Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№747 24-февраль-2-март, 2017-ж.

Футбол

"ДОРДОЙ"–"ХОСИЛОТ" 1:0


21-февралда Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо АФК кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында "Дордой" Тажикстандын "Хосилот" командасы менен кез келди. Оюндун биринчи таймында коноктордун коргоочусу Садих Муса 2 сары айып кагаз алып, оюндан четтетилген. 55-мүнөттө "Дордойдун" чабуулчусу Алишер Азизов Авазбек Откеевдин чыгарып берген пасын голго айландырды. Финалдык ышкырык 1:0 эсебин каттады. Жооптук беттеш 28-февралда Тажикстанда өтөт. Бул оюндун жеңүүчүсү АФК кубогунун тайпалык этабына жолдомо алат.

Күрөш

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА КҮМҮШ МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ

Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн 6 балбаны Швециянын Клиппан шаарында 17-19-февраль аралыгында өткөн "Klippan Lady Open 2017" эл аралык мелдешине катышышты. Анда 58 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова финалда буга чейин "Рио-2016" Олимпиадасынын жарым финалында күрөшкөн атаандашы орусиялык Валерия Кобловага каршы турмак. Бирок жарым финалда алган жаракатынан улам кыргыз спортчусу беттешке чыкпай, күмүш медалга арзыды. Ал эми 75 килограмм салмакта Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөштө эстон балбаны Эпп Мяэге утулуп калды.

Футбол

АГУЭРО-ФАЛЬКАО ТИРЕШИ


Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюндары жыйынтыкталды. Алардын арасынан "Манчестер Сити" – "Монако" беттешинин көркүн 2 команданын чабуулчулары Серхио Агуэро менен Радамель Фалькао ачты. Алар экиден гол киргизип, биринен бири калган жок. Бирок "Сити" Сане жана Стерлингдин жардамы менен оюн эсебин 5:3 кыла алды.
Аталган оюндун жооптук беттеши 15-мартта өтөт.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо