№747 24-февраль-2-март, 2017-ж.
Пейили кенен, жасалмалуулукту сүйбөгөн ырчы Курал Чокоевдин үйүнө конокко бардык. "Эл катары ушундай жөнөкөй үйдө чоңойгом. Азыр бул жакта эң кичүү иним менен ата-энем турат. Мен ата-энемди сагынганда келип турам",- деген ырчы Кара-Балта шаарындагы үйү менен бизди тааныштырды.
Чай маек
– Курал, бул жакка айына 3 жолу келип турам деп калдың, шаарда батирде жашайсыңбы?
– Жок, Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринен жер тилкесин алып, времянка салгам. Азыр ошол 2 бөлмөлүү чакан времянкада жашап жатам. Чоң үй салып баштадым. Ошол үй бүткүчө жашап турам го. Ал эми бул жакка ата-энемди сагынганда келип эркелеп, сагынычымды таркатып кетем.
– Таттуу балалыгың ушул үйдө өтсө керек?
– Мен Кара-Балта шаарында чоңойгом, мурунку үйүбүз ушул эле шаардын башка тарабында болчу. Ал жакка кытайлар завод куруп, биздин үйдү сатып алышкан. Кытайлар берген акчага 2012-жылы 20 миң долларга ушул үйдү сатып алганбыз.
– Үйдүн улуусу экенсиң, апаңдын колун узартып качан үйлөнөйүн деп жатасың?
– Мен өзүмдү жаш сезгеним менен, 30га чыгып калыптырмын. Быйыл үйлөнүп үйдөгүлөрдү сүйүнтсөмбү деп ойлоп жатам. Анткени апам ашканада тынбай оокат кылып жатса өзүмдү ыңгайсыз сезип кетем. Учурда сүйлөшкөн кызым бар десем да, жок десем да болот (күлүп). Жайында үйлөнөйүн деген пландар бар, эми калганын убакыт көрсөтөт.
КОРИДОР
АШКАНА
КОНОК ТОСУУЧУ БӨЛМӨ
ЭС АЛУУЧУ БӨЛМӨ
Замира Рахманбердиева
Алишер Алиев
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |