-

Өлкөдөгү
СУДЬЯЛАРДЫН жана алардын жакындарынын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү милдеттүү түрдө тыңшалсын деген сунуш берилүүдө. Аталган демилгени Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары 22-февралда Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында көтөрүп чыгышты.
-
Муфтияттын маалыматына караганда, АЖЫЛЫК САПАРГА барчулардын саны 22-февралга карата 3903кө жетти. Кыргыз өлкөсүнө быйыл 4585 адамга квота берилип, билет баасы 1550 долларды түздү.
-
Бишкек шаарындагы 91 мектептин короосуна жана ичине ВИДЕОКӨЗӨМӨЛ коюлду. Жыл аягына чейин борбордогу бардык мектептерге видеокөзөмөл орнотулары пландалууда.
-
Жогорку Кеңештин депутаттары административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизишүүдө. Алардын биринде унаада бара жатып таштанды ыргыткандарга 10 миң сом АЙЫП САЛУУ каралган. Ушул сыяктуу демилгелер учурда коомдук талкууда.
-
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Ыйман, адеп жана маданият" жылынын логотибин ойлоп табуу боюнча өлкөдө СЫНАК жарыялады. Логотиптерди кабыл алуу 27-февралга чейин жүрүп, байге фонду 50 миң сомду түзмөкчү.
-
2011-жылга салыштырмалуу 2016-жылы өлкөдөгү ИШКЕРЛЕРДИ текшерүүнүн саны 3 эсеге кыскарган. Башкача айтканда, 2011-жылы 44 202 текшерүү болсо, 2016-жылы 15 849 текшерүү болуп өткөн.
-
2016-жылы мамлекеттик сатып алуулардын электрондук порталында 44 миң сынак болуп, 43,5 миллиард сомдук ТЕНДЕРЛЕР ишке ашырылган. Аталган маалыматты финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
-
17-февралда БАЛЫКЧЫ-КОРУМДУ жолунун жумушчуларына маяна үчүн 95 миллион 965 миң 72 сом которулду. Буга чейин айлык берилбей жатканы маалым болгон болчу.
- Мамлекеттик ипотекалык компания ИПОТЕКАЛЫК ШАРТТА берилүүчү турак жайлардын баасын аныктап, "чарчы метри үчүн баа
40 миң сомдон кымбат болбошу керек" деп билдирди.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg