин,Кудайым шыпаа берсин,тиги мугалимди иштен айдаш керек,кыздардын ата-энелерин жоопко тартыш керек
23.02.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу ар бир класста ошондой топтор болот озунчологуп болунуп суйлобой жургон окуучуларды оту айрылып турган окуучулар келип башка чаап чачын тартып ошентип кычыланып тийишишет А эгерде мугалим ата-энелер баш болуп директору каш болуп ошондой алсыз окуучуларды куноолосо алар суицидге барат Мектептерде коридордо класстарда мектептин айланасында камералар коюлса ошондо ар ким озун тыйып калса керек эле
23.02.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тообо
24.02.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч кимдин акысы жок бироонун баласына кол которгонго!!! Тарбиясы жок кыздарды тарбиялап коюуу керек созсуз!!!Мугалимдериби Ата энелериби.
25.02.2017. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Капкаяктагы шумдук оюндарды таап чыгышат биз илгери бекинбечек ак чолмок кубалашмай ойночу элек
26.02.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектептерди мугалимдер Кош конул карашат ошонун айынан келип чыгып жатпайбы мунун баары
26.02.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мугалимдер сабак беришин деле билбей, окуучулар эс жинди болуп кала турган болду.ушул эмне деген оюн эми тооба. Убагында бизде жа чыккан "космоско учту "деген оюн.ал оюнда таяка эки колун байлап азыр учасын деп буттарын байлап шымын шыпырып коюшчуу. Бирок бизде айылдын денгеелинде эле аксакалдар соту адилеттуу чечип коюшкан.
26.02.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектепте булар көп Болотко!!
26.02.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен 7класымда 11клас кыздан келтек жегеним есиме тушуп кетти бантик тагышты унутуп калып мектепке барып одон келтек жеп дубалды сузуп есим ооп директорлор суу чачып есиме келтирип ечкимге айтпаа ата енене айтпаа чогулушта туруп есим ооп калды деп кой кызыым дешип суранышкан тообо апам билгенде деле ечнерсе кылалган емес азырда башым оруйт жиним кклет ушундайларды окусам
26.02.2017. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7 класымда 11кл кыз бантик такпаганым учун дубалды суздуруп урган ичиме тепкилеп урган мугалимдер есиме келтирип директир ечкимге айтпаа ата енене айтпаа деп суранган азырда башым ооруйт
28.02.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соокурлор го! мээ чапканга эмес кичине эле ударга чайпалат
28.02.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура жоопко тартылып ошол мугалим. Директор иштен алынышы керек башкаларга сабак болчудай болуп 3 мунот дейт ошол убакта мындай нерсе болбойт да жоопко тартылсын
22.08.2017. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тообаа ошол да оюнбу еми жакшынале ойношсо болбойбу . башка чапкан оюнду еми уктум 6 чы класста чоноюп калышатго . 2 3 класс болсокен
22.08.2017. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин баламы бироо башына чаап корсун барып мойнун бурап келмекмин екинчи чаппас кылып
22.08.2017. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тартипсиздер . ошол оюнду байкап калган еле ежейлер токтот бул оюнду деп токтоттуруш керек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо