№747 24-февраль-2-март, 2017-ж.
Өлкө аймагында тынымсыз жааган кардан улам көпчүлүк аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу туулуп жатат. 19-февраль күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагында кар көчкү түшүп, 1979-жылы туулган аялды басып калып, каза болгон. Ошол эле күнү Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылында көчкү түшүп, 2 үйдү басып калган. Куткаруучулар келгенге чейин тургундар бир үйдөн 6 адамды куткарып чыгышкан. Ал эми кийинки үйдөгү 6 адамдын экөөсү каза болгон. Көз жумган бир туугандар 3-4-класстын окуучулары экендиги маалым болду. 21-февралда Нарындын Ат-Башы районундагы Кара-Коюн айыл аймагында кой кайтарып жүргөн 18 жаштагы жигит да көчкү астында каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кар көчкүнүн айынан 141 мал-жандык да өлгөн. Адистердин маалыматы боюнча, февралдын алгачкы он күндүгүндө эле бир айлык кардын нормасы жаады.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |