Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

6 айлык наристенин энеси: "БАЛАМДЫН ЖҮРӨГҮНӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТУУГА КАРАЖАТЫМ ЖОК БОЛУУДА"

№746 17-23-февраль, 2017-ж.

Байэлдин жарык дүйнөгө келгенине болгону 6 ай болду. Бирок ал наристе болгонуна карабай жашоо үчүн күрөшүүдө. Анын жүрөгүндөгү эки клапаны өспөй калып, дем алдыруучу аппараттардын жардамы менен жашап келүүдө. Уулунун оорусу тууралуу апасы Таалайкүл Дүйшөнкул кызы айтып берди:

– Беш баланын энесимин. Караколдо батирде жашайбыз, жолдошум болсо эл катары Орусияда курулуш иштеринде иштеп жүрөт. Балам Байэл 3 айлык боюмда кезинде сасык тумоо катуу кармап, бир ай ооругам. Ошонун кесепети уулума тийиптир.
2016-жылдын сентябрь айында Караколдогу төрөт үйүнөн Байэл жарык дүйнөгө келген. Ошондо эле врачтар "уулуң тубаса жүрөк оорулуу" дешкен. Эгер бир жашка чыкканга чейин көп ыйлатпай жакшы карасам айыгып кетиши мүмкүн экен. Бирок уулум бир айлык болуп калган кезинде эле денеси көгөрүп, эмчек эме албай, деми кыстыгып ооруй баштады. Биз Караколдогу дарыгерлерге көрсөтсөк, алар "Бишкекке алып барып көрсөтүп көргүлө" дешкен. Бишкекке алып келип дарыгерлерге текшертсек, баламдын жүрөгүнүн бир клапаны өспөй калганын айтышты. Дарыгерлер "азыр бала кичинекей, 6 айлык болгондо жүрөгүнө жасалма клапан салабыз. Февраль айында алып келгиле, операция жасайбыз" дешкен. Жакында келип кайра текшертсек, бир эмес, жүрөгүнүн эки клапаны тең өспөй калыптыр. Дарыгерлер "баланын абалы оор, тезинен клапан салышыбыз керек. 4-мартта боло турган операцияга даярдай бергиле" дешти. Кечээ врач "операция жасатканга каражатыңар жетеби? Чоң суммадагы акча керек" деп эскертти. Угушума караганда, бир клапанды 1300 долларга сатып алса болот экен. Биз болсо экини сатып алышыбыз керек. Бирок аларды сатып алууга каражатыбыз жетпейт, мен кайрымдуу адамдар жардам берет деген ишеничтемин.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
22.02.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Биздин салымбайлар бабандар жана атамбайлар бар го обеди эле 1300доллар турган. Ушуларлын бироосу жардам берсе озуно эле пиар болот эле жакындап келе жаткан президентик шайлоого.
22.02.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахым озу жардамын шыпаасын берсин ылайым.
22.02.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу грипп деген оору кош бойлуулар учун эн жаман экен.Мен да грипп болгом 3.5 айларда. жыйынтыгы кызым азыр отура албайт, баса элек.Башта кистасы бар болуп торолду...
22.02.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
дарт берген кудай дабасын да берсин менин балам да журогундо эки тешиги менен жашап жатат аллахым шыпаасын берсин
22.02.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах шыфаасын берсин!
22.02.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен бир нерсеге тан каламда акча жок каражат жетишбейт деп жазышат анан кийген кийимдери тагынган алтындары жасаткан маникюрларын кайсы акчага жасатат. Алла шыпаасын берсин бирок мен коп нерсени озумо ыраа коро албайм бир проблемам болсо. Маникюрга эле эгер шеллак болсо минимум 500с ар эки жумада кетет бир жылда 12000сом. Акырындап анча мынча нерседен озун тартып акча чогутса деле бир клапанга акча чогутуп коймок уже. Алла шыпаасын берсин. Айыгып кетсин.
22.02.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ainura220888,Эч кимдин башына мындай нерсе келбесин, баланын ооруганы эн жаман.Алтындары мурда эле болсо керек. А маникюрду озун деле жасап алсан болот го. Азыр бул айым учун ото оор учур. Дагы озун таштап салбай карап аткан азаматсыз демекмин.Оорулуу баланы баккан адам физикалык жактан да психикалык жактан да ото чарчайт.Ишенип койгула башыман отуп жаткан учун айтып жатам.Башында ыйлайсын озунду таштайсын бирок акырындык менен озунду колго ала баштайт экенсин.
23.02.2017. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ainura220888, эртенки кунундун эмне болоорун билбейсин. Ар бир адам татыктуу жашоого акылуу.
22.02.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бала карап, тамак жасаган аял тырмак өстүрбөш керек го. Микробдун баары тырмак астында. Жараткан шыпаасын берсин!
22.02.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сакайып кетсин.
22.02.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баланыз айыгып кетсин!
22.02.2017. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип жардам бериш керек. Банковский карточка же Элсомдо кошелеги барбы?
23.02.2017. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Умутунузду узбонуз, наристениздин ичээр-суусу тугоно элек. Алла Таала шыпаасын берсин!
23.02.2017. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылбеков Байэлдин апасынын номери 0700 95 88 94 Аты жөнү Дүйшөнкул кызы Таалайкүл Жардам берем дегендер ушул номерге чалсанар болот.
23.02.2017. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Акчам жок деп тырмагын жасап алтын тагып алганын ошентсе анан кайдагы акча
27.02.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ayjan_90,жасанып озун караганга укуктуу эмеспи,башына сыноо тушкондо жудоп кочого чыгып алыш керекпи? Пенделердин жашоого болгон коз карашы качан онолор экен. Алла ар кандай сыноо берип сынайт,барга коппо жокко чокпо деген создун маанисин тушунбойт окшойсун. Андан коро мен которо албаган сыноодон сакта деп жур,бироону табалаганча.
23.02.2017. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым наристеге шпасын берсин. Биздин чооңдор ушундай нерселерге жардам беришсе болбойбу бири биринин байлыгын чукулашкандан көрө.
24.02.2017. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар нерселерди жаза берет экенсинер. Тообо редакцияга жыртык койногун кийип келбейт го . Эч кимдин башына тушпосун мындай нерсе Жакшы болуп кетсин Алла шыпаасын берсин.
24.02.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ainura220888 А десе Б дебенизчи. Шеллакты жасатса эмне экен балким туугандары бар бекер жасап бере турган, балким бул жаман кабарды уга электе тушкон сурот. Дегеле анын тырмагы менен ишиниз эмне? Сизге окшогон кумурскадан пилди коргон адамдардын ой жугуртуусуно тан калам. Мындай нерсени сиздин башынызга салбасын!
25.02.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым шыпасын берсин
28.02.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аял киши кош бойлуу учурунда грипп болбогонго аракет кылыш керек экенда биз анча конулго албагын грипп ото коркунучтуусу . Мен да кызымды торогондо жаш экенмин кайнем грипп болбогонго аракет кыл рзунду жакшы кара десе конул болбой кайра кайра грип болуп кызым коп ооруп журду азырткудайга шугур жети жашка чыгып эми оорууну анча жолотпой калды кийинкисинде озун да коркуп калат экенсин. Эмнеси болср ла Байэлге ден соолук тилейбиз.эч бир жандын балапандарыбыз оорубаса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо