АДАМДЫН КАЛП АЙТКАНЫН АНЫКТОО

№747 24-февраль-2-март, 2017-ж.

Калп – бул билип туруп чындыкка коошпогон нерсени айтып, ошону ырастоо. Психологдор калп айтууну искусство дегендери бекеринен эмес. Адамдар эмне үчүн калп айта тургандыгын, калп айткан адамды кантип аныктоого болорун психолог Тилек кызы Назира баяндап берет.

АДАМДАР ЭМНЕГЕ АЛДАШАТ?

Калп жашообузда кенен эле орун алган десек болот. Бизди калп айтууга көп нерселер түртөт. Мисалы, өзүнүн өмүрүнөн коркуп калп айтуу. Айталы, бирөө кылмыштуу окуяга күбө болуп калды дейли. Ал окуя боюнча иш козголуп, тиги адамды күбө катары чакырса, ал "эч нерсе көрбөдүм, укпадым" деши мүмкүн.
Ошондой эле адам кокустан шылдың болуп калбайын деп өзүнүн чыныгы оюн айта албай, сурап калышса аргасыз калп айтат. Кээ бирөөлөр өзүн бактылуу жана эркин көрсөтүү үчүн элди алдайт. Муну менен өзүн да ишендиргиси келет. Андай калп адам чындыктан, чечилбеген маселелерден качканда өзүнө жасап алган коргоо тосмосу.
Калп товарын өткөрүү айласында, эки адамды жараштырууда, жумуштан кечиккенде деле айтыла берет. Ошондой эле өзү иштеген мекемесинин, партиясынын аброюн көтөрүү үчүн, мурунку калпын жашыруу үчүн калп айтуу, алдын ала ойлоп таап калп айтуу дегендер да бар.
Калп кичине жана зыянсыз болсо бир жөн. Ал эми башкаларга зыян алып келүүчү калптардан кармануу зарыл. Анткени сиздин айткан калптан бирөөлөрдүн аброю түшүшү, жубайы менен ажырашуусу же карьерасынан аксашы мүмкүн жана башка.

КАЛП АЙТЫП ЖАТКАНЫН АНЫКТОО ЫКМАЛАРЫ

Калп айтуу – бул физиологиялык стресс. Андыктан калп айтып жаткан адамда стресске тиешелүү көрүнүштөр кезигет.



Калп айтып баштаганда денесин чыңалган абалда бекем кармайт (тырышкандай).
Кол-буту аздан титирейт.


Көзгө тике карайт (калпыма ишенип жатабы деп тиктейт).
Оозу кымтылат.
Демин ичине катат.
Дем алуусу, жүрөгүнүн кагышы күчөйт.
Колу тердейт.


Оозун жабат, мурдун кармалайт. Оозду жабуу – чындыкты айтып жибербейин деген кармануу. Минтип оозду жабуу көбүнчө кыздарда кездешсе, эркектерде мурдун кармалоо кезигет.
Бети ассиметриялык абалда болот. Мисалы, калп күлгөндө ооздун бир жагы көтөрүлүп, бир жагы жөн тургандай болот (ассиметрия). Ошондой эле ооздун жана көздүн тегерегиндеги бырыштар билине бербейт. Чындыкты сүйлөгөнүбүздө жүзүбүз ачык, күлгөнүбүздө оозубуз толук ачылып, симметриялык абалда болот, ооз-көз тегерегиндеги бырыштар билинет.


Бир ийини көтөрүлөт (оң же солбу, айырмасы жок. Чындыкты айтканда ийин көтөрүлбөйт).


Моюнун кармалайт. Муштуму түйүлөт (чындыкты айтканда дене бош болуп, алакандар ачык, жазылган абалда болот).



Башы ары-бери кыймылдашы мүмкүн.
Сүйлөп жатканда көзү сол тарапты (өйдө, ылдый) карайт. Чын айтканыбызда көзүбүз оң тарапты караса, калп айтканда солду карайт.


Буту учкаштырылган же колу айкалыштырылган (же эки абал тең күтүлөт). Үнү көтөрүлөт (калпына ишендирүү үчүн) . Чындыкты айтканда үнүбүз калыптагыдай болот.


Узагыраак (калпына ишендирүү үчүн) сүйлөйт. Чындыкты айтканда биз кыска, ишенимдүү сүйлөйбүз. Кол жаңсоолор коштолушу мүмкүн.


КАЛПЫН КАРМАП АЛУУ ЫКМАСЫ

  • Ордуңуздан туруп барып жанына туруп калыңыз. Анткени ар адамда "ыңгайлуу аймак" деген бар (болжол менен 0,5 метр). Эгер ошол аймакка кирип барсаңыз, ал калп айта албай калат.
  • Ал отурганда туруп алыңыз. Калп айткан адамды өйдөдөн караганда ал өзүн коргоо функциясын жогото түшөт да, сөздөрү үзүлүп, мукактана баштайт.
  • Айтканын кайра артка түрүп айттырыңыз. Ушинткенде алар жаңылышып, калпы ачыкка чыгат.

ЖАКШЫ КАЛП АЙТКАНДАР ПОЛИГРАФТЫ ДА АЛДАШАТ

Эгер адам калп айтуу менен (көбүнчө пайда табуу максатында) "туура эле кылдым, ушинтишим керек болчу" деп өзүн жубатып, өзүн алдай берсе, анда чектен чыга баштайт. Бара-бара уяты менен бир келишимге келип, калп айтууну өнүктүрөт, реалдуулуктан алыстайт. Алар полиграфты да алдап кетүүгө жөндөмдүү.
Кээ бирлер калпты айтарын айтып алат да, артында өзүн күнөөлүү сезишет. Алар "уяты уктатпагандар". Бул калпычылыкты өнүктүрбөй кармап турган жакшы сапат. Бирок айрымдар башында аз адамды, акырында адамдар тобун алдагандан рахат алып, чектен чыгып кетишет. Калптын жардамы менен андай адам чындыктын альтернативасын түзөт да, өз сөзүнө өзү ишенип калат. Бул психологиялык абал. Андайларды коом жакшы кабыл албайт.

БАЛАНЫ КАЛП АЙТПООГО ҮЙРӨТҮҮ

Эгер ата-эне калп айтса, анда балада "калп айтса болот экен да" деген ой пайда болот. Ата-эне балдарына "калп айтпагыла" деп коюп, өздөрү калп айтса, балдар алардын сөзүн укпайт. Анткени сөзү менен иши башка болгонун көрүп турушат да. Ата-эне аргасыз калп айткан күндө да балдарына жагдайга жараша калп айтууга туура келгендигин түшүндүрүүсү зарыл. Андыктан калп айтпаңыз. Калптын жаман экендигин далилдөөчү мультфильмдерди коюп, жомок окуп бериңиз.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • XX кылымдын эң атактуу калпычыларынын бири Виктор Люстиг. Ал тарыхка Эйфель мунарасын 2 жолу сатып жибергендиги менен кирген.
  • Жаныбарлар, анын ичинде канаттуулар да калп айтууну билишет. Мисалы, борбаш (ала дуңкан) катуу үнү менен "туугандарын" коркунучтан эскертет. Бирок ошондой үндү ал башкалар качып кетип, жемди өзү ээлеп алгысы келгенде да колдонот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(34)
01.03.2017. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен оллло калпычы окшойм
01.03.2017. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ozgeldi,Калпты журогу таза наристелер жана жиндилер гана айтпайт. Калгандарынын баары айтат.
01.03.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Азыркы заманда эч кандай мимика,ашыкча кыймылы жок эле,туптуз туруп,козуно тике карап туруп эле алдап коюшуп атпайбы..
01.03.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Калп суйлобогон адам калп айтса билиниши мумкун,мимика,кыймыл аракеттеринен,жогоруда жазылгандай."Опытный"калпычы болсо оуууууу,андайларга психологдор оздору алданышат.Тиги суроттогу бала ким ошондо? ХХХ ХХХ окшойт ээ?))))
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-03-01 12:34:51
01.03.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ekaterinburg, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
01.03.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
admin_superstan,оббоооо,тамашаласа да болбойбу?
01.03.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен кечээ куну бир адамды чынын айттыруу учун,озум калп эле история ойлоп таап айтып койдум. Бугун ал адамга калп айтканымды айтып коюшум керек аны кабатырлантпай...
ZANIA-92 түзөттү 2017-03-01 13:13:28
01.03.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эмнегедир коз алдыма тергоочулор элестелип кетти сурак алып жатканы...
01.03.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ZANIA-92, Менин да бир жолу башымдан
өткөн, алардын алдында коркконуңдан да титиреп каласың, как будто жалган айтып жаткандай. Чын айтсаң да ишенишпейт
01.03.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жалган айтып көрбөгөн адамдар үчүн жазылыптыр чынында, кээде адам өзү билбеген абалда калп айтып коёт, ошол айткан сөзүнө өзү да ишенип кетет. Кантип анан уккан адамдар ишенбесин?
01.03.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы калпычылар кыйын ото эле.Жанында журуп кантип алданып калганынды озун да билбей каласын.
01.03.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Телефондон откон калпычы жок
01.03.2017. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздин азыр ар бир созубуз калп да "kilim" айткандай телефондон мына жетип калдым, же тигил жактамын ж.б.у.с. коп нерселерди айтабыз да.
01.03.2017. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чын суйлогонго,такыр калап айтпаганга уйронуп келе жатканыма 3жыл болот,Аллах Ыраазычылыгы Учун!!!Жакшы экен,конуп калат экенсин,дайым чындыкыты суйлогонго,кээде озундун пайдана болбосо дагы
02.03.2017. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Калптын баары биздин саяасатта элди жаш баладай алдап коюшат.
04.03.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhenishmyrza,эркекче
02.03.2017. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бир эки адамды алдасаң калпычы болосуң,жүздөгөн адамды алдасаң аферист болосуң,миңдеген адамдарды алдасаң депутат болосуң деген эле менин бир депутат досум
02.03.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Калп айтасын"

Тилден жалган соз чыгып
Куулук менен ооз жыгып
Ишеничтуу журоктун
Ичине муздак кар тыгып

Айтасын сен жалганды
Калтырбастан жалаанды
Четке кагып ал созун
Жашырасын каранды

Журоктун бул оорусу
Шайтандын бир чоорусу
Калп айткандан башталат
Так баскан жандын жооругу

Баскан жанды кара так
Кылат аны Куран ак
Оку намаз беш убак
Жанын болот оттон сак
ABDulHai түзөттү 2017-03-02 13:05:58
02.03.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
мен оной м н. эчкимге ишеньейм чын суйлоп жатам десе дагы чын бышыгына жетпейинче калп айтпа дей ьерем озгочо жолдошума бироо кал айтып алдыбы бир жолу бутту ал суйлоду дегиче ишенбейм ишениш учун териштире ьаштайм
03.03.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кээде калп айтам да артынан чынын айтам.Омурлук жарыма эч калп айталбайм,отоле ишенчээк)))
03.03.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен эстартканда эле калп айткам
03.03.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 жашымда
03.03.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
депутаттарыбыз ойлонбой туруп эле калпты чындай кылып айта беришетко
04.03.2017. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калпты айтпаган адам болбосо керек менимче жогоруда жазылгандай эки адамды уруштурбоо максатында жана ушу сыяктуу майда барат калптар, анан калп айтат десе эле калптын касиетин качыргандар бар да
04.03.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир жолу калп айтып каратып туруп тиги оозун ачып эле калган эстеген сайын уялам мандайыман чыгып калса
04.03.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен ата энеме бир нерсени айтып атып ушундай болом чын болгон нерсени айтып атсам да ишенбей атабы деп кумонсуной берем калтырап
05.03.2017. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да мурда анча мынча алдап койчу элем. Турмушка чыккандан кийин өзгөрдүм,скбкби жолдршум такыр калп айтпайт,ага карап өзүм да түзөлдүм.Калп айтпай жашаган алда канча жеңил жана жагымдуу экен.
05.03.2017. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен кантип калп айтканымды билбей калам:(. Ойдо жок жерден калп айтып салам да анан өзүм таңгалам кантип калп айтып ийгенимди
05.03.2017. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушундай достор дагы 5 6 жылдан кийин накта аферист болом го
05.03.2017. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туурасын айткандан намыс кылышат көпчүлүк адамдар, ошого жалган айтышат . Азыркы күндө алдоо , жалган сүйлөө жашоонун нормасы болуп калды, өкүнүчтүү.
05.03.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул нерсени айткан адам озу деле калп айткан окшойт
06.03.2017. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депутаттар шойлоодон алдын ушундай мимикаларды коп колдонушат элестетсенер,элдин козуно тик карайт,узаак суйлой,дене мучосу баары кыймылдайт.Туурабы.
07.03.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калп айтсан ал уланып кете берет.бир калп айттынбы ошону жашырыш учун экинчи калпын чыгат.атасы апасы баласы болуп уланып кете берет.анан аны дайым эсинде сактап журушун керек.эмне дедим эле деп кыжаалат болуп.андан коро туурасын айтсан ойлонбойсун.качан сураса ошондой деп кенири айтып койгонго.ыйман берсин баарыбызга...мен озум ошентип озумду озум тарбиялайт элем.бирок менин ишенчээктигимден пайдаланып,ичи койнума кирип эн жакын болгон бир адам алдап журуптур.журогумду жан дуйному оорутту..
07.03.2017. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдарга чын айтсан ишеенбей жалган айтсан ишеенип калганда меен да кантип кошуп ийненими билбей калам чын суйлоп атып эле кээде кошулуп кетет да тоа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо