АЗЕРБАЙЖАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ АЯЛЫН ОРУН БАСАР КЫЛЫП ДАЙЫНДАДЫ

№747 24-февраль-2-март, 2017-ж.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жубайы Мехрибан Алиеваны өлкөнүн биринчи вице-президенттигине дайындады. Алиев мындай чечимин "коомдук-саясий чөйрөдөгү жетишкендиктери жана эл аралык иштердеги ийгиликтери себеп болду" деп түшүндүрдү. Мехрибан Алиева буга чейин Гейдар Алиев атындагы фондду жетектеп келген. Өлкөдө 2016-жылдын сентябрында Баш мыйзам референдум аркылуу өзгөртүлгөн. Киргизилген өзгөртүүлөрдө биринчи вице-президенттик кызмат кошулган. Эгерде өлкө президенти өз ыйгарым укуктарын аткара албай калса, өлкөнү башкаруу бийлиги биринчи вице-президенттин колуна өтөт.
Буга чейин ушул жылдын 12-январында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон уулу Рустам Эмомалини борбор калаа Дүйшөмбүнүн башчылыгына дайындаган эле. Ушул өңдүү коңшу өлкөлөрдөгү жаңылыктар кыргызстандык интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга алынууда. Салыштырып караганда, кыргызда бул жагынан абал жакшы. Элде мамлекет башкара турган талапкерди электен өткөрүп тандап, шайлап алуу укугу бар. Ал эми шайлоочулардын акчага сатылуусу, куру убадаларга алдануусу, пассивдүүлүгү башка маселе. Башкысы элде тандоо, шайлоо мүмкүнчүлүгү бар.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо