СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ

№747 24-февраль-2-март, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Кассанын дубалын кармалап жатып колго араң байкалган "о" тамгасынын изин таптым, ошонун түп жагында жука зым бар, кычкач менен акырын тартсам, зым тешиктин ордун көрсөтүп дубалдын шыбагын көчүрүп түштү. Ошол жерди акырын күчкө салып түртсөм дубал ичине "дүп" деп эле кулап түштү, кармай албай калдым. Баарыбыз дымып жатып калдык, анан мен шашып тешиктен кассага кирип кеттим. Эгер бирөө жарым уккан күндө да бизди эми тездик, чечкиндүүлүк гана сактап калмак. Залдын жарыгы дапдаана эле жарык кылып турат экен кассанын ичин, парда жарымына чейин түшүрүлгөндүктөн бизди камералардан тосуп турду. Карасам Егор жалдырап мени карап жатат, ордунан кыймылдабай:
– Егор, эмне жатасың, биздин 3 мүнөт эле убактыбыз бар?!- деп ачуум келип кетти, үнүм заардуу чыкты. Ушундай үнүм бар экенин буга чейин байкабаптырмын. Егор шаша-буша жөрмөлөп кирди кассага. Ачкыч катуу пластмассадан жасалган. Ачкычты салгандын да өзүнүн жолу бар эле, Егор аны эптей алмак эмес, ачкычты сейфтин кулпусуна салып бурап бердим, эми тартса эле ачылат. Кассир отурган столдун түбүнө кирип бир нерселерди кармалаган адам болуп, "давай" десем, Егор солдойгон бою менен аябай шамдагай экен, ушунчалык тездик менен сейфтин эшигин ачып, эки кассетаны алып шеригине берип, өзү да чыгып кетти, ал кетери менен сейфтин эң түбүндөгү кассетаны алып мен да чуркадым. Эшикке чыгып Иванычтын машинасын карасам, мен ойлогондой эле болду, мени күтүшкөн жок, балдары отурары менен машинасын катуу айдаган боюнча кетип калды. Эч нерсеге карабай велосипедге чуркап барып, белиме футболканын ичинен рюкзак байлап алган элем, кассетаны салып, артыма илип алып, банктын артындагы 10 кабат үйдүн арты парк эле, паркка кирип велосипедди күчүмдүн барынча айдап банктан алыстап кеттим.
15 мүнөттө машинага жетип, велосипедди ошол жерге таштап, машина менен Москваны көздөй жөнөдүм. Химки деген шаар бар орто жолдо, ошондон өтүп, ээн талаага келгенде кассетадагы акчаларды алып, машинанын арткы отургучун чыгарып, бактын ичине тешигинен акчалардын баарын салып, отургучту кайра ордуна коюп койдум. Жолдон чоң дарыя өтөт, ошол дарыяга кассетаны ыргытып жибердим. Москвага жете бергенде Кыргызстанга кете турган балдарга чалсам, уктабай күтүп турушкан экен, үйүнөн алып Кыргызстанга жөнөдүк.
Кыргызстанга Талас аркылуу өтмөкпүз. Себеби Нурбек таластык, Алишер Базар-Коргондон экен, Өтмөк ашуусунан башка таксиге отуруп үйүнө кетем дейт.
Алардан кутуларым менен парик, жасалма мурутумду алып ыргытып, жасалма паспортту, айдоочулук күбөлүктү өрттөп салдым. Бишкекке келип машинаны да сатып жибердим.
Иванычты ойлодум, мага капа болуп жатса керек. Себеби жөнөкөй банкоматтарда эң өйдөңкүсүндө беш миңдиктер, андан кийин миңдиктер, беш жүздүктөр болуп кетет. Ал эми кассадагы сейф-банкоматта, тескерисинче, эң ылдыйында беш миңдиктер, андан жогору миңдиктер, анан беш жүздүк рублдуктар болуп кетет. Егор алып чыккан кассеталардын бирөөсүндө элүүлүктөр, экинчисинде жүз рублдуктар эле. Мен алып чыккан кассетада беш миңдиктер болчу.
Бишкекте эч кимге көрүнбөй, ишеничтүү досумдун дачасында эч жакка чыкпай жаттым. Машина сатып алып, айнектерин караңгылаттым. Менин бул жерде экенимди эч ким билбеши керек эле. Үчүнчү күнү чыдабай WhatsApp’тан айылдагы Элдияр аттуу коңшума чалдым, үнүмдөн эле тааныды. Менден 4-5 жаш улуу, бирок экөөбүз дос катары элек. Ары жактан аялынын "ким, Алмазбы?" дегени, балдарынын шоктук кылып кыйкырышып жатканы угулду. Алардын үнүн укканда үй-бүлөмдү, бир убактагы бактылуу бейпил жашоомду эстеп куса болуп кеттим.
1 жыл эле мурун Бишкекке жакын Шопоков шаарчасынын жанындагы бир айылда үй-бүлөм менен жашачумун. Азыр эч кимим жок, жадакалса үйүм да жок, минтип бирөөнүн дачасында бекинип жатам.
Элдияр байкеге Москвадамын деп койдум. Ошол кеткен боюнча сүйлөшө элек элем, өзү деле түшүндү окшойт, сурабасам деле үй-бүлөм тууралуу айтып берди.
Аялым Гүлназ менен ажырашып Москвага кеткенден кийин ал Максат менен ачык эле жүрүп алыптыр. Максат коңшуларды көзгө илбей, кээде үйүмө келип түнөп да кетчү экен. Кыздарымды таенесиникине жөнөтүп жибериптир. Угуп алып жанымды коёрго жер таппай калдым. Ушунчалык катуу тийди, эмне кылышты билбей айлам куруду. Кийин Максат Гүлназды алдап "Түркиядан алтын алып келип сатабыз" деп үйдү күрөөгө коюп, банктан аябай көп суммадагы акчаны насыяга алыптыр. Анан экөө Түркияга барганбы жакшы түшүнбөдүм, кыскасы, акчаны жок кылып салышканын айтты. Гүлназ азыр насыяны төлөй албай белгисиз жакка качып кетиптир. Кийин билсем, Орусиянын бир шаарына кетиптир, бирок кайсы шаарында экенин эч ким билбейт. А Максат жүрөт дейт жыргап, дагы башка келин-кыздардын башын айлантып. Кара жер кантип ушундай адамдарды чыдап көтөрүп жүрөт түшүнбөйм.
Максаттан өч алышым керек. Ушул адам эле менин тагдырымды талкалаган. Ачык чыксам, бийлик булардын колунда, мени оңой эле каматып же дагы бир нерсе кылышмак. Менин бассам-турсам ойлогонум, ушул Кудай ургурдун турмушун талкалап, мен көргөн азапты буга да көрсөтүү болуп калган. Гүлназды да кыйнагым келген бир убакта, бирок азыркы абалын уккандан кийин кайра аяп калдым окшойт. Каякта жүрөт болду экен, бирөөлөрдөн үмүт кылып, бирөөнүн көзүн карап жүрсө керек. Элестетсем жаным чыгып кетет, жаманбы-жакшыбы 5 жылдан ашуун бирге жашадык, 2 кыздуу болдук...

(Уландысы кийинки санда)

Кайрат Какеев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Башка сандарда:
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 737-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 738-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 739-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 740-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 741-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 742-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 743-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 744-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 745-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 746-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 748-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 749-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 750-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 751-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 752-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 753-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 754-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 755-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 756-сан
Комментарийлер(24)
01.03.2017. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
01.03.2017. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биринчииии
01.03.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми Макстын кезеги экенда э.
01.03.2017. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо кызыктуу болуп жатат
01.03.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба абдан кызыктуу экен...
01.03.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Толкунданып мен кошо уурдагандай болуп кыйналып журот элем жакшы Кыргызстанга келди
01.03.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ууух на конец то уурдашты
01.03.2017. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апей ошондо достору качып кеттиьи буну таштап не болду тушундургулочу мага. Машинаны неге айдап кетти а бу байкуш болсо шайтан арабаны минип качты
02.03.2017. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erkekizmin,планда ошондой баштагы серияларын оку
01.03.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акырында Максаттан оч алып Гулназ менен жашап калат экенда. Кылган кылмыштарын эч ким билбей калат экен.
01.03.2017. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мына сага кызыгы еми башталат окшойтко
01.03.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул тема
01.03.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Фантазия кучтуу экен)
01.03.2017. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Москва ошончо акчасын издебедиби экен кызыыык
02.03.2017. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канча рубль экен саны
03.03.2017. 06:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Игор 50 менен 100рублдук касеталар менен калган жери жакты
Сагызган сактыгынан эмес суктугунан олот болуптур да. 2 касета алам деп
03.03.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кимдин тубуно жеткентат ошондо
04.03.2017. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Банкамата 50 рубл жокко ошол жери окшобой калыптыр да
05.03.2017. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уландысы качан чыгат
05.03.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин убактым жоктааа,болгондо мен да бирөөнүн түбүнө жетмекмин...не болсо да ийгилик жазабер алдын көздөй.
05.03.2017. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтсам,башындагы серияларын унутуп калдым
07.03.2017. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Максатты кантип жер которуп журот дейт. Озу уурдаганы менен иши жок.
07.03.2017. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Максат
08.03.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой Базар-Коргондук кайсы Нурбек))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо