Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жабырлануучу: "МЕНИ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ЗОРДУКТАП, ЭМИ БИЛГЕН ЖЕРИҢЕ БАР ДЕП ЖАТАТ"

№747 24-февраль-2-март, 2017-ж.

"Мени милиция кызматкери зордуктап койду" деп бизге кайрылган 26 жаштагы кыз менен сүйлөшүп жатканда, анда эркектерди жек көрүү, көңүл калуу жана ачуу заары бар экени билинип турду. Ал ушул окуядан кийин башка жумушка которулмакчы болуп жүргөнүн, турмушка да чыккысы келбей калганын айтып жашыды. Анын тагдырын уккан соң өзүмчө "көздүү мончок жерде калбайт. Сени бөпөлөп, азыркы абалыңды, жашооңду унуттура турган адам сөзсүз табылат" деп тилек кылдым.

"ЫЙЛАГАНЫМА КАРАБАЙ ЗОРДУКТАП САЛДЫ"

Каарманыбыз окуяны төмөндөгүчө баяндап берди:
– 2015-жылы Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бирин артыкчылык диплом менен бүтүрүп, ошол эле жылы өзүмдүн кесибим менен Кочкор районундагы менчик фирмалардын бирине жумушка орношком. Бул жакта ата-энем өздөрү эле болгондуктан, алардын жанында болоюн деген элем. Иштеп жүрүп райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкери болуп иштеген Самат деген жигит менен таанышып калдым. Кээде жолугуп, ар кайсы темада сүйлөшүп отуруп калчубуз. Жаман ою бар экени үч уктасам дагы түшүмө кирген эмес. Ортобуз кыз-жигит мамилесине деле жеткен жок.
Өткөн жылдын июль айынан баштап келечегим талкаланып, ой-максаттарымдын баары таш капты. Орозо жаңы бүткөн убак эле, ошол күнү Самат экөөбүз кечки саат тогуздарда жолугуп калдык. Ал формачан экен. "Үйгө барып, формамды чечип, башка кийим кийип келейин, чогуу барып келели" дегенинен макул болуп, үйүнө чогуу бардык. Үйүндө эч ким жок экен, киргенден кийин эле күч колдонуп, суранып ыйлаганыма карабай мени зордуктап салды. Денемдин баары көк ала болуп, ыйлап отуруп калдым. Ал болсо "кан болгон шейшепти экспертизага алып кетесиңби?" деп шылдыңдады. Ошол учурда ал жерден эптеп да болсо чыгып кетүүнү ойлонуп жаткам, шейшепти алып кеткенди ойлобоптурмун деле.
Үйгө барганда ар кандай ойлор келди, өлүп алсамбы деп да ойлодум. Бирок жалгыз мен деп жашаган ата-энемди кыя албай койдум. Эртеси Самат мага телефон чалып, абалымды сурамыш болду. Ызама чыдабай "эмне кылганыңды билесиңби, эми тагдырым кандай болот?" десем, "сага үйлөнөм, бирок күтө тур" деди. Анын айткандары болгону ал окуяны унуткаруу, убакыт өткөрүү болчу. Андай зөөкүр менен кантип жашамак элем, жашаганда деле мени бактылуу кылып жарытпайт болчу. Ал окуя өткөндөн кийин август айында мени коркутуп, бычак такап жүрдү, себеби мен арызданам дей бердим. Анан менден тажап, ушундай иштерди кыла баштаган. Ал да өз жазасын алуусун туура көрүп, 4-октябрь күнү анын үстүнөн Нарын ШИИБине арыз жаздым.

"НОЯБРЬ АЙЫНДА ЭЛЕ МЕНИН ИШИМДИ ЖААП САЛЫШЫПТЫР"

– Мени зордуктагандын эртеси Балыкчы шаарына барып, менчик клиникага текшерилип, зордуктоо болгону тууралуу маалым кат алгам. Бирок менин ишим боюнча тергөө жүрүп жатканда "менчик клиникадан акча берип маалым кат жаздырып алса болот" деген шектенүү жаралды. Ошол замат арыз жазбай калганымдын себеби, Кочкор
РИИБине арыз жазайын десем, ал жерде иштеген кызматкерлердин баары биздин үй-бүлөнү таанышат. Ата-энем билсе эмне болот деп коркуп койгон элем. Менин ишенгеним маалым кат болчу. Тергөөчү мени чакырып, көрсөтмө алган. Анда тиги жигит дагы сурак берип жүргөн. Ошондо дагы мага "баары бир эч нерсе кыла албайсың, колуңдан келгени ушул элеби?" деген.
Арыз жазганымдан 1 айдан ашык убакыт өтсө да эч кандай жыйынтык жок болгондуктан 10-ноябрда Башкы прокуратурага арыз менен кайрылсам, ал жактан Нарын шаардык прокуратурасына өткөрүп беришкен. Менин ишимди тергеп жаткан Алмаш Карыбекова деген тергөөчү "прокуратурадан билдирүү почта аркылуу үйүңө барат" дегенинен, ага "эже, үйгө барбашы керек. Ата-энем билип калат" десем, бир барак берип, "27-ноябрдагы дата менен колуңду коюп кой. Өзүм алып, кийин Кочкор жакка барганда сага бере кетем" деди. 2017-жылдын январь айында иш эмне болуп жатканы боюнча билейин деп барсам, далил жок деп ишти жаап коюшуптур. Мага кабарлашкан эмес. Кандайча деп түшүнбөй туруп калдым. Ошол бойдон тергөөчү эже телефон чалсам албай жатат. Анан айлам куруп, Бишкекке барып ИИМге арыз жазгам. Бир жумадан кийин мага чалышып, менин ишимди учурда Нарын облустук прокуратурасына өткөрүп беришкенин, алар карап жатышканын айтышты.

Экинчи тараптын да жообун угуу максатында каарманыбыз күнөөлөп жаткан милиция кызматкери менен байланышууга кылган аракетибизден майнап чыккан жок. Бул иш эмне себептен жабылып калгандыгы боюнча Нарын ОИИБинин маалымат кызматы да жооп берүүдөн баш тартты. Бул ишти учурда Нарын облустук прокуратурасы карап жаткандыктан аларга байланышып, "арыз жаңы гана келип түштү. Эми карап баштадык" деген жооп алдык.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(40)
01.03.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Сот МОТ, тергоочу дегендер аман эле болгула... Ишти жон карап бербей, жон эле сурайын деп чалсан, характерин корсотушот... Адамсынар да, жон эле ооба, жок деп койгула... Бакырбай
01.03.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Адамдын байоо, табигый тунук ишениминен пайдаланып арам оюн ишке ашырган адам сымал айбандар адам тагдырын талкалайт. Эми оз жазасын алышы керек анги эшек.
01.03.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошону жактырып,ошол менен суйлошууну каалап озун жолугуп журуп тунку саат 9да да уйуно жур десе ээрчип барсан кайсыл бала сени жакшы ойлосун?Адамды жакшы таанып тааныбай жур десе кете берсен ал деле соо эмес деп ойлойт да.Бар балееге озу куноолу экен...макул болоор иш болуптур эмнеге сразу арыз жазбадын?кылгыр иш кырк жылда да билинет го,бул жерде эптеп ата энен билбеди дейли...кундор отуп сени ьироо ата-энене колунду сурап келишсе эмне кылмак элен?баарибир бир кун турмушка чыкмаксын.
01.03.2017. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зордуктады дегени калп ко, үйлөнөм деген экен,,,, өч алуу эмес бекен????
01.03.2017. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне барам дейм да, ? Корунгон эркекти ээрчип
02.03.2017. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тундо эрчишип эмне барасыз эже
02.03.2017. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биздин соттор ушуга окшогондорду жаап салып,канчалаган кыздар кор болуп атат,мамлекетибиз кыздардын укугун коргоп,кыз кордогон эркектерди катуу жазага тартса болмок!Эми бир Кудай берет жазасын
02.03.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birimdik5555, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
02.03.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Batma08, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
02.03.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ууфф журогум ооруп кетти.ушунтип адам зордуктагандарды сот пот деп отурбайле дуйнодогу эн оор,эн кыйын,эн азаптуу олум менен олтурсо да ыраазы болот элем
03.03.2017. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
негизи кыздар кечки 8 ден баштап үйдөн чыкпаш керек наборот 8 де жасанышып паркка барышат.
03.03.2017. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар кимге ишене бербеш керек.Колу менен кылганын мойну менен тартсын эми.Сиздеда куноо бар колго тийген нерсе менен башка чабыш керек эле коргонуш керек эле.Сабыр кылыныз,эч кимге ишенбеш керек бул заманда,жакын досунада
03.03.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыркы заманда бир адамга ишениш кыйын. Оз апасын эже-карындаштарын ойлобой жаман ишке кантип барды. Адам баласы озу башына келмейинче тушунбойт. Бирок качандыр бир куну жазасын алат.
03.03.2017. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аман эле болушсун
03.03.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
он сегиз жаштагы анча мынчаны тушунбогон кыз болсо бир 30га чыгайын дептир ойлонуп иш кылыш керек да жур десе эле кете бербей унчукпай ээрчип барса ойлоду да буткон неме деп. темирди ысыгында чап дейт беле кыргызда
03.03.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал кыз коргон окуяны биз корбодук ошол учун куноо кимде бир кудай билет. Бирок кыз бала болгон сон уйдо эле олтурса жакшы болмок. Ким озу кандай болсо, озгону да ошондой ойлойт да ошондуктан жаман ою жок барып алгандыр. Болоор иш болуптур эми озунузду колго алып жашоону башынан баштан. Ал эми тиги зоокурду жазасыз калтырбаш к.к ай ийилет бирок сынбайт. Оз жазасын тиги паракорлордон албаса да созсуз Аллах жазасын берет.
Конулду которуп жашоону жаны коз караштар м.н баштаныз!!!
04.03.2017. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
26 жаштагы кыз оз башын менен жалгыз жашаган эркектин уйуно барсан анан эмнени куттун эле?
04.03.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо сразу арыз жазайын десен алам деп алдады. Ага ишенип коп убакыт отуп кетти. Эми албайт экен деп арызданып баштадын. Чон эле кыз экенсин куноо озундо. Эми кантип доказать этип бересин.
04.03.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эл эмне дейт деп татталлаштырып салган турбайсызбы. Акча толоп опытный юрист адвокат жалдаш керек.
04.03.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баланын уйунон чыкпай туруп тез жардам кызматы менен милицияны чакырышын керек болчу.
04.03.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындык ачуу, бирок күнөөнүн баары кызда, түнү канчалык ишенген болсоң да, махрамың болбогондон кийин эмнеге аны менен үйүнө чейин барасың? Түнү эмес күндүзү да барба тааныбаган эркектин үйүнө!!! Ошонун ордуна үйүңдө куптан окуп, уйкуң келбесе тахажут окуп отурбайт белең!!! Аягында келип эркектин баарын жек көрөм дебей. Күнөөнү өзүбүздөн издейли бир туугандар!!!
05.03.2017. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаман окуяа полноценной эээ
05.03.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечки тогузда ал баланын уйундо не бар дейм да. Укта да уйундо ата-энендин жанында тынчыраак. Озун да жон журбойсун го
05.03.2017. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыкты бир Аллах анан бала м.н кыз билет... Бирок инсандык укукту тебелетпоо керек. Ар бир кылмыш жаза менен аяктайт. Кыз барган барбаган кундо да зордуктоо болду
бирок 'темирди ысыгында чап' дегендей убагында арызданыш керек болчу. Эми да болсо акыйкат издеш керек озундун укугунду тебелетпе. Эки дуйнодо тен оор сыноо жаза бар экенин унутпаш керек...
06.03.2017. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буйруса чечилер капа болуп чөкпө баары алдыда
06.03.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр эчкимге ишеним жок керек болсо дайым жанында жургон колоконда карангыда жалгыз таштап кетет
07.03.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорудагы созго кошулам... Куноо сиз экен кечки саа 9да уйуно барсаныз ал да ойлоду да соо кыз эместейгоо деп... Болор иш болду эми ата-эненизге айтып эле аны каматкан онго деп ойлойм... Буюрса сизди туура тушунуп жубай кылган адам чыгат... Эх менден чон экенсиз да...
07.03.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9 Жолугуп калдым деп жатпайбы,Шаар болбосо Кочкор району дейт, андан сырткары мент болсо ишенсе керек да.26 жаштагы кыз болсо дагы бае муноз болсо керек. Ансыз деле оор болуп турганда олгонго комгон болбогулачы.Куноо 90 пайыз милиционерде.
07.03.2017. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр деле кеч эмес. Ал да оз жазасын алаар.Сиз да бактылуу болунуз.
23.03.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу милисалар еле жакпайт башка еле чаба берсен
03.06.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде карга карганын козун чукубайт болуп иш жабылып калганда. Кыз ошондо болгон нерсени ата энесине уялбастан эле айтыр керек болчу. Азыр эми а дейбиз б дейбиз англисче билбейбиз дегендей эле чындыкты биз билбейбиз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо