№747 24-февраль-2-март, 2017-ж.
Ырчы Кенже Көбөкова Бишкек шаарындагы жаңы салынып жаткан заманбап көп кабаттуу үйлөрдөн 3 бөлмөлүү батир алды. "Ак өргөөң кут болсун" деп ырчыга байланышканыбызда ал: "Буга чейин жаңы конуштардан жер тилке алып, времянка салып ошондо жашачумун. Ырчы үчүн мындай үйдө жашоо кичине ыңгайсыздыкты жаратат экен. Ошондуктан кенен, заманбап, бардык шарты бар батирлүү болсом деп кыялданып келгем. Ал кыялыма 5 жыл жаным тынбай иштеп жатып жеттим. Бир аз жетпей жаткан каражатты банктан насыя алып толуктадым. Аны акырындап төлөп бүтөм деп ойлойм. Жаңы өргөөгө кирип демиме дем кошулуп, кубанычта жүрөм",- деди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |