Бегимай Бекбоева: "БОЛОЧОК КАЙНЕНЕМ МЕНИ ЖАКТЫРЫП, СҮЙҮНҮП ЖАТАТ"

№747 24-февраль-2-март, 2017-ж.

– Бегимай, кандайсың? Жашооңдо чоң бурулуш болгону турат окшойт, көшөгө ичинде ак жоолук салынып отурчу мезгил жакындап калгансыйт...
– Ооба, буюрса, ушул жылы турмушка чыкканы жатам. Жигитим Эрлан да чыгармачыл чөйрөдөн. Ырчы катары эмгектенип жүргөнүнө 9 жыл болуптур. Жулунбаган, жоош, көп нерсеге батына албаган адам болгондуктан, эл оозуна алынып кете алган жок окшойт. Бирок айрым ырчыларга караганда таланттуу, жакшы ырдайт. 27-февраль менин туулган күнүм, ошондо кыргыздын салты менен үйгө келип сөйкө салганы жатат.
Эрлан менен Жакут Сыдыков болуп гастролдоп жүрүп таанышып калгам. Эрланды апасы кичинекей кезинде эле Жакут байкеге алып барып "баламды ырдат, жаныңда алып жүр" деп кошуп берген экен. Анын адамгерчилигин баалап, сыйлап жүрүп жактырып калдым.

– Жактырып калсаң, сүйүү темасын сен биринчи козгогон экенсиң да...
– Эрлан өзү аябай тартынчаак. Курбум Наргиза Айтемирова экөөбүз анын жанында шуулдакпыз. "Кел, тамашага салабыз" деп эле шакаба кыла берчүбүз. Наргиза "экөөбүз сүйлөшүп албайлыбы же аяшым болосуңбу?" дей берчү. Эрлан ансайын уялчу. Мен дагы тамашаны өөрчүтүп "же мени менен сүйлөшөсүңбү?" деп каткырып калчумун. Бир жолу гастролдо жүргөндө телефонума Эрландан СМС келди. Окусам "Балким, сен тамашалап жаткандырсың, бирок мен сени жактырып калдым. Мен сүйлөшчү кызды эмес, болочок жубайымды издеп жүргөм..." деп жазыптыр. Ошондон кийин шакабабыз олуттуу сүйүүгө айланды. Эрлан сыртынан билгизбегени менен Жакут байкенин келинчегинен "Бегимай кандай кыз? Оокатка тыңбы? Мурун кандай кыз эле?" деп сурап жүрүптүр. Кыз-жигит болгонубузга 1 жыл болду.

– Каяктын келини болгону жатасың?
– Эрлан Ысык-Көлдөн, бирок ата-энеси менен Бишкектин четиндеги Ак-Өргөө жаңы конушунда жашайт. Үй-бүлөсүнүн баары менен таанышкам. Эрлан үй-бүлөдө кичүү бала. Болочок кайненем мени көргөндө эле жактырды. "Үй Эрланга калат, жакшы келинчек алса, үй оокатты тыкырайтып кармап калса деп тилечү элем, буюрса, оюм ишке ашканы калды. Уулум мен каалагандай кызга туш болду" деп сүйүнүп жатат. Бат-баттан "тамак ичип кет" деп чакырып турушат. Азыр гастролго чогуу чыгып жатпайбызбы, болочок кайненем өзү кассир болот. Менин ата-энеме да Эрлан жакты. Үйлөнүү тоюбузду дүңгүрөтө берсек деп кыялданчу элем, ал оюм ишке ашпай калды окшойт. Менин ата-энем да, кайын журтум да, Эрлан да намаз окуп дин жолунда жүргөндүктөн, "ысырапкорчулукка жол бербейбиз" деп тар чөйрөдө чакан той кылмак болдук.

– Жакшы, ырчылар арасында дайыма гастроль үстүндө жүргөн сен болушуң керек...
– Сиз айткандай, учурда
гастролдон чарчабаган, тажабаган мен болушум керек. Анткени мен кичинемден эле төрт дөңгөлөк үстүндө чоңойдум. "Мен дагы кийин ушинтип гастролго чыксам экен" деп тиленчүмүн. Мага айылдарды кыдыруудагы сапарыбыздын ар бир түйшүгү жагымдуу. Айылдагы биздин күйөрмандарыбыз – мектеп окуучулары. Концерт баасы 100 сомдон. Эл келбей калып, концертибиз үзгүлтүккө учураган деле окуя боло элек.

– Чыгармачылыкта жүргөнүңө 15 жыл болуптур, материалдык абалыңды жакшырта алдыңбы?
– Биз үй-бүлөбүз менен байлыкка, акчага умтулган адамдар эмеспиз. Бизнес ачсамбы деп акча чогултуп жүргөм, сиңдим турмушка чыкканда чогулган акчамдын баарын ошого короттум. Ресторанда кыз узатуу тоюн бердик, сеп бердик дегендей. Жалгыз сиңдим болсо, эч нерсе аягым келген жок. Өзүмө машина алган элем. Аны да атама белек кылдым. Жакындарымдан негизи эле эч нерсе аябайм.

– Гастролго өзүң теңдүүлөр менен чыгып жатсаң, атаң чыгармачылыктан алыстадыбы?
– Атам гастролдон чарчады. "Мен сага баарын үйрөттүм, эми өзүң кыл" деди. Тамада борборун ачып алган, азыр ошону менен алек. Токмокто, Бишкекте өткөн тойлордо тамадалык кылат. Борборго көчүп келишкен. Апамдын болсо бизнестери бар, аны көзөмөлдөө менен үй кожойкелик милдетти аткарат.

– Ата-энең Бишкекке көчүп келишсе, сиңдиң турмушта, сен Токмокто жалгыз турасыңбы?
– Жок, мен Кантта чоң энем менен жашайм. Мени ал киши кичинемден эле багып алган. Чоң энем 87 жашта, азыр деле күүлүү-күчтүү. Мени эртең менен ойготуп, тамак-ашымды даярдап берип турат. Өзү нан, максым жасайт, тамак-ашты түрлөп бышырат. Дайыма кыймылдап турганды жакшы көрөт. Ошон үчүн дагы алдуу-күчтүү болсо керек. "Күйөөгө тийсең мендей үй кызматчыны кайдан табасың?" деп күлө берет. Бир жактан келгенде сөзсүз акча алып барып беришим керек. Анткени картаң кишинин чөнтөгүндө акча болсо, көңүлү ток жүрөт экен. Эгер акчасы түгөнүп баратса кайгырып, ооруп калат. Энемди ооруп калбасын деп жасалма 500-1000 сомдуктарды толтура кылып чыгарып алып, "чогулта бериңиз, мен жакында үй алам" деп алып барып бергем. Жаш балача кудуңдап сүйүнүп калды. Бир күнү үйгө атам келип "сарай салып жаттым эле, 30 000 сом керек шифер алганга" десе, чоң энем "мен берип турайын, кайра качан бересиң?" деп баягы жасалма акчаны алып чыгыптыр. Атам мага телефон чалып алып "кемпирди эмне алдайсың?" деп урушту.

– Атаң айтмакчы, чоң энеңди эрмектей берет экенсиң да...
– Анан лотерея ойногонду жакшы көрөт. "Мага билет сатып келип берчи" эле дей берет, же утсачы. Утпай калса кайгырып, чай да ичпей отуруп калат. Лотереясын мага толтуртат да, анан бир жолу "телевизор утуп алдыңыз" деп алдадым. Атайын телевизор сатып келип, бир дүкөнгө койдуруп, "эртең энем экөөбүз келгенде куттуктап берип койгула" дедим. Туугандардын баарына телефон чалып сүйүнгөн эле. Чоң энемди көзү барда сүйүнткүм келет деген ойдо калп болсо деле бир нерселерди ойлоп таба берем. Кыскасы, энем экөөбүздүн жашообуз кызыктуу.

– Рахмат маегиңе, бактылуу бол.

"Эрландын талантынын жөн эле калып калышын каалабайм. Ошондуктан алдыда көптөгөн жакшы дуэттерди жаздыралы деген тилектерим бар".


"Чоң энемди көзү барда сүйүнткүм келип, бир нерселерди ойлоп таба берем".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Бегимай Бекбоева: "Жигитимди тамашага салып жүрүп сүйүп калдым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(57)
01.03.2017. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмнеге адамдар бир бирибизди колдобосок ким колдойт. Качан болсо жамандаша бересинер ар ким кылган ишине жооп берет бактылуу бол.
01.03.2017. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бакыт каалайм.Биздин мектепке 1-2жолу концерт коюп келген абдан жөнөкөй кыз.Бактылуу болушсун!
01.03.2017. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
жигити мага окшоп ото эле жоош окшойт.Даже интервьюга да алып келбептир
01.03.2017. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кызык эле кызда ушу
02.03.2017. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушундай карыган апаларды коруп таянемди чон апамды эстеп сагынып кетем. Алар тируу болбосо да башканын чон апалары менен суйлошуп эркелегим келип кетет озумдун чон апамды таянемди эстеп. Бар болунуз апа коп жашаныз
02.03.2017. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Чоң энесин алдаганына аябай күлдүм)))) мен да раматылык чоң энеме акча деп кагаз берип коёт элем)) өзүм мектеп окуучусу болсом менде кайдагы акча. Каарыганда жанында акча дайыма турганды жакшы көрүшөт каарыган адамдар. Мен чоң энемдин аппак чачын карага боёп, бетин сулуулап жасап, эми эне сизди бир чалга с атабыз деп тамашалай берет элем.
02.03.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Карысы бардын ырысы бар. Чон энесин тамашалаганы аябай жакты. Бактылуу бол.
02.03.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бир интервьюсунда "сени багып алышкан деп айткан чон энем" деп журот эле. Багып албай эле апасынын копиясы экен го.
02.03.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
shamshiev.80, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
02.03.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бегимай жонокой,шайыр кыз. Бактылуу бол! Аялзатына таандык баардык бактылуулукту каалайм. И чыгармачылык ийгилик ! Гулбубу Жанышбекова
02.03.2017. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бактылуу болгула. Козунон эле билинип турат кандай бактылуу болуп турганы. Терс пикирди жазып жаткандар просто алар сендей бактылуу эмес, сени коро албай жаткандар.
03.03.2017. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Көп эле маанисиз сүйлөйт экен. Акчаны көп айтып койдуго . Ананда көп гүлгөнү жакпады.
03.03.2017. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен 90 го кирген тайнемди бир да жолу алдаган эмесмин рахмалы жайы жаннаттан болсун оомин.
03.03.2017. 06:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Бул кайтар дуйно эртен эле неберен жасалма акча берип элге шылдын болосун дагы мактанып айтыптыр акчан жок болсо жок эле деп айтда жасалма берип шылдындап паска теппей. Энелерди алдабай жур эненин таманында бейиш. Козу барда кадырына жет.
Каттуу тийсе кечирим сурайм.
05.03.2017. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
gitaris93,антип тамашага салыштын жаманы жок биз деле кагаздан кыркып акча жазап чайдан утуп алдыныз деп чонтогуно толтуруп салып берип коёт элек ал убакта бета чайлар болчу башыбызга капрон колготки кийип австралиядан келдик негрбиз деп орусча сүйлөтүп тамашага салаар элек эх ошол күндөр күндө үйдүн ичи күлкү шан эле концерт коюп ырдап берип биз берген акчага билет сатып алып киришеер эле азыр ал адамдар бейиштин торундо деп ишенем ошолор бар жашоо кызыктуу болчу
03.03.2017. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Иттей сонун кыз тура!Оло жакты го.Бактыны берсин!Тарсылдаган кыз экен.Так держать
03.03.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бакма кыз дегенге ишенбейм ушул кызды мамасына оло окшош ко.
03.03.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы эле интервью бериптир. Бирок чон энесин кобуроок алдаганы жана сандарын жана тош жактарын ачып суротко тушуп жаткан жери жакпады.
03.03.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алдын ала айткан негизи жакшы эмес, кайын энеси жонундо келечек корсотот деп койсо кыска нуска болмок.
04.03.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аябай ачык кыз экен Бегимай иштерине ийгилик, бактылуу болгула.Эрлан эко сонун пара.
04.03.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
кайненеси жакшы көрүп, күтүп жаткан болсо бактылуу болот Иншаллах.
05.03.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мен кичинекей чакта биздин айылга концер койуп келген ошондо өзүнүн сүрөтү түшүрүлгөн календарды белек кылып бетимен өпконү есиммен кетпейт
06.03.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула,анча мынча терс айтылган создорго конул бурба,чыгармачылыгынарга ийгилик
06.03.2017. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ит уроо берет кербен журо берет, эн башкысы бактылуу болгула
06.03.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн негизгиси намазын бар экен.Аллахым эки дуйно бактылуулукту берсин сага
06.03.2017. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгул...!
07.03.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бегимай, Эрлан бактылуу болгула иштеринерге ийгилик, эл озунда ээлек жок деп айтылат ар кандай сын создорго конул бурбай эле койгула.
Негизгиси болгон аракетинер менен жакын тугандарынарды сыйлагыла,озун айткандай жаны дуеттерди кутобуз, жаны чыгарманар ХИТ болуп суйушкондор ырдап журсун.Аллахым йыман, ынтымак, ден соолук, ийгилик берсин.
07.03.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chon enesin karytpai oturgan ushul kyz okshoit maga jakty. Dagy da chon eneniz menen kyzyktuu kundordu otkorup juro bergile. Iygilik
07.03.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын тилегине жет ылайым
07.03.2017. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Концертибиз узгултуко учураган учур боло элек дептир калп эле,Лейлекке Наргиза Айтемирова экоо келгенде эл келбей концерт и болбой кылдыго
08.03.2017. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турмушка чыкпасанызда болбойт да Эми канча жаш откон сайын жашоодо Адам ожорлонуп кетеберет.жакшы кыласыз турмушка чыгып Кыргыздын санын кобойтуш керек.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо